Мазмунун көрсөтүү

Аян китебинин маани-маңызы кандай?

Аян китебинин маани-маңызы кандай?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китептин Аян деген китеби грекче «Апокалипсис» деп аталат. Ал сөз «ачуу» же «ачыкка чыгаруу» деген маанини туюнтат. Китептин аталышынын маанисинен айкын көрүнүп тургандай, анда жашыруун сыр болуп келген нерселердин маани-маңызы чечмеленет жана китеп жазылгандан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана аткарылышы керек болгон окуялардын мааниси түшүндүрүлөт. Ал китепте алдын ала айтылган окуялардын көбү келечекте аткарылат.

Аян китебин кыскача баяндоо

  •   Кириш бөлүгү (Аян 1:1—9).

  •   Иса Машаяктын жети жыйналышка айткан сөздөрү (Аян 1:10—3:22).

  •   Кудайдын асмандагы тактыда отурганы көрсөтүлгөн аян (Аян 4:1—11).

  •   Биринен кийин бири аткарылышы керек болгон аяндар:

    •   Жети мөөр (Аян 5:1—8:6).

    •   Акыркы үчөөнүн тартылышы кайгы менен коштолгон жети сурнай (Аян 8:7—14:20).

    •   Ар бири балээлерге, башкача айтканда, Кудайдын сот өкүмдөрүнө толгон жана жерге төгүлүшү керек болгон жети чөйчөк (Аян 15:1—16:21).

    •   Кудайга каршы чыккандардын кыйратылышы көрсөтүлгөн аяндар (Аян 17:1—20:10).

    •   Кудайдын асманга жана жерге төгө турган батасы көрсөтүлгөн аяндар (Аян 20:11—22:5).

  •   Корутунду (Аян 22:6—21).

Аян китебин түшүнүүгө жардам

  1.   Аян китебинде Кудайдын кызматчыларын коркута турган эмес, жакшылыкка үмүттөндүрө турган нерселер камтылат. Көптөр «апокалипсис» деген сөздү укканда шак эле кандайдыр бир чоң алааматты элестетишет, бирок Аян китебинин башында да, аягында да ал китепти окуп-түшүнгөндөрдүн жана анда жазылгандарды аткаргандардын бактылуу болору жазылган (Аян 1:3; 22:7).

  2.   Аян китебинде түзмө-түз түшүнбөш керек болгон «белгилер» — символдор — көп колдонулат (Аян 1:1).

  3.   Аян китебинде айтылган көптөгөн жандуу жана жансыз нерселердин кимди же эмнени билдирери Ыйык Китептин Аян китебине чейинки китептеринде айтылган:

  4.   Аян китебиндеги аяндар «Мырзабыздын күнүнө», 1914-жылы Кудайдын Падышалыгы орнотулуп, Иса Машаяк Падыша катары башкара баштаган убакка, тиешелүү (Аян 1:10). Андыктан Аян китебиндегилердин көбү негизинен биздин күндөрдө аткарылат деп күтүүгө болот.

  5.   Аян китебин, Ыйык Китептин башка китептериндей эле, Кудайдын жана бул китепти жакшы түшүнгөн адамдардын жардамы менен гана түшүнүүгө болот (Элчилер 8:26—39; Жакып 1:5).