Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жер планетасы кандай максатта жаратылган?

Жер бактылуу адамзаттын үйү болушу керек болчу

Биздин планета жашоонун миңдеген түрлөрүнө эң сонун ылайыкташтырылып жаратылган. Мисалы, Жерде жашоо үчүн зарыл болгон суу кенен. Жер жантайып жана айланып турганынан улам, ошондой эле орбитасынан улам океандар тоңуп да калбайт, кайнап да кетпейт. Андан сырткары, Жердин атмосферасы менен магнит талаасы аны зыяндуу радиациядан коргоп турат. Өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн бири-бири менен тыгыз байланышта болушу да таңыркатат. Ошондуктан көптөр Жер белгилүү бир максатта жаратылган деген жыйынтыкка келишкен. (Окугула: Ышая 45:18.)

Бирок силерде: «Эгер Кудай Жерди белгилүү бир ой-ниет менен жаратса, анда Жердеги азап-кайгы, адилетсиздик да анын ой-ниетинин бир бөлүгүбү?» — деген суроо туулушу мүмкүн. (Окугула: Мыйзам 32:4, 5.)

Кудайдын Жерге байланыштуу ой-ниети ишке ашабы?

Жараткандын ою боюнча, Жер Кудайды сүйгөн жана бири-бирин урматтап-сыйлаган кишилердин үйү болушу керек болчу. Адамдар, өсүмдүктөр менен жаныбарлардан айырмаланып, өзгөчө максатта жаратылган. Биз Жаратканды таанып-билүүгө, анын сүйүүсүнө, адилеттүүлүгүнө суктанууга жана андан үлгү алууга жөндөмдүү болуп жаратылганбыз. (Окугула: Насаатчы 12:13; Микей 6:8.)

Жараткан Кудайыбыз эмнени ниет кылса, ошону толугу менен ишке ашыра алат. Ошондуктан келечекте Кудай азап-кайгы менен адилетсиздикти жок кылып, Жерди бактылуу адамзаттын үйүнө айлантарына шектенбесек болот (Окугула: Забур 37:11, 29; Ышая 55:11.)