Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Ким кимге кожоюн?

Ким кимге кожоюн?

«ДҮЙНӨНҮН баарын кыймылга келтирген — акча» деген сөздүн чындыгы бар. Алсак, тамак-аш, кийим-кече, үй-жай сатып алыш үчүн же жашаган жерибиздин ижара акысын төлөш үчүн акча керек. Бир журналдын каржы бөлүмүнүн редактору: «Адамзат коомунда акчанын ролу аябагандай чоң... Эгер акчаны алмашуу каражаты катары колдонбой койсок, дүйнөдө баш аламандык башталып, бир айга жетпей согуш чыгып кетмек»,— деп жазган.

Албетте, акча чече албаган нерселер да бар. Арне Гарборг деген акын мындай деп жазган: «Акчага тамак сатып аласың, бирок табитти сатып ала албайсың; дары сатып аласың, бирок ден соолукту сатып ала албайсың; жакшы керебет сатып аласың, бирок уйкуну сатып ала албайсың; билим сатып аласың, бирок акылды сатып ала албайсың; сулуулана аласың, бирок сулуулукту сатып ала албайсың; көрк сатып аласың, бирок адамгерчиликти сатып ала албайсың; оюн-күлкүнү сатып аласың, бирок кубанычты сатып ала албайсың; таанышты сатып аласың, бирок досту сатып ала албайсың; малай сатып аласың, бирок берилгендикти сатып ала албайсың».

Акчага тең салмактуу караган киши аны жашоодогу эң маанилүү нерсе катары эмес, максатына жеткенге жардам берген каражат катары гана көрөт. Ошондуктан болгонуна каниет кылат. Ыйык Китепте акчага байланыштуу: «Акчага болгон сүйүү — бүт жамандыктын тамыры. Кээ бирөөлөр акчаны сүйүп,.. көптөгөн азаптарга дуушар болуп, өздөрүн өздөрү жаралашкан»,— деп жазылган (1 Тиметей 6:10).

Байкасаңар, акчанын өзү эмес, акчаны сүйүү залакалуу. Акчага болгон сүйүүдөн улам достордун жана туугандардын арасы ачылып калышы мүмкүн. Айрым мисалдарга токтололу.

Дэниел *. «Мен Томас деген досумду жумшак, чынчыл киши деп эсептечүмүн. Ал машинемди сатып алганга чейин экөөбүз бир да жолу жаман-жакшы айтышкан эмеспиз. Машинемди сатып жатканда акыбалы жакшыдай эле көрүнгөн. Ал да баарын көрүп туруп эле алган. Бирок үч айдан кийин машине бузулуп калганда, Томас өзүн алданып калгандай сезип, аябай ачууланып, акчасын кайрып беришимди талап кылды. Мен андайды такыр күткөн эмесмин. Сүйлөшөйүн десем, такыр кепке-сөзгө келбей койду. Акча маселесине келгенде Томас таанылбай калды».

Эсин. «Жалгыз бир тууганым Несрим экөөбүз дайыма жакшы болчубуз. Ошондуктан акчанын айынан араздашып кетебиз деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок так ошондой болду. Ата-энебиз экөөбүзгө чакан мурас калтырып, теңме-тең бөлүп алышыбызды керээз кылып кеткен. Бирок сиңдим мурастын көбүрөөк бөлүгүн талап кыла баштады. Мен болсо ата-энем кандай чечсе, ошондой кылгым келди. Ошондо сиңдим чалкасынан кетип, мени коркута баштады. Ал мага ушул күнгө чейин таарынып жүрөт».

АКЧА ЖАНА БЕЙКАЛЫСТЫК

Акчага карата туура эмес көз карашта болгон киши башкаларды айыптаганга жакын болуп калышы ыктымал. Мисалы, колунда бар киши колунда жокторду жалкоо деп ойлошу этимал. Ал эми колунда жок киши байларды дүнүйөкор, ач көз деп эсептеши мүмкүн. Бардар үй-бүлөдө чоңойгон Леан ушундай бейкалыстыкка дуушар болгон. Ал мындай дейт:

Ыйык Китептеги акчага байланышкан кеңештер мурун кандай пайдалуу болсо, азыр да ошондой эле пайдалуу

«Мен байдын кызы катары таанымал болчумун. Ошондуктан „сеники эле жыргал, бир нерсе кааласаң, атаңа айтып койсоң эле болду“ же „андай кымбат машине алгандай биз силерчелик бай эмеспиз да“ деген сыяктуу сөздөрдү көп укчумун. Андай сөздөр мага катуу тийгендиктен досторумдан ошол сыяктуу сөздөрдү айтпашын суранчумун. Себеби башкалардын мени биринчи кезекте акчалуу кыз деп эмес, адамгерчиликтүү кыз деп билишин каалачумун».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте акчанын жаман экени жана акчалуу болуунун, ал тургай бай болуунун да туура эмес экени айтылбайт. Кеп кишинин акчасында эмес, кеп акчаны эмнеге жумшаганында жана акчага болгон көз карашында. Ыйык Китеп бизди акчага карата тең салмактуу көз карашта болууга үндөйт. Андагы кеңештер мурун кандай пайдалуу болсо, азыр деле ошондой эле пайдалуу. Келгиле, анда алардын айрымдарына токтололу.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Байлык топтойм деп, түйшүк тартпа» (Накыл сөздөр 23:4).

Өзүмчүлдүк туурасындагы бир китепте акчанын артынан сая түшкөндөр «психикалык оорулардан көбүрөөк жапа чегери, ошондой эле тамак, бел, баш оору сыяктуу ооруларга көбүрөөк чалдыгары жана ичкилик ичүүгө, баңгизат колдонууга жакын келери» жазылган. Ошондой эле ал китепте: «Көп акча табууга умтулуу, кыязы, адамды бактысыз кылат»,— деп жазылган («The Narcissism Epidemic»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула» (Еврейлер 13:5).

Болгон нерсесине топук кылган киши деле акчаны ойлоп тынчсызданбай койбойт. Бирок жашоодо акчадан да маанилүү нерселер бар экенин билгендиктен аны ойлоп сары санаага батпайт. Мисалы, кайсы бир акчасынан кол жууп калса, кейип-кепчий бербей: «Мен жокчулук эмне экенин да, молчулук эмне экенин да билем. Бардык жагынан жана бардык жагдайларда ток жүрүүнүн да, ачка жүрүүнүн да, молчулукта жашоонун да, жакырчылыкта жашоонун да сырын билдим»,— деген сөздөрдү айткан элчи Пабылдыкындай көз карашта болгонго аракет кылат (Филипиликтер 4:12).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ МЫНДАЙ ДЕЛЕТ: «Байлыгына таянган кулайт» (Накыл сөздөр 11:28).

Изилдөөлөр ажырашуу менен бүткөн чыр-чатактар көбүнчө акчанын айынан чыгарын көрсөткөн. Ошондой эле акчанын айынан өз жанын кыйгандар да көп болот. Демек, айрымдар үчүн акча жубайына берген антынан маанилүүрөөк болсо, башкалар үчүн ал тургай өз өмүрүнөн артыгыраак болуп калган! Андай кишилерден айырмаланып, акчага тең салмактуу карагандар байлыгына чиренишпейт. Алар Иса пайгамбардын: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген сөздөрүнө толук кошулушат (Лука 12:15).

СИЛЕРДИН КӨЗ КАРАШЫҢАР КАНДАЙ?

Өзүбүздү текшерип көргөндөн кийин акчага болгон көз карашыбызды өзгөртүшүбүз керектигин түшүнүшүбүз мүмкүн. Мисалы, төмөнкү суроолорго эмне деп жооп берет элеңер?

  • Алдап болсо да оңой акча тапкым келбейби?

  • Жанымдан акча чыгаруу мен үчүн кыйынга турбайбы?

  • Акчаны же алган нерселерин оозунан түшүрбөгөндөр менен достошууга жакын эмесминби?

  • Акча табыш үчүн калп айтууга же дагы башка туура эмес иштерге барбаймынбы?

  • Акчам болгондуктан эле өзүмдү башкалардан жогору көрбөймүнбү?

  • Дайыма акча жөнүндө ойлоно бербейминби?

  • Акчага болгон көз карашымдын айынан ден соолугум жана үй-бүлөм жабыркап жаткан жокпу?

    Башкаларга берүү менен берешендик сапатын өрчүткүлө

Эгер ушул суроолордун кайсынысына болбосун «ооба» деп жооп берсеңер, дүнүйөкорлукка азгырылуудан этият болгула. Акчага жана дүнүйө-мүлккө чоң маани бергендерден оолак болгула. Материалдык нерселерге караганда адеп-ахлак нормаларын көбүрөөк баалагандар менен дос болгула.

Акчага болгон сүйүүнүн жүрөгүңөрдө тамыр алып кетишине эч качан жол бербегиле. Силер акчанын эмес, акча силердин кулуңар болсун. Акчаны эч качан досторуңардан, үй-бүлөңөрдөн, эмоциялык саламаттыгыңардан жана ден соолугуңардан маанилүү көрбөгүлө. Ошондо акчага тең салмактуу караган болосуңар.

^ 7-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.