Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мындан ары кантип жашайм?

Мындан ары кантип жашайм?

«АТАМ каза болгондо, тегерегимдегилердин баары эле: „Өзүңдү карма. Кайрат кыл“,— деп кайра-кайра эле айта беришкен»,— деп эскерет Майк. Ал эркектердин элдин көзүнчө кайгырып, маркумду жоктоп ыйлаганын намыс көрчү. Бирок кийин мунун таптакыр туура эмес экенин түшүнгөн. Ошондуктан досунун чоң атасы кайтыш болгондо, Майк эмне кылышты жакшы билген. Ал мындай дейт: «Досумдун чоң атасы мурунураак каза болгондо мен аны далыга чапкылап: „Кайраттуу бол. Эркектик намысыңды түшүрбө“,— деп айтмак болушум керек. Бирок азыр аны колунан кыса кармап: „Эл эмне дейт деп ойлобо. Ыйлагың келсе, ыйлап ал. Кадимкидей жеңилдеп каласың. Кет десең, кетем. Кал десең, калам. Бирок көкүрөгүңдөгү күйүттү баспа“,— деп айттым».

Күйөөсү каза болгондо, Мэри-Энн көзү жашка, көкүрөгү муңга толуп турса да, күйүтүн унчукпай, тиштенип көтөргөн. Ал мындай дейт: «Башкалар үчүн жакшы үлгү болом деп, бүт баарын ичиме катыптырмын. Бирок убакыттын өтүшү менен кимдир бирөөгө таяныч болуп жүрө берсем, суй жыгыларымды түшүндүм. Ошондо: „Кой, аска-зоо боло бербей, ыйлагым келсе, ыйлап, ичимдегини эч нерсесин калтырбай чыгарып алайын“,— деп өзүмчө ойлондум».

Майк да, Мэри-Энн да бир ооздон: «Ыйлап, бугуңду чыгарып ал!» — деп кеңеш беришет. Алардын сөзүндө калет жок. Анткени көкүрөктөгү күйүт чыкса, аны менен кошо калдайган таштай оор жүк түшкөндөй эле болот. Ошондо адам муңга басыла бербей, жеңилдей түшөт. Күйүт тартуунун эч жаман жери жок экенин, өзүңдүн эмне болуп жатканыңды жакшы түшүнсөң жана көз жашыңды жашырбасаң, жабыркаган жан дүйнөң батыраак айыгат.

Эске ала турган нерсе, баары эле опокшош күйүт тарта бербейт. Шум ажал жакшы көргөн адамыңды сурак-сопкуту жок эле колдон сууруп кетеби же азаптуу оорудан каза болобу, мына ушуга жараша ар ким ар кандай күйүт тартат. Бирок ичтеги кайгыга эрк бербей, туткундай берсек, анын ден соолукка да зыян келтирери, жан дүйнөнү да жабыркатары турган иш. Андыктан ичиңен сыздай бербей, бугуңду чыгар. Буга байланыштуу Ыйык Китепте эң сонун кеңештер жазылган.

Бугуңду чыгар

Кимдир бирөө менен чечилишип сүйлөшүүнүн бир топ пайдасы болот. Он баласынан бирдей айрылып, анысы аз келгенсип, мал-мүлкүнөн, ден соолугунан ажыраганда Аюп пайгамбар: «Жашоом жаныма жийиркеничтүү болуп жатат. Мен ичимдеги кайгымды төгөм, жаным кыйналганынан сүйлөйм!» — деп сыздап жиберген (Аюп 1:2, 18, 19; 10:1). Пайгамбардын күйүтү орун таппай, көөдөнүн тээп чыккан. Ал ичиндеги бугун чыгарып, сүйлөшкүсү келген. «Макбет» чыгармасын жараткан айтылуу англис жазуучусу Шекспирдин да: «Сай сөөгүңдү сыздаткан муң-арманга эркиндик бер, камаба. Төк көз жашты, чыгар букту, кайран жүрөктү кыйнаба»,— деп жазганы бар.

«Ыйлашарга өз жакшы» деген сөз бар эмеспи. Андыктан сени кунт коюп угуп, боорукердик менен мамиле кыла турган «чыныгы досуң» менен сүйлөшсөң, бушайман болуп жаткан жан дүйнөң кичине тынч ала түшөт (Накыл сөздөр 17:17). Кандай сезимде болуп жатканыңды кимдир бирөөгө төкпөй-чачпай айтып бер. Ошондо эмне болуп жатканыңды түшүнөсүң жана күйүттү жеңилирээк көтөрүп кете аласың. Бир учурда жакын адамынан айрылып, бирок белин бек бууп, турмуштук сапарын улантып жаткан киши менен сүйлөшсөң, андан жакшы. Анткени ал кайгыңа ортоктош болуп, жакшы кеңештерди бере алат. Мисалга, баласынан айрылган бир эне, өзүнө окшоп, баласын жерге берген башка аял менен сүйлөшкөнү ага кандайча жардам бергени тууралуу: «Мендей болуп, оор жоготууга учурап, бирок сынбай, таптакыр бүк түшүп жатып калбай, андан ары жашоосун улантып жаткандар бар экенин билгенде кадимкидей чыйрала түшкөм»,— дейт.

Ыйык Китептеги окуялардан көрүнүп тургандай, сезимдериңди кагаз бетине түшүрүү бугуңду чыгарууга жардам берет

Эгер ичиңдегини кимдир бирөөгө айта албай жатсаңчы? Жанындай жакшы көргөн досу Жонатан менен анын атасы Шабул каза болгондо, Дөөтү пайгамбар көз жашын төгүп, кайгысын ыр саптарына салган. Ал ыр саптары кийинчерээк Ыйык Китепке жазылып калган (2 Шемуел 1:17—27; 2 Жылнаама 35:25). Анын сыңарындай, айрымдарга сезимдерин кагаз бетине түшүрүү оңой болот. Алсак, жолдошу кайтыш болгон бир аял сезимдерин кагазга жазып, эртеси окуп турчу. Ошол нерсе ага буулукпай, өзүн жеңил сезүүгө жардам берип келген.

Кайгы-муңду кагаз бетине түшүрөсүңбү же кимдир бирөөгө айтып бересиңби, кандай болбосун, бул сага калыбыңа келүүгө жардам берет. Андан тышкары, бул башкаларга таарынбаганга көмөк кылат. Баласы чарчап калган бир эне мындай дейт: «Жолдошум экөөбүз баласы чарчап калган жубайлардын ажырашып кеткенин укканбыз. Биз да ошондой болуп калгыбыз келген эмес. Ошон үчүн бири-бирибизге ачууланып, күнөөлөй баштаганда өзүбүздү кармап, жай отуруп сүйлөшчүбүз. Ушунун аркасында бири-бирибизге ого бетер ынак болуп калдык». Демек, эки киши ичиндегисин ачык айтып, сүйлөшүп турушса, экөө бирдей жоготууга учураса да, ар кимдин ар кандайча күйүт тартарын түшүнө алышат.

Бугуңду чыгара ыйлоо да көкүрөккө мелт-калт толгон күйүттү бөксөртүүгө жардам берет. Ыйык Китепте: «Ыйлай турган убак бар»,— делет (Насаатчы 3:1, 4). Ал эми жакын адамыбыздан айрылган учур, чынында эле, ыйлай турган убак. Андайда көз жашты төгүү дартка даба болору шексиз.

Апасынан ажыраган бир кызга жакын досу оор кыйынчылыкты көтөрүп кеткенге жардам берген. Ал: «Досум ыйласам, кошо ыйлап, сүйлөсөм, дит коюп угуп, жаныман карыш жылган жок. Анын көзүнчө ыйлагандан, кандай сезимде болуп жатканымды көрсөткөндөн тартынчу эмесмин. Ойлосом, мага так ошол нерсе керек болуптур»,— деп эскерет. (Римдиктер 12:15ти карагыла.) Сен да ыйлагандан эч уялба. Буга чейин окуганыбыздай, Иса пайгамбар да, Кудайдын башка кызматчылары да «эл эмне дейт» деп, ыйлабай коюшкан эмес (Башталыш 50:3; 2 Шемуел 1:11, 12; Жакан 11:33, 35).

Кайсы улуттан болбосун, бардык эле адамдар көңүл айтып, жубаткандарга ыраазы болушат

Кээде сезимдериңди башкара албай, өзүңдү өзүң түшүнүү кыйын болот. Туруп-туруп эле ыйлап жиберишиң мүмкүн. Бир жесир аял жолдошу экөө барып жүргөн дүкөнгө киргенде адатынча күйөөсү жакшы көргөн азык-түлүктөр сатылган текчеге барып алчу экен. Ошондо көзүнөн жаш токтобой, буркурап ыйлачу экен. «Мен ыйлабашым керек, кайраттуу болушум керек» — деп, өзүңдү кыйнаба. Күйүт тарткан адамдын кайгысы көз жашка айланары табигый нерсе экенин эсиңен чыгарба.

Өзүңдү күнөөлүү сезип жатсаң...

Буга чейинки бөлүмдөрдө айрымдардын жакын адамы каза болгону үчүн өзүн күнөөлөгөнү тууралуу кеп кылынган. Байыркы учурда да Жакып пайгамбар уулу Жусупту «жырткыч жара тартып... кетти» деп ойлоп, боздоп ыйлаган. Ал ошондо өзүн күнөөлөгөн чыгар. Анткени аны агаларынын ал-жайын билип келгени өзү жиберген болчу. Ал: «Кайдан гана аны жалгыз жибере калдым эле! Талаада жырткычтар жортуп жүрөрүн билип туруп, эмнеге жибердим экен!» — деп, өзүн жей берсе керек (Башталыш 37:33—35).

Балким: «Менден эле кетип калды. Ал өлмөк эмес»,— деп ойлоп, сен да өзүңдү жемелеп жүргөндүрсүң. Чынында эле ошондой болгонбу же өзүң ошентип ойлоп жатасыңбы, адамдын өзүн күнөөлөгөнү күйүт тартуунун ажырагыс бөлүгү экенин унутпа. Ичтен сызып жүрө бербе, ой-сезимдериңди ишенген адамыңа айтып, желкеңди ныгыра басып турган жүгүңдү жеңилдет.

Эске алчу нерсе, ар бир адам «күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылышы» мүмкүн. Жакын адамыбызды канчалык жакшы көрбөйлү, дайыма жанында болуп, аны бардык нерседен калкалап жүрө албайбыз (Насаатчы 9:11). Анын үстүнө, сен кантип эле ага жамандык кааламак элең! Мисалы, аны эртерээк ооруканага жаткыра албай калганың анын өлүп калышын каалаганыңды билдиреби? Албетте, жок. Анда анын өлүмүнө өзүңдү күнөөлөгөнүң туурабы?

Кызы жол кырсыгынан каза тапкан бир эне: «Кызымды бир жакка жибергеним үчүн өзүмдү бир топко чейин кажып жүрдүм. Бирок убакыттын өтүшү менен мунун туура эмес экенин түшүндүм. Бирдеке-сирдеке сатып келгени атасы менен жибергенимдин эч жаман жери болгон эмес. Айла канча, ажал айтып келбейт тура»,— деген.

«Аттиң ай, муну айтып калбай, тигини кылып калбай»,— деп бармагыңды тиштеп калган учурларың да болушу мүмкүн. Бирок кимибиз эле мыкты ата, мыкты эне же мыкты бала болгонбуз деп айта алабыз? Ыйык Китепте: «Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам»,— деген сөздөр бар (Жакып 3:2; Римдиктер 5:12). Ошондуктан бирде болбосо, бирде ката кетирериңди мойнуңа алганың акылдуулукка жатат. «Тигини кылсам болмок, муну кылсам болмок»,— деп кейий бергенден эч кандай пайда жок. Тескерисинче, бул жан дүйнөңдү кемирип-кесип, таптакыр суй жыгылтат.

Бирок өзүңдү күнөөлүү сезип жатканыңа, чынында эле, жүйөлүү себептер болсо, Кудайдын ырайымдуу экенин көкүрөгүңө түйүп ал. Ыйык Китепте: «Эгер сен, Жах, күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат? Адамдар[ды]... кечиресиң»,— деп жазылган (Забур 130:3, 4). Тилекке каршы, эч кимибиз убакытты артка түрдүрүп, каталарыбызды оңдой албайбыз. Бирок биз Кудайдан кечиришин сурап жалынсак болот. Эгер Кудай каталарыбызга көз жумуп, бизди кечирип жатса, анда биз өткөн-кеткендерди унутканга ого бетер аракет кылышыбыз керек эмеспи?! (Накыл сөздөр 28:13; 1 Жакан 1:9).

Ачууланып жатсаң...

Доктурларга, жоро-жолдошторуңа, атүгүл маркумдун өзүнө ачууланган жоксуңбу? Мунун да адаттан тыш көрүнүш эмес экенин эске алганың дурус. Кээде ыза-күйүт көкүрөктөн ошондой жол менен чыгышы мүмкүн. Бир жазуучу: «Ачууланып жатканың табигый нерсе экенин түшүнгөнүң эле жетиштүү болот. Бирок ачууңдун тизгинин коё бердиң дегиче эле бүттү. Ал сенин таш-талканыңды чыгарат»,— деп жазган.

Мындан тышкары, ачууланып жатканыңды кимдир бирөөгө билдирсең болот. Кантип? Албетте, ага ачууң менен бир тийгениң туура эмес болуп калмак. Ыйык Китепте кечке эле ачуулана берүүнүн кооптуу экени айтылат (Накыл сөздөр 14:29, 30). Бирок сезимдериңди көңүлүңө жөлөк болгон досуңа айтып бергениң алда канча пайдалуу болот. Кээ бирлер көл-шал болгуча көнүгүүлөрдү жасаганда ачуусу тарап кетерин байкашкан. (Эфестиктер 4:25, 26ны да карагыла.)

Албетте, кимдир бирөө менен сүйлөшүп жатканда чынчыл, ачык болгонуң туура дечи. Бирок сак бол. Башкаларга өзүңдү кандай сезип жатканыңды айтып бергениң менен аларга атырылганыңдын ортосунда чоң айырма бар. Кыжырданып, туталанып жатканыңа алар күнөөлүү эмес. Андыктан ачууга алдырбай, өзүңдү кармап, сабырдуу болгонго аракет кыл (Накыл сөздөр 18:21). Бактыга жараша, оор учурда бизге аскар тоодой медер боло турган бирөө бар. Кел эми, ушул тууралуу кененирээк сүйлөшөлү.

Кудайга таян

Ыйык Китептен: «Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын, кыйналгандарды куткарат»,— дегенди окуйбуз (Забур 34:18). Ооба, жакын адамыңан айрылып, асманың жерге түшүп турганда Кудайдай сага эч ким жардам бере албайт. Мисалы, жогоруда кеп кылынган кеңештердин баары Кудайдын жетеги менен жазылган Ыйык Китептен алынды. Ал кеңештерди колдонсоң, күйүттү жеңилирээк көтөрүп кетесиң.

Андан тышкары, тиленүүнүн да чоң жардам берерин унутпа. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— деп айтылган (Забур 55:22). Жароокер досуң менен сүйлөшкөндө аябай жеңилдеп каласың, чынбы? Анда «ар кандай жагдайда сооротуучу Кудайга» жүрөгүңдөгүнү төккөндө ого бетер жеңилдеп каларыңа шектенбе (2 Корунттуктар 1:3).

Бирок тиленип койсоң эле, баары сонун болуп калбайт. «Тиленүүлөрдү Угуучу» Кудай чын жүрөктөн сурагандарга ыйык рухун берүүнү убадалайт (Забур 65:2; Лука 11:13). Ыйык рух «адаттан тышкаркы күчкө» толтуруп, андан ары жашоого көмөк кылат (2 Корунттуктар 4:7). Ооба, Кудай башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын көтөрүп кеткенге жардам берет.

Кызынан айрылган бир аял жолдошу экөөнө Кудайдан жардам сурап тиленүү кадимкидей күч бергенин айтып мындай дейт: «Кайгыбыз жаныбызга батып, кирпик кага албай, кыйналган түндөрү Кудайга катуу үн чыгарып жалбарчубуз. Жыйналыштан, жыйындан чырагыбыздын орду бош калганын көрүп, канча сыздап жүрдүк. Ошондой учурларда да тиленчүбүз. Эртең менен ойгонорубуз менен кызыбызды жоктоп, көзүбүзгө ачуу жаш тегеренип кетчү. Ошондо да дароо тиленер элек. Үйдө эч ким жокто үйдүн босогосун аттай албай, канча кыйналып жүрдүм. Айла жок, киргенге туура келчү. Бирок дароо Жахабадан жан дүйнөмө тынчтык беришин сурап тиленчүмүн». Бул келин тиленүүнүн зор күчкө экенине өз тажрыйбасынан ынанган. Сен да кайра-кайра тиленүүнүн аркасында «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы» жүрөгүң менен акылыңды сактай турганына ынана аласың (Филипиликтер 4:6, 7; Римдиктер 12:12).

Ооба, Кудайга таянуунун аркасында күйүттү көтөрүү кыйла жеңил болот. «Кудай бизди кандай сооротсо, биз да ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгондорду ошондой соорото алышыбыз үчүн, ал бизди, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот»,— деп жазылган Ыйык Китепте. Кудайдын жүрөгүбүздөгү кайгыны алып салбасы чын, бирок ал күч берет. Албетте, анын күч бергени сенин таптакыр ыйлабай же маркумду таптакыр унутуп каларыңды билдирбейт. Бирок Кудайдын жардамы менен жабыркаган жан дүйнөң акырындап калыбына келет. Убакыттын өтүшү менен өзүң да күйүт тартып жаткандарды көбүрөөк түшүнүп, аларга жөлөк-таяк боло аласың (2 Корунттуктар 1:4).