Башталыш 1:1—31

1  Башында+ Кудай+ асман менен жерди+ жаратты+.  Жер даана көрүнө элек болчу жана ээн эле. Суу туңгуюктарын+ караңгылык каптап турган, Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү*+ суунун+ үстүнөн жылып жүргөн.  Кудай: «Жарык болсун»,— деди+. Ошондо жарык пайда болду+.  Кудай жарыктын жакшы экенин көрдү жана аны караңгылыктан бөлдү+.  Ал жарыкты күн+ деп, караңгылыкты түн+ деп атады. Кеч кирди, таң атты; биринчи күн өттү.  Анан Кудай: «Суулардын ортосунда мейкиндик+ болсун, ал сууну суудан бөлүп турсун»,— деди+.  Ошентип, Кудай мейкиндик жаратып, анын астындагы сууларды анын үстүндөгү суулардан бөлдү+. Анан ошондой болду.  Кудай ал мейкиндикти асман+ деп атады. Кеч кирди, таң атты; экинчи күн өттү.  Андан кийин Кудай: «Асман астындагы суулар бир жерге чогулсун, кургактык пайда болсун»,— деди+. Анан ошондой болду. 10  Кудай кургактыкты жер+ деп, чогулган сууларды деңиз+ деп атады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү+. 11  Андан кийин Кудай: «Жер үстүндө чөп, уруктуу өсүмдүктөр+, өз түрү боюнча уруктуу жемиш бере турган+ дарактар өссүн»,— деди. Анан ошондой болду. 12  Жер үстүндө чөп, уруктуу өсүмдүктөр, өз түрү+ боюнча уруктуу жемиш берген+ дарактар өсө баштады. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 13  Кеч кирди, таң атты; үчүнчү күн өттү. 14  Анан Кудай: «Күн менен түндү бөлүп турушу үчүн асман мейкиндигинде чырактар пайда болсун+. Алар белги катары кызмат кылып, мезгилдерди, күндөрдү, жылдарды көрсөтүп турат+ жана 15  жерге жарык берип турушу үчүн асман мейкиндигинде чырак катары кызмат кылат»,— деди+. Анан ошондой болду. 16  Кудай эки чоң чыракты: күндү башкарышы үчүн чоңураак чыракты, түндү башкарышы үчүн кичирээк чыракты жарата баштады*, ошондой эле жылдыздарды жаратты+. 17  Кудай аларды асман мейкиндигине жайгаштырды. Аларды жерге жарык берип турушу үчүн+, 18  күн менен түндү башкарышы үчүн жана жарык менен караңгылыкты бөлүп турушу үчүн жайгаштырды+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү+. 19  Кеч кирди, таң атты; төртүнчү күн өттү. 20  Анан Кудай: «Суулар көптөгөн тирүү жандыктарга* толсун+, жер үстүндө, асман мейкиндигинде, канаттуулар* учсун»,— деди+. 21  Ал чоң деңиз жаныбарларын+, сууда сүзүүчү көптөгөн тирүү жандыктарды*+, ошондой эле бардык канаттууларды түр-түрү менен жарата баштады+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 22  Анан аларга: «Тукумдап, көбөйгүлө, деңиз сууларын толтургула+. Жер үстүндө канаттуулар көп болсун»,— деп батасын берди. 23  Кеч кирди, таң атты; бешинчи күн өттү. 24  Андан кийин Кудай: «Жер+ үстүндө тирүү жандыктар*: үй айбанаттары+, майда жан-жаныбарлар*+, жапайы жаныбарлар+ түр-түрү менен пайда болсун»,— деди. Анан ошондой болду. 25  Кудай жапайы жаныбарларды, үй айбанаттарын, майда жан-жаныбарларды* түр-түрү менен жарата баштады+. Кудай мунун жакшы экенин көрдү. 26  Андан кийин Кудай: «Өзүбүздөй+ кылып, өзүбүзгө окшоштуруп+, адам жараталы+. Ал деңиздеги балыктардын, асманда учкан канаттуулардын, үй айбанаттарынын жана башка жан-жаныбарлардын, бүт жердин үстүнөн бийлик кылсын»,— деди+. 27  Кудай өзүндөй кылып адам жаратты+, аны өзүнө окшош кылып жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты+. 28  Анан аларга: «Укумдап-тукумдагыла+, жер бетин толтургула, аны иштеткиле+ жана деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»+,— деп батасын берди+. 29  Андан кийин Кудай: «Жер жүзүндөгү уруктуу өсүмдүктөрдүн, мөмөсүндө уругу бар дарактардын баарын силерге бердим+. Алар силерге азык болсун+. 30  Жер бетиндеги жапайы жаныбарлардын, асмандагы канаттуулардын, жерде жашаган тирүү жандын баарына өсүмдүктөрдү азык катары бердим»,— деди+. Анан ошондой болду. 31  Ошондон кийин Кудай өзү жараткан нерселердин бардыгы эң сонун экенин көрдү+. Кеч кирди, таң атты; алтынчы күн өттү.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «руху».
Бул аятта «жарата баштады» деп берилген еврей этиши Бш 1:1, 21, 27-аяттардагы, Бш 2:3төгү этиштен айырмаланат жана «орнотуу, дайындоо, калыптоо же даярдоо» деген маанини туюнтат.
Бул жерде «канаттуулар» деп берилген оф деген еврей сөзү канаттууларга эле эмес, канаттуу курт-кумурскаларга да тиешелүү.
Сөзмө-сөз: «жандарга».
Сөзмө-сөз: «жандарды».
Сөзмө-сөз: «жандар».
Бул жерде колдонулган сөз еврей тилинде, сыягы, кемирүүчүлөрдү, сойлоп жүрүүчүлөрдү жана курт-кумурскаларды да билдирет.
Бш 1:24түн шилт-н кара.