Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шынаа жазууларында «Татню» деген ысым кездешет

Тактыкты тастыктаган бир далил

Тактыкты тастыктаган бир далил

Археологиялык табылгалар Ыйык Китептин тактыгын тастыктайбы? Бир илимий журналда «Археология илими Еврей Жазмаларындагы кишилердин» ичинен «бери дегенде, 50 кишинин чынында эле жашап өткөнүн далилдегени» жазылган. Бирок ал макалада Татнай деген кишинин аты жок экен. Ал ким болгон? Келгиле анда, ал тууралуу Ыйык Китепте эмне делерине бир аз токтололу («Biblical Archaeology Review»).

Бир учурда Иерусалим Персия империясынын карамагында болгон. Ал Эфрат дарыясынын батыш жагында, перстер «дарыянын аркы өйүзү» деп атаган аймакта, жайгашкан. Персия падышасы Бабылды (Вавилон) басып алгандан кийин туткунда жүргөн жүйүттөрдү бошоткон жана Иерусалимге барып, ибадаткананы кайра курууну буйруган (Эзра 1:1—4). Бирок жүйүттөрдүн душмандары курулуш ишине тоскоол кылып, аларды Персияга каршы чыгып жатат деп айыпташкан (Эзра 4:4—16). Дарий Iнин башкаруусунун тушунда (б.з.ч. 522—486-жылдары) жүйүттөр жүргүзүп жаткан куруу ишине байланыштуу маселе териштириле баштаганда, персиялык башкаруучу Татнай жетекчиликти колго алган. Ыйык Китепте ал «дарыянын берки өйүзүндөгү башкаруучу» деп аталат (Эзра 5:3—7).

Бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган бир нече шынаа жазууларында Татнай деген ысым кездешет. Ал жазуулар Татнай деген кишинин үй-бүлөсүнүн жана кызматчыларынын ишкердик алака-мамилеси жөнүндөгү документтердин бөлүктөрү болушу мүмкүн. Карызга байланыштуу бир тил катта «дарыянын аркы өйүзүндөгү башкаруучу Татнюнун» кызматкери тууралуу айтылат. Ошол Татню деген киши Ыйык Китептин Эзра китебинде айтылган Татнай болушу мүмкүн деп божомолдонот. Ал жазуу б.з.ч. 502-жылга, Дарий Iнин башкаруусунун 20-жылына, таандык.

Татнай кандай иш кылган? Улуу Кореш (Улуу Кир) б.з.ч. 535-жылы карамагындагы жерлерди бир нече аймакка бөлгөн. Ал аймактардын бири «Вавилония жана дарыянын аркы өйүзү» деп аталган. Кийин ал экиге бөлүнүп, бири жөн гана «дарыянын аркы өйүзү» деп аталып калган. Ал аймак Келесирияны, Финикияны, Самарияны, Жүйүт жерин камтыган. Сыягы, Дамасктан башкарылып турган ал аймакта Татнай б.з. ч. 520—502-жылдары бийлик кылган көрүнөт.

Жүйүттөр козголоңчулар катары айыпталганда, Татнай ишти териштирүү үчүн Иерусалимге жиберилген. Ал жакка барганда Татнай Дарий падышага кат жөнөтүп, жүйүттөрдүн Жахабанын ибадатканасын кайра курууга Корештен уруксат алганын жазган. Падышанын казынасында сакталган кол жазмалар кылдат каралып, жүйүттөрдүн айтканы чын экени аныкталган (Эзра 5:6, 7, 11—13; 6:1—3). Ошо себептен Татнайга жүйүттөрдүн ишине тоскоол кылбашы керектиги буйрук кылынган. Татнай ал буйрукка баш ийген (Эзра 6:6, 7, 13).

«Дарыянын берки өйүзүндөгү башкаруучу Татнай» тарыхта из калтыра турган алгылыктуу деле иш кылган эмес. Ошентсе да Ыйык Китепте анын кандай наамга ээ болгону так жазылган. Археология Ыйык Китептин тактыгын кайра-кайра тастыктаган. Бул факты да анын тактыктын дагы бир ирет далилдеп турат.