Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КАНТКЕНДЕ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТЫНЧТЫК БОЛОТ?

Уруш башталганда эмне кылуу керек?

Уруш башталганда эмне кылуу керек?

БАЛКИМ, үйүңөрдөн уруш-талаш кетпей, атүгүл күндөн-күнгө күчөп бараткандыр. Кээде анын эмнеден чыгып кеткенин да билбей калаттырсыңар. Бирок бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр, атайлап таарынткыңар деле келбейт.

Кайсы бир нерсеге карата ар башка ойдо болгонуңар сөзсүз эле үй-бүлөңөрдүн ыркы кетип баратканын билдирбейт. Үйдөгү тынчтык жана ынтымак пикир келишпестиктен эмес, андайда эмне кыларыңардан көз каранды. Эмесе, чыр-чатак чыкпашы үчүн эмне кылыш керектигин карап чыгалы.

1. СӨЗ КАЙРЫБАГЫЛА.

Уруш чыгыш үчүн, бери дегенде, эки киши болуш керек. Андыктан бири сөз кайрыгандын ордуна, унчукпай калса, уруш басаңдашы мүмкүн. Ошол себептен, ачууланганга негиз болсо да, өзүңөрдү кармай билгиле. Уруш-талашта жеңүүчү болуп чыкканга караганда үй-бүлөңөрдүн ынтымагы алда канча маанилүү экенин унутпагыла.

«Отун жок жерде от өчөт, жалаачы жок жерде уруш басылат» (Накыл сөздөр 26:20).

2. ҮЙҮҢӨРДӨГҮЛӨРДҮН СЕЗИМИН ЭСКЕ АЛГЫЛА.

Ачуу басылып, ортодо кайрадан тынчтык болушу үчүн, сүйлөп жаткан кишинин ордуна өзүңөрдү коюп, аны чын ыкластан, сөзүн бөлбөй, калыстык менен угуу керек. Ал жөнүндө жаман ойлобой, сезимин түшүнгөнгө аракет кылгыла. Кишинин кемчилигин жаман ниет катары кабыл албагыла. Мисалы, ал жүрөктү жаралаган сөздөрдү атайлап эмес, ойлонбой же бир нерсеге жаны ачып тургандыктан айтып алышы мүмкүн.

«Назиктик менен көрсөтүлүүчү боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жумшактыкты жана чыдамкайлыкты кийгиле» (Колосалыктар 3:12).

3. АЧУУҢАР ТАРАГАНЧА КҮТӨ ТУРГУЛА.

Сезимиңерди башкара албай баратканда сыртка чыгып келериңерди бир ооз айтып коюп, ачууңар тарагыча бир аз басып келгениңер акылдуулукка жатат. Балким, тынчтаныш үчүн башка бөлмөгө кетип же ары-бери басып келеттирсиңер. Бирок бул жубайыңарды жаныңарга жуутпай, андан оолактап же аны менен сүйлөшпөй коюу керектигин билдирбейт. Ачууңар келип турган убакыт — Кудайдан чыдамдуулук, акыл сурап тилене турган убакыт.

«Уруш күчөп кете электе, кетип кал» (Накыл сөздөр 17:14).

4. ЭМНЕНИ ЖАНА КАНТИП АЙТУУНУ ЖАКШЫЛАП ОЙЛОНГУЛА.

Чучукка жете турган сөздөрдү таап жооп кайтарууга аракет кылуу жагдайды жакшы жакка өзгөртпөйт. Андан көрө, жакыныңардын жараланган сезимин айыктыра турган сөздөрдү тапканга аракет кылгыла. Ага тигиндей же мындай сезимде болушу керектигин айткандын ордуна, эмне үчүн ошондой сезимде болуп жатканын түшүндүрүп беришин сурангыла. Андан соң оюн ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргиле.

«Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт, ал эми акылдуулардын тили айыктырат» (Накыл сөздөр 12:18).

5. ҮНҮҢӨРДҮН КАТУУЛУГУНА, ТОНУНА КӨҢҮЛ БУРГУЛА.

Кимдир бирөөнүн чыдамы жоктугу ачууну келтириши мүмкүн. Бирок канчалык кыжырданып жатсаңар да, какшыктаган, басынткан сөздөрдү айтуудан жана тонуңарды көтөрүп, катуу сүйлөгөндөн качкыла. «Сен мени такыр ойлобойсуң» же «сен мени эч качан укпайсың» деген сыяктуу сөздөрдү айтпаганга аракет кылгыла. Андан көрө, жубайыңарга анын жүрүм-туруму силерге кандай таасир этип жатканын жай отуруп түшүндүргүлө («сен тигинткенде же минткенде мен өзүмдү жаман сезем» деген сыяктуу). Түртүп ийүүнү, чаап жиберүүнү же зомбулуктун ушу сыяктуу дагы башка түрлөрүн эч качан актоого болбойт. Келекелеп ат коюу, какшыктоо, коркутуп-үркүтүү жөнүндө да ушуну айтууга болот.

«Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла» (Эфестиктер 4:31).

6. КЕЧИРИМ СУРАГЫЛА ЖАНА ЖАГДАЙДЫ ОҢДОШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛАРЫҢАРДЫ АЙТКЫЛА.

Терс сезимдериңердин негизги максатыңарга жетүүгө — тынчтыкты сактап калууга — жолтоо болушуна жол бербегиле. Бири-бириңер менен урушканыңар — жеңилгениңер, ал эми тынчтыкка умтулганыңар — жеңгениңер. Андыктан тынчтыкты сактоого өз салымыңарды кошкула. Атүгүл туура эмес эч нерсе кылган жокмун деп эсептесеңер да, кыжырданганыңар үчүн, кайтарган жообуңар үчүн жана жубайыңарды өзүңөр билбей капа кылып алганыңар үчүн кечирим сурасаңар болот. Силердин сезимиңерге жана талашта жеңүүчү болуп чыкканыңарга караганда үй-бүлөңөрдүн ынтымагы маанилүү. Ошондой эле силерден кечирим сураганда да, кечирүүгө даяр болгула.

«Баргын да, момундук менен жакыныңа жалынып-жалбар» (Накыл сөздөр 6:3).

Уруш башталганда тынчтыкты сакташ үчүн эмне кылсаңар болот? Бул жөнүндө эмки макаладан окуй аласыңар.