Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ДҮЙНӨ ЖҮЗҮ БОЮНЧА КАБАР АЙТУУ ЖАНА ОКУТУУ

Америка

Америка
  • ӨЛКӨЛӨР: 57

  • КАЛКЫ: 980 780 095

  • ЖАРЧЫЛАР: 4 034 693

  • ЫЙЫК КИТЕПТИК ИЗИЛДӨӨЛӨР: 4 339 285

Жыйналышка барган жетим балдар

Суринамда жашаган Анжела үйүнүн жанындагы балдар үйүнө кирип, башчысынан балдарга кабар айтууга уруксат сурайт. Балдар үйүнүн башчысы жигердүү эмес болуп калган бир тууган болгондуктан Анжелага уруксат берет. Анжела 85 бала менен сүйлөшүп, jw.org сайтындагы видеолорду көрсөтөт. Натыйжада көбү менен изилдей баштайт. Ага дагы эки пионер кошулуп, балдарды топ-топко бөлүп изилдөө өткөрүшөт. Жигердүү эмес болуп калган бир тууган балдарга ыр китептеги бир ырды үйрөтүп койгонун, кечинде болсо Ыйык Китептеги аңгемелерди окуп берип жүргөнүн айтат. Ошондой эле жыйналышка аябай баргысы келерин, бирок балдарды кароосуз калтырып кете албай турганын билдирет. Акыры, бир туугандар анын 85 бала менен жыйналышка барышына кам көрүшөт. Балдар үйү Падышалык залына жакын болгондуктан, балдар жөө барышат. Ал эми аларды коштоп барууга бир туугандар жардам беришет. Учурда жигердүү эмес жарчы да, 85 бала да жыйналышка дайыма барышат.

Габриел таятасына жардам берген

Парагвай: Габриел таятасы менен сүйлөшүп жатат

Парагвайдагы жыйындан келатканда 6 жашар Габриел Падышалык жөнүндө кабар айтуу канчалык маанилүү экенин ойлонот. Ал бейиште таятасы менен болгусу келгендиктен ага кабар айтууну чечет. Бирок таятасы чындыкка кызыкчу эмес, атүгүл Жахабанын Күбөсү болгон аялы менен балдарына каршы болчу.

Габриел ошол күнү ата-энесинен видеобайланыш аркылуу Аргентинада жашаган таята-таенеси менен сүйлөштүрүшүн суранат. Анан таятасына Ыйык Китепти изилдөө эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүп, андан: «Таята, Ыйык Китепти мени менен изилдегиңиз келеби?» — деп түз эле сурайт. Таятасы макул болот. Габриел ага «Кудайды угуп, түбөлүк жашагыла» деген китепчени изилдөөнү сунуштайт. Алар ал китепчени бир нече ай бою изилдешет. Экөө тең жакшы окуй албагандыктан, алдын ала окуп даярданышчу. Габриел ар бир изилдөөгө жакшы даярданып, изилдөөнү көйнөгүн кийип, галстугун тагынып алып өткөрчү.

Кийинчерээк таята-таенеси алардыкына бир нече жумага конокко барат. Ошол убакыт аралыгында таятасы алар менен жыйналышка барат. Ал эми Аргентинага кайтып барганда ошол жактагы бир бир тууган менен изилдөөсүн улантып, ийгилик кылат жана убакыттын өтүшү менен чөмүлө элек жарчы болот. Азыр Габриелдин таятасы менен таенеси күн сайын чогуу тиленет. Габриел да ийгилик жасап, учурда чөмүлө элек жарчы болуп кызмат кылууда. Таятасынын болсо өзүн Жахабага арнап чөмүлөм деген каалоосу бар.

«Сенин келгениң бекеринен болбоптур»

Бразилияда жашаган Женифер «Өлгөн адамдар кайра жашайбы?» деген баракча таратып жүрүп, бир үйдүн эшигин тыкылдатып калат. Ал үйдөн чыккан аял жакын досу каза болуп, ошол жакка шашып баратканын айтат. Женифер ага өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө жазылган баракча берейин дегенин айтат. Ал аял баракчаны ойлонуп карап калат да, аны алат. Женифер ага маркумдун күйүт тартып жаткан үй-бүлөсүнө бир нече баракча ала барууну сунуштайт. Аял анын айтканын туура көрүп, тогуз баракча сурап алат.

Бир нече күндөн кийин Женифер ага кайра барат. Ошондо ал Жениферге: «Өткөндө сенин келгениң бекеринен болбоптур. Сени мага Кудай өзү жибериптир. Сен мага аябай керек болуп турган нерсени алып келиптирсиң»,— деп айтат. Ал аял Жениферден алган баракчалардын баарын таратыптыр. Ал эми маркумдун тууганы сөөк узатарда айтылчу сөздү сүйлөп жатып ошол баракчаны окуп бериптир. Анда айтылгандар баарына жаккандыктан аялга ыраазычылык билдиришиптир. Ал аял ошондон кийин Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон.

Тап-тапта күбөлөндүрүү

Гаитидеги Бейтелде кызмат кылган үч бир тууган сырты кооз тап-тап деп аталган коомдук унаа менен бир жакка баратышкан. Барчу жери 2 жарым сааттык жол болгондуктан жолду карай жүргүнчүлөргө кабар айтып, 50 журнал, 30 баракча таратышат. Алардын бири Курвитч бир жүргүнчүгө «Ойгонгула!» журналынан үзүндү окуп берип жатканда, Пэпэ деген жигит да угуп, сөзгө аралаша кетет. Анан ал Ыйык Китепти изилдегиси келерин айтат. Көрсө, ал Курвитч кызмат кылган жыйналыштын аймагында жашайт экен. Пэпэ 2014-жылдын январында кабарды биринчи жолу уккандан бери жыйналышты жана жыйындарды калтырбай барат. Учурда Ыйык Китептен билгендерин башкаларга айтып, чөмүлө элек жарчы болууга умтулуп жатат.