Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жан аябас кызматчылар Мексикада

Жан аябас кызматчылар Мексикада

БАРГАН сайын көптөгөн жаш Күбөлөрдүн жашоосун жөнөкөйлөтүп, кызматын кеңейтип жатканын көрүү абдан жүрөк козгоорлук (Мт. 6:22). Алар кандай өзгөрүүлөрдү кылышууда? Кандай кыйынчылыктарга кабылышууда? Бул суроолорго жооп алуу үчүн, келгиле, Мексикада кызмат кылып жаткан айрым жарчылар менен таанышып көрөлү.

«ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК ЭКЕНИН ТҮШҮНДҮК»

Кошмо Штаттарда жашаган Дастин менен Жасса 2007-жылдын январь айында баш кошушкан. Андан көп өтпөй ал экөө көптөн бери эңсеп келген тилегине жетишкен. Алар жел кайык сатып алып, анда бир жыл бою жашоону каалашчу. Алардын жел кайыгы Тынч океандан алыс эмес жайгашкан, токойлуу адырлар жана чокусунан кар кетпеген тоолор менен курчалган, жаратылышы кооз Астория шаарына (Орегон штаты, АКШ) жакын жерге токтогон. «Кайсы жакка көз чаптырба, айлананын кооздугу делебеңди козгочу!» — дейт Дастин. Алар Жахабага таянып, жөнөкөй жашоо өткөрүп жатабыз деп ойлошкон. «Кантсе да биз 7,9 метрлик жел кайыкта жашап, толук эмес убакыт иштеп, чет тилиндеги жыйналышка барып, анда-санда көмөкчү пионер болуп кызмат кылып жатпайбызбы»,— деп ойлошкон. Бирок көп өтпөй алар өздөрүн өздөрү алдап жатканын түшүнүшкөн. «Көрсө, биз жыйналышка колдоо көрсөтпөй эле, убактыбыздын көбүн  кайыгыбызды оңдогонго кетирип жүрүптүрбүз,— дейт Дастин.— Эгер чындап эле жашообузда Жахабаны биринчи орунга койгубуз келсе, өзгөрүүлөрдү кылышыбыз керек экенин түшүндүк».

Жасса: «Дастин экөөбүз баш кошконго чейин мен Мексикада жашачумун жана англис жыйналышына барчумун. Ал жакта кызмат кылган мага абдан жакчу, ошондуктан ал жакка кайра баргым келчү»,— дейт. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде Дастин менен Жасса башка жерде кызмат кылууга болгон каалоосун өстүрүү үчүн, оргонго даяр болуп калган жерлерге көчүп барып, кызмат кылып жаткан бир туугандардын өмүр баяндарын окуй башташкан (Жкн. 4:35). «Биз да ошондой кубаныч алгыбыз келди»,— дейт Дастин. Алар Мексикадагы досторунан ал жактагы жаңы уюшулган топко жардам керек болуп жатканын угушканда ал жакка барууну чечишкен. Ал экөө жумушунан чыгып, жел кайыгын сатып, Мексикага жөнөп кетишкен.

«КӨЧҮП КЕЛГЕНИБИЗ ЭҢ СОНУН БОЛУПТУР»

Дастин менен Жасса кайра эле Тынч океанга жакын жайгашкан, бирок Асториядан түштүккө карай 4345 км алыс жайгашкан Текоман шаарына көчүп келишет. «Мурун жашаган жерибизде муздак жел согуп, тоо көрүнүп турса, эми биз көз жеткен жердин баарында лимон дарагы өскөн ысык өлкөдө жашап жатабыз»,— дейт Дастин. Башында алар жумуш таба албай кыйналып жүрүшкөн. Акчасы тартыш болгондуктан, бир нече жума бою күнүнө эки маал күрүч менен төө буурчак жеп жан багышкан. «Бирок алар көкөйүбүзгө көк талкандай тие баштаганда, биз менен Ыйык Китепти изилдегендер бизге манго, банан, папайа жана албетте, сумкалар толо лимон бере башташты!» — дейт Жасса. Убакыттын өтүшү менен Дастин менен Жасса Тайванда жайгашкан Интернет аркылуу тил үйрөтүү мектебине орношушат. Ал жумуштан алган айлыгы азыр алардын күнүмдүк чыгымдарына кенен жетет.

Дастин менен Жасса азыркы жашоосу жөнүндө эмне дешет? «Бул жакка көчүп келгенибиз эң сонун болуптур,— дешет алар.— Жахаба менен жана бири-бирибиз менен болгон мамилебиз аябай бекемделди. Ушунчалык бекем болот деп ойлогон эмеспиз. Биз күн сайын көптөгөн иштерди чогуу кылабыз: кабарга чогуу чыгабыз, биз менен Ыйык Китепти изилдегендерге кантип жардам берсек болорун талкуулайбыз, жолугушууларга даярданабыз. Ошондой эле мурдагыдай түйшүккө батпай калдык». «Биз Забур 34:8деги: „Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер“,— деген сөздөрдүн калетсиз чындык экенин эми гана толугу менен түшүндүк»,— деп кошумчалашат алар.

МИҢДЕГЕН ЖАН АЯБАС КЫЗМАТЧЫЛАРГА ЭМНЕ ТҮРТКҮ БЕРЕТ?

Үй-бүлөлүү жана бойдок, жашы 20дан, 30дан ашып калган 2900дөн ашуун бир тууган Мексиканын  Падышалыктын жарчыларына муктаждык чоң аймактарына барып кызмат кылышууда. Эмне үчүн алар ушундай оор ишке катышууда? Алардын бир нечесине ушул суроо берилгенде, мунун негизги үч себебин айтышкан. Алар кайсы себептер?

Летисия менен Хермило

Жахабаны жана адамдарды сүйөрүн көрсөтүү. Летисия 18 жашында чөмүлгөн. Ал: «Мен өзүмдү Жахабага арнаганда, арналуу Жахабага бүт жүрөгүң, бүт жаның менен кызмат кылууну билдирерин түшүнгөм. Жахабаны бүт жүрөгүм менен сүйөрүмдү көрсөтүү үчүн ага кызмат кылууга көбүрөөк убактымды, күчүмдү арнагым келди»,— деген (Мр. 12:30). Летисиянын жолдошу Хермило Падышалыктын жарчыларына муктаждык көп жерге барганда жашы 20дан ашып калган эле. Ал: «Адамдарга рухий муктаждыктарын канааттандырууга жардам берүү жакынымды сүйөрүмдү көрсөтүүнүн эң жакшы жолу экенин түшүндүм»,— дейт (Мр. 12:31). Андыктан гүлдөп-өскөн Монтеррей шаарындагы банктагы жумушун, ыңгайлуу жашоо шартын калтырып, чакан шаарчага көчүп барган.

Эсли

Узакка созула турган чыныгы кубаныч алуу. Чөмүлгөнүнөн көп өтпөй Летисия тажрыйбалуу пионер менен бирге алыс жайгашкан шаарда бир ай кызмат кылып келген. Летисия мындай деп эскерет: «Элдин биз айткан Падышалык жөнүндөгү кабарды аябай жакшы угуп жатканын көрүп, ушунчалык таң калып, ушунчалык кубандым. Айдын аягында өзүмө: „Мына так ушундай жашоо өткөргүм келет!“ — дедим». 20дан өтүп калган бойдок карындашыбыз Эслиге да кызматтын ошол түрүнө катышууга башкалардын ал кызматтан кубаныч алып жатышканын көргөнү түрткү берген. Мектепте окуп жүргөн кезинде ал муктаждык чоң жерлерде кызмат кылган ынталуу жарчылар менен таанышкан. «Ошол бир туугандардын жүзүнөн нур жанып турганын көрүп, мен да алардыкындай жашоо өткөргүм келди»,— дейт ал. Көптөгөн эже-карындаштар да Эслиге окшоп жооп беришкен. Учурда Мексикада 680ден ашуун бойдок эже-карындаш муктаждык чоң аймактарда кызмат кылууда. Алар жаштар үчүн да, карылар үчүн да кандай сонун үлгү!

Максаттуу жана маңыздуу жашоо өткөрүү. Мектепти аяктагандан кийин Эслиге университетте окуу сунуш кылынган. Теңтуштары ага ал сунушту кабыл алып, «эл катары» жашоого — жогорку билим алып, мансапка умтулуп, машине алып, эл көрүп, жер көрүүгө — үндөшкөн. Бирок ал алардын айткандарына көнгөн эмес. Эсли: «Жыйналыштагы кээ бир досторум да ошол нерселерди көздөп кетишкен. Мен алардын рухий максаттарды баалабай калышканын, ошондой эле дүйнөнүн иштерине сүңгүп кирип кеткендиктен көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып, көңүл кайттыкка учурашканын байкагам. Мен жаштыгымды толугу менен Жахабага арнагым келди»,— дейт.

Ракел менен Филип

 Эсли пионер болуп кызмат кылып, өзүн өзү камсыз кыла алгыдай жумуш табыш үчүн кошумча курстарда окуган. Андан соң Падышалыктын жарчылары абдан керек болгон жерге көчүп кеткен. Ал атүгүл отоми жана тлапанеко элдеринин тилдерин үйрөнүүгө аракет кылган. Алыскы аймактагы үч жылдан бери кылып келаткан кызматы жөнүндө ал: «Муктаждык чоң жерде кызмат кылуунун аркасында зор канааттануу алдым жана жашоом чындап маңыздуу болуп калды. Баарынан да, Жахаба менен болгон мамилем бекемделди»,— дейт. Кошмо Штаттарда жашаган, 30дан жаңы эле өткөн жубайлар Филип менен Ракел да буга кошулушат. Алар: «Дүйнө ушунчалык бат өзгөрүп жаткандыктан, көптөр жашоосунун туруксуз экенин ойлоп тынчсызданышат. Бирок Ыйык Китептеги кабарга көп адамдар кулак каккан жерде кызмат кылуу жашообузду маңыздуу кылып, зор канааттануу тартуулайт!» — дешет.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ КАНТИП ЖЕҢҮҮ КЕРЕК?

Вероника

Албетте, Падышалыктын жарчылары абдан аз жерде кызмат кылуунун өзүнүн кыйынчылыктары бар. Алардын бири — өзүңдү материалдык жактан камсыз кылуу. Ан үчүн жергиликтүү шарттарга ылайыкташышың керек. Тажрыйбалуу пионер Вероника мындай дейт: «Бир жерде кызмат кылып жүргөндө арзан тез татымдарды жасап сатчумун. Дагы башка жерде кийим сатчумун жана чач кыркчумун. Азыр үй жыйнайм жана жаңы балалуу болгон ата-энелерге балдары менен пикир алмашууну үйрөтүү боюнча курс өткөрөм».

Алыскы аймактагы элдин арасында жашап жүргөндө алардын маданиятына жана каада-салттарына көнүү өзгөчө кыйын болушу мүмкүн. Буга Филип менен Ракел науатль тилиндеги аймакта кызмат кылып жүргөндө өз тажрыйбасынан ынанышкан. «Маданиятыбыз абдан айырмаланып турчу»,— дейт Филип. Аларга ылайыкташууга эмне жардам берген? «Науатль элинин жакшы жактарына көңүл бурганга аракет кылчубуз. Алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн абдан ынактыгы, бири-бирине чын ыкластан мамиле жасаганы жана берешендиги бизге жакчу»,— деп ой бөлүшөт Филип. Ракел: «Биз ал жакта жашап жана жергиликтүү бир туугандар менен тыгыз кызматташып, көп нерсеге үйрөндүк»,— деп кошумчалайт.

КАНТИП ДАЯРДАНСАҢ БОЛОТ?

Жарчыларга муктаждык чоң алыскы аймакта кызмат кылууну кааласаң, ага азыртадан кантип даярдансаң болот? Кызматтын ал түрүнө катышкан жарчылар: «Көчүп барганга чейин жашооңду жөнөкөйлөт жана колдо бар нерсеге ыраазы болгонго үйрөн»,— деп кеңеш беришет (Флп. 4:11, 12). Дагы эмне кылсаң болот? Летисия: «Мен бир жерге башым байланып кала турган жумуштардан каччумун. Зарыл болуп калса, качан болбосун, каякка болбосун кетип калууга даяр болгум келчү»,— дейт. Хермило: «Мен тамак жасаганды, кир жууганды, кийим үтүктөгөндү үйрөнгөм»,— дейт. Вероника болсо: «Ата-энем, бир туугандарым менен жашап жүргөндө үй жыйнаганга жардам берчүмүн, ошондой эле арзан, бирок ден соолукка пайдалуу тамактарды жасаганды, акчаны үнөмдөгөндү үйрөнгөм»,— дейт.

Амелиа мене Леви

Кошмо Штаттарда жашаган жана баш кошконуна 8 жыл болгон Леви менен Амелия так-айкын тиленүүнүн Мексикада кызмат кылууга даярданууга кандайча жардам бергени жөнүндө айтып беришкен. Леви: «Биз башка жакта кызмат кылганга бир жылга канча акча кетерин эсептеп, Жахабадан так ошончо суммадагы акча топтогонго жардам беришин суранганбыз»,— дейт. Алар бир нече айдын ичинде эле тиленүүсүндө сураган суммадагы акчаны чогулта алышкан жана дароо эле муктаждык бар жакка көчүп кетишкен. Леви: «Жахаба тиленүүбүзгө жооп берген. Эми биз өз убадабызды аткарышыбыз керек болду»,— дейт. Амелия: «Биз бир эле жылга барабыз деп ойлогонбуз, бирок бул жакта кызмат кылганыбызга жети жылдын жүзү болду. Биздин кетейин деген оюбуз да жок. Бул жакта жашап, Жахабадан мол бата алуудабыз. Күн сайын анын жакшылыгын сезүүдөбүз»,— деп кошумчалайт.

Адам менен Женифер

Кошмо Штаттардан Мексикага көчүп барып, англис тилиндеги аймакта кызмат кылып жаткан Адам менен Женифер деген түгөйлөр үчүн да тиленүү маанилүү роль ойногон. Алар мындай кеңеш беришет: «Ыңгайлуу жагдайды күтө бербе. Кудайга башка жакта кызмат кылгың келерин айтып, дайыма тилен жана тиленүүңө жараша иш кыл. Жашооңду жөнөкөйлөт жана кайсы жакта кызмат кылгың келсе, ошол жактагы филиалга кат жаз. Анан чыгымдарыңды эсептеп чыккан соң көчө берсең болот» *. Ошентсең, жашооң рухий жактан бай, кубанычтуу болот.

^ абз. 21 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн 2011-жылдын августундагы «Падышалык кызматыбыздагы» «„Македонияга“ бара аласыңбы?» деген макаланы кара.