Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Момундар жерди мурасташат

Момундар жерди мурасташат

Момундар жерди мурасташат

«Табият жаңыланып, кайрадан калыбына келет деп ойлойм... Бул жакын арада болбосо да, кийин бир убактарда жаңы асман менен жаңы жер орногондо ишке ашат» (Жан-Мари Пелт, Франциядагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адис).

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН бузулуп, социалдык шарттардын начарлап баратканына жаны кейигендиктен көптөр Жердин бейишке айланышын эңсешет. Мындай кыялдануу XXI кылымда эле пайда боло калган жок. Жер үстүнө кайрадан бейиш орнотулары жөнүндө Ыйык Китепте тээ мурун эле алдын ала айтылган. Ыйсанын: «Момундар... жерди мурасташат»; «Асмандагыдай эле, жерде да Сенин эркиң болсун»,— деген сөздөрү көптөргө белгилүү (Матай 5:5; 6:10). Бирок бүгүнкү күндө көп адамдар жер бети бейишке айланып, анда момундар жашай турганына ишене беришпейт. Өздөрүн христиан деп атагандардын көбү үчүн Бейиш жөнүндөгү түшүнүк көмүскөдө калган.

Францияда апта сайын чыгуучу бир журналда католиктердин бейишке (жердеги болобу, асмандагы болобу) эмне үчүн ишенбей калганы мындайча түшүндүрүлөт: «Бейиш жөнүндөгү түшүнүк 19 кылым бою католик чиркөөсүнүн негизги окууларынын бири болуп келген. Бирок азыр ал диний чөйрөлөрдө, жекшембилик насааттарда, теологиялык курстарда, катехизис сабактарында такыр оозго алынбайт» («La Vie»). Ошондой эле ал журналда «бейиш» деген сөздүн «жашыруун сырга жана башаламандыкка» чулганганы айтылат. Кээ бир диний кызматкерлер ал сөздү атайын колдонушпайт, анткени ал «жердеги жыргалчылыктарды өтө эле кооз кылып көрсөтөт».

Дин маселелерин изилдеген социолог Фредерик Ленуар бейиш жөнүндөгү түшүнүктөрдүн эчак унутта калганын айтат. Ошо сыяктуу эле, тарыхчы жана ошондой темадагы бир нече китептин автору Жан Делюмо ыйык китептик убадалар биринчи кезекте каймана мааниде аткарылат деп эсептейт. Ал мындай деп жазат: «„Бейиштен эмне калды?“ деген суроого христиандык ишеним дагы деле: „Куткаруучубуздун тирилгенинин аркасында күндөрдүн биринде баарыбыздын үмүтүбүз орундалып, бактылуу болобуз“,— деп жооп берет».

Жер бетиндеги бейиш жөнүндөгү түшүнүктүн бизге кандай тиешеси бар? Планетабыздын келечеги кандай болот? Келечекке болгон көзкарашыңар кандай: күңүртпү же ачыкпы? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

.