Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-СУРОО

Ыйык Китеп мага кандайча жардам берет?

Ыйык Китеп мага кандайча жардам берет?

МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮ

Ыйык Китепте: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— делет (2 Тиметей 3:16). Эгер чын эле ошондой болсо, ал сага туура багыт бере алат.

СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?

Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Эрнис чоочун жерде машине айдап баратат. Көчөдөгү белгилер, тегерек-четтин баары ага өөн учурайт. Ал адашып башка жолго түшүп алганын түшүнөт.

Анын ордунда болсоң, эмне кылат элең?

ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!

Мунун бир нече жолу бар:

  1. А. Бирөөдөн жол сурайсың.

  2. Б. Картаны же GPSти колдоносуң.

  3. В. Жолду таап алам деп кете бересиң.

Үчүнчүсүн тандасаң, эч майнап чыкмак эмес.

Ал эми экинчиси биринчисине караганда жакшыраак. Себеби карта же GPS дайыма жаныңда болгондуктан, керек учурда колдоно аласың.

Ыйык Китеп тууралуу да ушуну айтууга болот.

Кеңири тараган ал китеп

  • кыйынчылык учурунда жол көрсөтөт

  • өзүңдү таанып-билип, жакшы адам болгонго жардам берет

  • жашоодогу эң мыкты жолду табууга көмөк кылат

МААНИЛҮҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРЕТ

Тилибиз чыккандан тартып эле суроолорду бере баштайбыз.

  • Эмне үчүн асман көк?

  • Жылдыздар эмнеден жасалган?

Чоңойгон сайын андан маанилүүрөөк суроолор жөнүндө ойлоно баштайбыз.

Бул суроолордун жообу Ыйык Китепте тээ илгери эле бар болчу.

Көптөр Ыйык Китепте уламыштар менен жомоктор камтылган, эскирип калган же түшүнүүгө кыйын деп ойлошот. Бирок кеп Ыйык Китептин өзүндөбү же адамдардын ал жөнүндө бурмаланган маалыматтарды укканындабы?

Алсак, айрымдар Ыйык Китепте бул дүйнөнү Кудай башкарат деп жазылган деп ойлошот. Бирок кантип ошондой болсун?! Азыр дүйнөдө баш аламандык өкүм сүрүүдө. Азап-кайгы, оору-сыркоо, өлүм-житим, жакырчылык, табигый кырсыктар күч алууда. Ушунун баарына кантип эле мээримдүү Кудай жооптуу болсун?

Мунун жообун билгиң келеби? Ыйык Китептен дүйнөнү ким башкарып жатканы жөнүндө билгенде таң калышың мүмкүн.

Бул китепчедеги кеңештердин Ыйык Китепке негизделгенин байкагандырсың. Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте туура жетекчилик камтылганына ишенишет. Анткени ал «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн... пайдалуу» (2 Тиметей 3:16, 17). Байыркы учурда жазылган, бирок замандын талабына ылайык келген ал китепти сен да изилдеп көрбөйсүңбү?