Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

БЫЛТЫРКЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

Шри-Ланкадагы филиалды арноо аземи

Шри-Ланкадагы филиалды арноо аземи

БУЛ кооз аралдагы бир туугандар филиалдын арноо аземине 19 өлкөдөн келген 130 делегатты жылуу тосуп алышты. Алардын улуттук кийимдери бул өзгөчө окуяга көрк кошуп, балдардын Падышалык ырларын ырдаганы баарын шаңга бөлөдү. Коноктор жергиликтүү маданияттын ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн көрүп, тамак-ашынан даам сызып, жагымдуу музыкага ырахаттанып, бир туугандар менен пикир алышышты.

Жаңы салынган жана оңдолуп-түзөлгөн имараттарды арноо аземи 2014-жылы, 11-январда, ишемби күнү болуп өттү. Үч тилге которулган программаны 893 киши укту. Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Марк Сандерсон: «Бул жаңы имараттарды Жахаба Кудайга арнагыңар келеби?» — деп сураганда, баары дүркүрөтө кол чабышты.

Эртеси күнү 7 701 киши арноо аземинин программасын жана Марк Сандерсондун бекемдээрлик баяндамасын укту. Программа беш жерге трансляцияланды. Ал жердеги бир туугандар Падышалык ырларын ырдап жатканда бири-бирин биринчи жолу уга да, көрө да алышты. Бул тарыхый окуя чынында эле баарын «чоң кубанычка бөлөдү» (Нек. 12:43).