Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирели

Бири-бирибизди айкөлдүк менен кечирели

«Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле» (КОЛ. 3:13).

1, 2. Өзүбүздүн канчалык деңгээлде кечиримдүү экенибизди текшерип көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

ЫЙЫК КИТЕПТЕН Кудайдын күнөөгө кандай караарын жана күнөө кетиргенибизде, анын эмне кыларын биле алабыз. Ошондой эле андан кечиримдүүлүк жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Өткөн макалада биз Жахабанын Дөөтү жана Менаше падышаларды эмне үчүн кечиргенин караганбыз. Алар кылган күнөөлөрү үчүн аябай кайгырып, Кудайдын алдында аларды мойнуна алып, жаман жолунан бурулушкан жана чын жүрөктөн өкүнүшкөн. Ошондуктан Жахаба аларга ырайым кылган.

2 Эми өзүбүздүн канчалык деңгээлде кечиримдүү экенибизди текшерип көрөлү. Менашенин кыянат иштеринен жабыр тарткан адамдардын арасында сенин да жакындарың болгон болсо, кандай сезимде болот элең? Менашени кечирет белең? Бул суроонун үстүнөн ойлонуп көргөнүбүз маанилүү, себеби биз мыйзамсыз, зөөкүр, өзүмчүл адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Эмне үчүн кечиримдүү болууга үйрөнүшүбүз керек? Эгер кимдир бирөө адилетсиз мамиле кылып, көңүлүңдү оорутса, сабырдуу болгонго, Жахабанын эркине ылайык иш кылып, айкөлдүк менен кечиргенге эмне жардам берет?

ЭМНЕ ҮЧҮН КЕЧИРИМДҮҮ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК?

3—5. а) Кечиримдүү болуунун маанилүү экенин түшүндүрүү үчүн Иса пайгамбар кандай аңгеме айткан? б) Ал Матай 18:21—35-аяттарда кандай ойду айткысы келген?

3 Эгер жакындарыбыз, досторубуз, башка адамдар жана Жахаба менен жакшы мамиледе болгубуз келсе, көңүлүбүздү ким оорутпасын, жыйналыштагы бир туугандарыбызбы же башкаларбы, кечире билгенибиз маанилүү. Ыйык Китепте башкалар бизди канчалык көп таарынтпасын кечиримдүү болушубуз керектиги баса белгиленет. Эмне үчүн кечиримдүү болуу маанилүү экендигин айкын көрсөтүү үчүн Иса пайгамбар чоң карызы бар кул жөнүндө аңгеме айткан.

 4 Кул падышадан 60 миллион күндө иштеп таба турган акча карызга алат. Падыша аны кечип коёт. Кул сыртка чыгып, өзүнө 100 күндө иштеп таба турган акча карызы бар башка кулду издеп табат да, карызын доолайт. Карыз алган кул андан бир аз күтө турушун сурап жалбарат. Бирок ал тиги кулду түрмөгө каматып салат. Анын чоң карызын кечкен падыша буга абдан ачууланып: «Мен сага ырайым кылгандай, сен да тиги кулга ырайым кылышың керек эмес беле?» — дейт. «Каары кайнаган падыша аны, бүт карызын төлөп бермейин, түрмө сакчыларынын колуна тапшырат» (Мт. 18:21—34).

Иса пайгамбардын бул мисалынын мааниси эмне эле?

5 Бул аңгеме менен Иса пайгамбар эмнени айткысы келген? Ал сөзүнүн аягында: «Анын сыңарындай, эгерде ар бириңер бир тууганыңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силерге ушундай мамиле кылат»,— деген (Мт. 18:35). Анын эмне айтайын дегени түшүнүктүү. Жеткилең эмес болгондуктан жашоодо көп күнөө кетиребиз. Эч ката кетирбей, Жахабага толугу менен баш ийүү мүмкүн эмес. Ошентсе да ал биздин күнөөлөрүбүзгө көз жуумп коёт жана кечирүүгө даяр. Демек, Жахаба менен жакшы мамиледе болууну кааласак, биз да башкалардын кемчиликтерин кечирүүгө даяр болушубуз керек. Иса пайгамбар тоодо айткан насаатында: «Эгерде башкалардын катасын кечирсеңер, асмандагы Атаңар да силерди кечирет. Эгер алардын катасын кечирбесеңер, Атаңар да силердин катаңарды кечирбейт»,— деген (Мт. 6:14, 15).

6. Кечирүү эмне үчүн дайым эле оңойго тура бербейт?

6 Бирок сен: «Айтып коюш оңой, бирок иш жүзүнө келгенде кыйын да»,— дешиң мүмкүн. Ошондуктан кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, абдан жаман болобуз. Андайда ачууланышыбыз, өзүбүздү башкалар бизди сатып кеткендей сезишибиз мүмкүн. Адилеттүүлүктү талап кылышыбыз, атүгүл өч алгыбыз келиши ыктымал. Ооба, айрымдар таарынткан адамды эч качан кечире албайм деп ойлошу мүмкүн. Эгер сенде да ушундай сезимдер болсо, кантип Жахабанын талабына баш ийип, кечиримдүү боло аласың?

 ЭМНЕГЕ АЧУУҢ КЕЛИП ЖАТКАНЫН ТАЛДА

7, 8. Башкалар жаман мамиле кылганда, кечиримдүү болууга эмне жардам берет?

7 Бизге жаман мамиле кылынса же кылынгандай сезилсе, аябай жаман болуп, ызаланышыбыз мүмкүн. Ачууланууга байланыштуу изилдөө жүргүзүлгөндө, бир жигит мындай деп айтып берген: «Бир жолу... аябай каным кайнап, экинчи эч качан кайрылып келбейм деп, үйдөн чыгып кеттим. Жай мезгили болчу. Мен жалгыз аяк жол менен бир топко чейин бастым. Айлананын ажайып кооздугу, мемиреген жымжырттыгы акырындык менен көңүлүмдү жайына келтирди. Анан ачууга алдырганыма өкүнүп, бир нече сааттан кийин үйгө кайтып келдим». Бул окуядан көрүнүп тургандай, ачууң тарагыча күтө туруу жана жагдайга туура баа берүү кийин өкүнүп калгыдай иш кылуудан сактайт (Заб. 4:4; Накыл 14:29; Жкп. 1:19, 20).

8 Эгер ачууң такыр тарабай койсочу? Анда эмнеге ачууң келип жатканын талдап көр. Балким, сага адилетсиз же орой мамиле жасалгандыктан ачууланып жаткандырсың? Же башка бирөө атайылап көңүлүңдү ооруткандай сезилип жаткандыр? Ал сага ушунчалык эле жаман мамиле кылдыбы? Булар тууралуу ойлонуп, эмне үчүн ачууң келип жатканын аныктап алсаң, кандай кылсаң туура болорун жана Ыйык Китептеги принциптерге ылайык келерин баамдай аласың. (Оку: Накыл сөздөр 15:28; 17:27.) Мындай талдоо жүргүзүү жагдайга калыс караганга жана кечиргенге жардам берет. Бул оңойго турбашы мүмкүн. Бирок дайыма ошондой кылсаң, Кудайдын Сөзү жүрөгүңдөгү ойлоруңду, ниетиңди текшерүүгө жана Жахабага окшоп кечиримдүү болууга көмөк кылат (Евр. 4:12).

ЖҮРӨГҮҢӨ ЖАКЫН АЛБА

9, 10. а) Кимдир бирөө көңүлүңдү оорутса, эмне кылсаң болот? б) Жагдайга туура баа берүү жана кечире билүү жашоого болгон көз карашыңа кандай таасир этет?

9 Жашоодо ачуубузду келтире турган жагдайлар көп болот. Мисалы, машине айдап баратсаң, бир машине сени аз жерден сүзүп кете жаздады деп коёлу. Ошондо эмне кыласың? Айрымдар каары кайнап, берки айдоочуга кол салгандан кайра тартышпайт. Ал эми сен Кудайдын кызматчысы болгондуктан, албетте, андай ишке баргың келбейт.

10 Ачууга алдыргандан көрө, бир азга токтолуп, жагдайды талдап көрүү алда канча акылдуулукка жатат. Балким, алаксып кеткендиктен өзүңдөн да күнөө кеткендир. Же тиги айдоочунун машинесинин бир жери бузуктур. Эгер иштин чоо-жайын түшүнө билсек, калыс болсок жана кечирүүгө даяр болсок, ачууга алдырбайбыз же башкалардын кемчилик-каталарынан улам аларга таарынбайбыз. Насаатчы 7:9да: «Таарынууга шашпа, анткени таарыныч акылсыздардын көкүрөгүндө уялайт»,— делет. Андыктан баарын жүрөгүңө өтө жакын ала бербе. Башкалар көңүлүбүздү атайылап ооруткандай сезилсе да, көбүнчө буга алардын жеткилеңсиздиги же өзүбүздүн жагдайды толук түшүнбөгөнүбүз себеп болот. Ошондуктан кимдир бирөөнүн кылган иши же айткан сөзү көңүлүңө катуу тийсе, калыс бол жана анын кемчилигин сүйүүң менен жаап кой. Эгер ошондой кылсаң, кубанычың артат. (Оку: 1 Петир 4:8.)

ТЫНЧТЫГЫҢ ӨЗҮҢӨ КАЙТЫП КЕЛСИН

11. Адамдардын жакшы кабарга кулак каккан-какпаганы бизге кандай таасир этиши керек?

11 Кабар айтып жүргөнүңдө, кимдир бирөө жаман мамиле кылса, өзүңдү кармай билүүгө эмне жардам берет? Иса Машаяк 70 шакиртин кабар айтууга жөнөтүп жатып аларга, кайсы үйгө барышпасын: «Бул үйгө тынчтык болсун»,— деп айтууну үйрөткөн. Анан: «Эгерде ал үйдө тынчтыкты сүйгөн киши жок болсо, тынчтыгыңар өзүңөргө кайтып келет. Ал эми бар болсо, тынчтыгыңар анда калат»,— деген (Лк. 10:1,  5, 6). Башкалар айткан кабарыбызды жакшы кабыл алганда, мунун аларга пайда алып келерин ойлоп, абдан сүйүнөбүз. Бирок кээде адамдар бизге каршы болушат. Андайда эмне кылсак болот? Иса Машаяк үй ээсине каалаган тынчтыгыбыз кайра өзүбүзгө кайтып келиши керектигин айткан. Демек, башкалар бизге кандай мамиле кылбасын, бардык учурда жүрөгүбүздө тынчтыкты сакташыбыз керек. Эгер жаман мамиле кылгандарга ачуулансак, тынчтыгыбызды сактай албай калмакпыз.

12. Пабылдын Эфестиктер 4:31, 32деги сөздөрүнө ылайык, эмне кылышыбыз керек?

12 Кызматта жүргөндө эле эмес, бардык жагдайда тынчтыкты сактаганга аракет кыл. Албетте, башкаларды кечирүү алардын жаман жүрүм-турумун жактоону же анын канчалык кесепеттүү экенине көз жумуп коюуну билдирбейт. Кечире билүү жаман мамиледен улам пайда болгон таарынычтан толугу менен арылып, жан дүйнө тынчтыгын сактоону билдирет. Айрымдар өздөрүнө канчалык жаман мамиле жасалганын кайра-кайра эстеп, терс ойлор менен жашай беришет. Ошонун аркасында кубанычын жоготуп алышат. Ошондуктан андай жаман ойлордун жүрөгүңдү ээлеп алышына жол бербе. Эгерде кек сактап жүрө берсең, эч качан бактылуу боло албайсың. Андыктан кечире бил. (Оку: Эфестиктер 4:31, 32.)

ЖАХАБАГА ЖАККАНДАЙ ИШ КЫЛ

13. а) Кудайдын кызматчысы кандайча душмандын «башына чок үйөт»? б) Башкалар ачуубузга тийгенде, жумшак жооп кайтарсак, жыйынтыгы кандай болот?

13 Айрым учурларда сага жаман мамиле кылган адамга ыйык китептик нормаларды баалаганга жардам бере алышың мүмкүн. Элчи Пабыл: «„Душманың ачка болсо, аны тойгуз; суусап турса, суусунун кандыр. Анткени ошентүү менен анын башына чок үйөсүң“. Жамандыкка жеңилбе, аны дайыма жакшылык менен жең»,— деп жазган (Рим. 12:20, 21). Канчалык ачууңа тийсе да, сылык-сыпаа болгонуң терс көз караштагы адамдардын да жүрөгүн жумшартып, жакшы сапаттарын көрсөтүүгө түрткү бериши мүмкүн. Таарынткан адамга түшүнүү, боорукердик менен мамиле кылуу менен ага Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө жардам бере аласың. Кандай жагдай болбосун, жумшактык менен жооп бергениң башкаларга жакшы жүрүм-турумуңдун үстүнөн ой жүгүртүүгө түрткү берет (1 Пет. 2:12; 3:16).

14. Кимдир бирөө сага канчалык жаман мамиле кылбасын, эмне үчүн ага кек сактабашың керек?

14 Кээ бир учурларда айрым адамдар менен жакын мамиледе болуу туура эмес болуп калмак. Мисалы, бир кездерде жыйналыштын мүчөсү болгон, бирок күнөө кетирип, өкүнбөгөндүктөн жыйналыштан чыгарылган адамдар менен мамилелешпейбиз. Эгер ошондой адамдардын бири көңүлүңдү ооруткан болсо, ал өкүнгөн күндө да, аны кечирүү кыйынга турушу мүмкүн. Анткени жараатты айыктырууга убакыт талап кылынат. Андай учурларда өкүнгөн күнөөкөрдү кечирүүгө Жахабадан жардам сурасаң болот. Анын жүрөгүндө эмне бар экенин биз билбейбиз. Ал эми Жахаба билет. Ал адамдын жүрөгүнүн түпкүрүндөгү ниеттерин билет жана күнөөкөрлөргө чыдамдуулук көрсөтөт (Заб. 7:9; Накыл 17:3). Мына ошондуктан Ыйык Китепте мындай делет: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле. Баарынын алдында жакшылык кылууга умтулгула. Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула. Сүйүктүү бир туугандар, эч кимден өч албагыла, Кудайдын каарына орун бергиле. Анткени Ыйык Жазмада: „“Өч меники, тиешесин мен берем”,— дейт Жахаба“,— деп жазылган» (Рим. 12:17—19). Биз Жахабага окшоп баарын билбегендиктен башкаларды айыптаганыбыз туура болбой калат (Мт. 7:1, 2). Бирок Жахабанын адилеттүү соттой турганына толук ишенсек болот.

15. Эмнени түшүнгөнүбүз бизге жаман мамиле кылган кишиге ачууланбаганга жардам берет?

 15 Эгер сага адилетсиз мамиле кылынгандай сезилип жатса жана сени таарынткан киши өкүнсө да, аны кечирүү кыйын болуп жатса, анын да жашоодо ар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жүргөнүн түшүнгөнүң оң. Ал да жеткилеңсиздиктин айынан көп азап чегет (Рим. 3:23). Жахаба жеткилеңсиз адамдардын баарына боорукердик менен мамиле кылат. Андыктан бизди таарынткан киши үчүн тиленгенибиз жөндүү. Кимдир бирөө үчүн тиленсек, аны жаман көрүп жүрө бербей турганыбыз бышык. Иса пайгамбардын сөздөрүнөн атүгүл бизге кыянаттык кылгандарга да кек сактабашыбыз керек экени айкын көрүнүп турат. Ал: «Душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген (Мт. 5:44).

16, 17. Аксакалдар күнөөкөрдү өкүндү деп табышканда, эмне кылышың керек жана эмне үчүн?

16 Жахабанын эркине ылайык, жыйналыштагы аксакалдарга күнөө кылгандардын ишин кароо жоопкерчилиги тапшырылган. Ал бир туугандар Жахаба Кудайдай болуп иштин чоо-жайын ийне-жибине чейин түшүнбөшү мүмкүн. Бирок алар ыйык рухтун жетеги астында Кудайдын Сөзүндө айтылгандарга ылайык чечим чыгарууну көздөшөт. Демек, алардын тиленүү аркылуу Жахабадан жетекчилик сурагандан кийин чыгарган чечими анын көз карашын чагылдырып турат (Мт. 18:18).

Кудайдын кызматчыларынан кечиримдүү болуу талап кылынат

17 Ушундай учурларда берилгендик талап кылынат. Аксакалдар бир тууганды кылган күнөөсү үчүн өкүндү деп табышканда, сен да аны кечирип, ага сүйүү көрсөтөсүңбү? (2 Кор. 2:5—8). Эгер өзүң же жакын адамың анын айынан жапа чеккен болсо, аны кечирүү оңой болбошу мүмкүн. Бирок Жахабага жана анын жыйналыш аркылуу маселелерди туура чечерине ишенсең, акылдуулук кылган болосуң. Ошондо чындап эле айкөлдүк менен кечирериңди көрсөтөсүң (Накыл 3:5, 6).

18. Айкөлдүк менен кечире билүүнүн кандай пайдалары бар?

18 Эгер кечиримдүү болбосок, ден соолугубуз начарлайт, кыжалат болобуз, башкалар менен болгон мамилебиз бузулат жана башкалар менен тил табышуу кыйынга турат. Ал эми кечиримдүү болуу, психологдор айткандай, көп жагынан пайда алып келет. Мисалы, ал ден соолугубузга терс таасир эте турган сезимдерден арылууга жардам берет. Ошондой эле башкалар менен жакшы мамиледе болобуз. Кечиримдүү болуунун эң зор пайдасы Жахаба менен жакшы мамиледе болобуз. (Оку: Колосалыктар 3:12—14.)