Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | КАНТКЕНДЕ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ТЫНЧТЫК БОЛОТ?

Канткенде үй-бүлөдө тынчтык болот?

Канткенде үй-бүлөдө тынчтык болот?

ЫЙЫК КИТЕП үй-бүлөдөгү тынчтыкты сактаганга жардам бере алабы? Ыйык Китептеги төмөнкү аяттарды жана аларды жашоосунда колдонуп, пайдасын сезгендердин сөздөрүн салыштырып көргүлө. Ошондой эле уруштан качууга, тынчтыкты сактоого жана ынтымакты чыңдоого силерге кайсы кеңеш жардам бере аларын ойлонуп көргүлө.

ТЫНЧТЫКТЫ САКТАГАНГА ЖАРДАМ БЕРГЕН ПРИНЦИПТЕР

БИРИ-БИРИҢЕР ЖӨНҮНДӨ ТУУРА ОЙДО БОЛГУЛА.

«Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө. Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:3, 4).

«Өмүрлөшүңдү өзүңдөн да, башкалардан да жогору көрүү туура экенин түшүндүк» (Үй-бүлө курганына 19 жыл болгон Ч. П.).

КУНТ КОЮП УГУП, ОЮҢАРДЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ ДАЯР БОЛГУЛА.

«Аларга мындан ары да эскерт: ...урушчаак болушпасын. Баарына жумшактык менен мамиле кылып, эстүү болушсун» (Тит 3:1, 2).

«Жагдай курчуп кетпеши үчүн бири-бирибизге орой жооп бербегенибиз, ошондой эле бири-бирибизди угуп жатканда алдын ала жаман ойдо болбогонубуз жана макул көрбөсөк да, жубайыбыздын көз карашын сыйлаганыбыз маанилүү экен» (Үй-бүлө курганына 20 жыл болгон П. П.).

ЧЫДАМДУУ, ЖУМШАК БОЛГУЛА.

«Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат» (Накыл сөздөр 25:15).

«Пикир келишпестиктер болбой койбойт, бирок алардын эмне менен бүтөрү маанайыбыздан көз каранды. Биз чыдамдуу болушубуз керектигин түшүндүк, ошондо көйгөйлөр оңой чечилет экен» (Үй-бүлө курганына 27 жыл болгон Г. А.).

ЭЧ КАЧАН СӨЗ МЕНЕН КОРДОБОГУЛА, КОЛ КӨТӨРБӨГҮЛӨ.

«Каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын» (Колосалыктар 3:8).

«Жолдошумдун өзүн кармай билгенине аябай суктанам. Ал дайыма салабаттуу, мага эч качан кыйкырган эмес, сөз менен кордогон да эмес» (Үй-бүлө курганына 20 жыл болгон Б. Д.).

КЕЧИРИМДҮҮ БОЛГУЛА, КЕЛИШПЕСТИКТЕРДИ ДАРОО ЧЕЧКИЛЕ.

«Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (Колосалыктар 3:13).

«Стресс болгондо сабырдуу болуу кыйын, ошондуктан жубайыңардын көңүлүн оорута турган сөз айтып алышыңар же бир нерсе кылып алышыңар мүмкүн. Ошондой учурда кечиримдүү болуу аябай маанилүү. Кечиримдүүлүгү жок үй-бүлө бактылуу боло албайт» (Үй-бүлө курганына 34 жыл болгон А. Б.).

ЖУБАЙЫҢАРДЫН ЖЫРГАЛЧЫЛЫГЫН ОЙЛОГУЛА.

«Бергиле, ошондо силерге да берилет... Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет» (Лука 6:38).

«Жолдошум мага эмне жагарын билет. Ал көңүлүмдү көтөрө турган нерселерди күтүүсүздөн көп кылат. Мен да: „Аны кантип кубандырсам?“ — деп ойлоном. Биздин чогуу кубанып, чогуу күлгөн учурларыбыз көп болот» (Үй-бүлө курганына 44 жыл болгон Х. К.).

ТЫНЧТЫК ҮЧҮН КҮРӨШКӨНДӨН ТАЛЫКПАГЫЛА

Жогоруда сөздөрү келтирилгендерден тышкары, Ыйык Китеп миллиондогон башка кишилерге да үй-бүлөдөгү тынчтыкка өбөлгө түзгөн сапаттарды өрчүтүүгө жардам берген *. Алар, атүгүл үйүндөгүлөрү аракет кылбаса да, тынчтыкты сактоого умтула берүү пайдалуу экенине ынанышкан, анткени Ыйык Китепте: «Тынчтыкка өбөлгө түзгөндөр кубанычка ээ»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 12:20).

^ 24-абз. Үй-бүлө канткенде бактылуу боло алары жөнүндө көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 14-бөлүмүн карагыла. Китеп www.dan124.com/ky сайтында да бар. Ошондой эле сайттан ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ОКУУЛАР > ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР деген бөлүктү карагыла.