Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кытай

Пекинде 2013-жылы 9 айдын ичинде ажырашкандардын саны 2012-жылкыга караганда кескин түрдө жогорулап, 41 пайызды түзгөн. Адистер буга үй сатуудан түшкөн акчанын 20 пайызы салыкка төлөнүшү керек деген мыйзамдын чыкканы себеп болууда деп эсептешет. Анткени ажырашкандар экинчи үйүн сатышса, айрым жагдайларда азыраак салык төлөшөт.

Дүйнө жүзү

Көптөр чала тоюп, организмге керектүү нерселерди жей албай жаткандыктан, БУУ курт-кумурскаларды тамак-ашка колдонууга үндөөдө. Акыркы бир билдирүүдө курт-кумурскалар пайдалуу азык заттарга, ошондой эле адам өзү жесе сиңире албай турган заттарга бай болгондуктан алардын жегенге жарактуу түрлөрүн «эт ордуна жесе болору», бирок «жийиркенгендиктен аларды баары эле жей албай турганы» жазылган.

Канада

Тукумсуздарга жардам берген клиникадагылар «ээлери» дайнын таптырбай кеткен тоңдурулган түйүлдүктөрдү эмне кылышты билбей башы маң болууда. Укуктук жана моралдык жагын эске алганда, аларга чечим чыгаруу кыйынга турууда. Ошондой клиникалардын бирөөсүндө эле лабораториялык жол менен уруктандырылган ошондой 1000 түйүлдүк бар экени маалым.

Ирландия

2013-жылы Ирландияда гуманисттик топко нике каттоого уруксат берилгенге чейин, өлкөнүн жарандары никесин диний кызматчыларга же мамлекеттик кызматчыларга гана каттата алышчу. «Рейтер» маалымат агенттиги билдиргендей, «мамлекеттик нике каттоо расмиси менен гана чектелгиси келбегендердин, бирок ошол эле учурда диний каадалардын кылынышын каалабагандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу» гуманисттердин жаңы кызматына болгон суроо-талап өсүүдө.