Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-суроо: Адам өлгөндө эмне болот?

2-суроо: Адам өлгөндө эмне болот?

РОМАНДЫН бала кезинде жакын досу жол кырсыгынан өлгөн. Ал: «Досум өлгөндө, аябай жаман болдум. Ошондон кийин көп жыл бою адам өлгөндө эмне болот болду экен деп ойлонуп жүрдүм»,— дейт.

Эмне үчүн мындай суроо туулат?

Адам өлүмгө такыр моюн сунгусу келбейт. Ал канча жашка чыкпасын, дагы да жашай бергиси келет. Адамдардын көбү өлгөндөн кийин эмне болом деп коркушат.

Көптөр эмне дешет?

Көптөр адам өлгөндөн кийин жаны жашай берет дегенге ишенишет. Алар жакшы адамдар бейишке чыгат, жаман адамдар болсо тозокко түшөт деп айтышат. Ал эми башкалар өлгөн адам биротоло жок болуп, таптакыр унутулуп калат деп эсептешет.

Алардын айткандары эмнени көрсөтүп турат?

Адамдын жаны жашай берет дегендердин айткандарынан алардын адам чынында өлбөйт дегенге ишенерин көрүүгө болот. Ал эми өлгөн адам биротоло жок болот дегендердин айткандары алардын жашоонун маңызы жок деп эсептешерин көрсөтүп турат. Мындай көз карашта болгондор: «Ичип-жейли, анткени эртең өлөбүз»,— деп жашашат (1 Корунттуктар 15:32).

Ыйык Китепте эмне делет?

Ыйык Китепте адамдын өлгөндөн кийин жашай бере турган жаны жок экени айтылат. Кудай Сулайман пайгамбарга: «Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деген сөздөрдү жаздырган (Насаатчы 9:5). «Эч нерсе билбейт» деген сөздөр өлгөндөрдүн эч нерсени туйбай турганын көрсөтүп турат. Алар эч нерсе сезишпейт, иш-аракет да кыла алышпайт. Ошондуктан өлгөндөр тирүүлөргө жардам бере алышпайт же зыян келтире алышпайт.

Көптөр ойлогондой, Кудай адамды өлө тургандай кылып жараткан эмес. Ал Адам атаны түбөлүк өмүр сүргүдөй кылып жараткан. Кудай Адам атага эгер ал күнөө кетирсе, кесепети кандай болорун айтканда гана өлүм жөнүндө сөз кылган. Ал ага бир дарактын жемишинен жегенге тыюу салып, андан жесе, «жеген күнү өлөрүн» айткан (Башталыш 2:17). Эгер Адам ата менен Обо эне Кудайдын тилин алышса, өлүшмөк эмес. Ошондой эле алардын урпактары да, Кудайга баш ийсе, жер бетинде түбөлүк жашашмак.

Адам ата Кудайдын эскертүүсүнө кулак каккан эмес. Ал Кудайдын тилин албай, күнөө кетиргендиктен өлгөн (Римдиктер 6:23). Адам ата өлгөндөн кийин биротоло жок болгон. Кудай ага: «Өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деген (Башталыш 3:19). Бүт адамдар Адам атадан тарагандыктан, баарыбызга күнөө менен өлүм тукум кууп өткөн (Римдиктер 5:12).

Адам ата күнөө кетирсе да, Кудай жер бетин Адам атанын урпактарына толтурууну ниет кылган. Ал ой-ниетин жакында ишке ашырат (Башталыш 1:28; Ышая 55:11). Ошондой эле көзү өтүп кеткен көптөгөн адамдарды тирилтет. Кудайдын бир пайгамбары «адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерин» айткан (Элчилер 24:15).

Ушул макалада айтылган Роман Ыйык Китепти изилдеп, Жахаба Кудай жөнүндө жана адам өлгөндө эмне болору жөнүндө билген. Ыйык Китептен билгендери ага аябай таасир эткен. Ал тууралуу бул журналдын 11-бетинен окуй аласыңар.