Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

СИЛЕР жашаган жерге бир догдур көчүп келди дейли. Башында анын жакшы догдур экенине шектенишиңер мүмкүн. Бирок досторуңардын айрымдары ал догдурга көрүнүп, жакшы болуп кетсе, эмне кылат элеңер? Силер да ага көрүнгөнү барат белеңер?

Ыйык Китепти кандайдыр бир мааниде бул мисалдагы догдурга салыштырсак болот. Айрымдар андагы кеңештер адамдарга оңолгонго, жашоосун өзгөрткөнгө жардам берерине көп деле ишене беришпейт. Бирок алар Ыйык Китептеги кеңештерди иш жүзүндө колдонушканда жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөнүн көрүп, аябай таң калышат. Келгиле, бул айтылгандарды тастыктаган айрым мисалдарга токтололу.

Никедеги кыйынчылыктарыбыз чечилди

Бир аял мындай деп ой бөлүшөт: «Жаңы турмушка чыкканымда күйөөм мага көңүл бурбайт деп ойлой берчүмүн. Жалгызсырап, көңүлүм аябай чөккөндүктөн ачууланып, кээде ага кыйкырып, колума эмне тийсе, ошо менен уруп жиберчүмүн. Акырында ушундай жашоодон өзүм да тажап калгам.

Жолдошум Ыйык Китепти изилдей баштаганда, аны аябай шылдыңдап жүрдүм. Бирок ал изилдеп жаткан маалда башка бөлмөдөн алардын эмне жөнүндө окуп жатышканын тыңшай берчүмүн. Бир жолу Ыйык Китептен: „Аялдар күйөөлөрүнө Мырзабызга [Иса пайгамбарга] баш ийгендей баш ийишсин... аял... күйөөсүн терең урматтасын“,— деген аятты окуп жатышканын угуп калдым (Эфестиктер 5:22, 33). Ошол сөздөр жүрөгүмдү көзөп өттү. Күйөөмө жаман мамиле кылып жүргөнүм үчүн Кудайдан кечирим сурап, „жакшы аял болуп өзгөргөнгө жардам бер“ деп жалындым. Көп өтпөй мен да күйөөмө кошулуп Ыйык Китепти изилдей баштадым».

Азыр бактылуу жашап жатабыз

Ыйык Китепте: «Күйөөлөр аялдарын өз денесин сүйгөндөй сүйүшү керек»,— деп да жазылган (Эфестиктер 5:28). Ал аял Ыйык Жазмадагы кеңештерди иш жүзүндө колдонуудан кандай пайда алганы жөнүндө мындай деп сөзүн улайт: «Окуп-билгендерибиз экөөбүздүн жүрөгүбүздү козгоду. Күйөөм жумуштан келген маалда чайын даярдап, ага жумшак сүйлөй баштадым. Ал болсо мага көбүрөөк көңүл буруп, үй жумуштарына да кол кабыш кылып калды. Экөөбүз тең „кайрымдуу, боорукер болгонго“, бири-бирибизди „айкөлдүк менен кечиргенге“ үйрөндүк (Эфестиктер 4:32). Бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле кылгандын аркасында абдан ынак болуп калдык. Жубайларга берилген Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан экөөбүз 40 жылдан ашуун убактан бери бактылуу жашап келе жатабыз».

Ачууга алдырбай калдым

Ачуусу чукул болгон бир киши мындай дейт: «Жиним аябай жаман болчу. Кичине бир нерсе болсо эле мушташа кетип, атып салам деп коркутчумун. Аялымды да көп сабачумун. Ачуум келгенде аны аячу эмесмин. Көптөр менден аябай коркушчу.

Күнүгө кечинде Кудайга чогуу тиленебиз

Бир күнү Инжил китебинен Иса пайгамбардын: „Силерге жаңы осуят берем... Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө“,— деген сөздөрүн окуп калдым (Жакан 13:34). Бул сөздөр мага кулк-мүнөзүмдү түп-тамыры менен өзгөрткөнгө түрткү берди. Катуу ачуум келгенде өзүмдү кармай билгенге жардам беришин сурап Кудайдан тиленчүмүн. Бара-бара ачууга алдырбай калдым. Аялым экөөбүз тең Ыйык Китептеги: „Ачууңарды күн батканча баскыла, Ибилиске орун бербегиле“,— деген кеңешке ылайык иш кыла баштадык (Эфестиктер 4:26, 27). Азыр экөөбүз тең Ыйык Китепти күнүгө кечинде чогуу окуп, Кудайга чогуу тиленип турабыз. Ошонун аркасында майда-чүйдө нерселерге көп маани бербей, ынак боло баштадык.

Учурда мен эч ким менен урушпаганга аракет кылам. Аялым да, балдарым да мени жакшы көрүп, сыйлап турушат. Досторум да көп. Кудай менен болгон мамилем бекем. Азыр абдан бактылуумун деп айта алам».

Чылымды, ичкиликти, баңгизатты таштадым

Баңгиликти таштап, Кудайга кызмат кылып жатам

Жаш кезинен ичкиликке берилип, баңгизат колдонуп жүргөн бир киши мындай дейт: «Мен жаман балдарга кошулуп кеткем. Эс-учумду билбей калгыча ичип алып, көчөгө жатып калган күндөрүм далай болгон. Тамекини да аябай тартчумун. Атүгүл нашаа чегип, башка да баңгизаттарды колдонуп, аларды сатчумун. Аларды ок өтпөгөн кийимимдин ичине катып жүрчүмүн. Сыртымдан эч нерседен коркпогондой көрүнсөм да, чынында, дайыма коркуп жашачумун.

Бир күнү бир киши мага Ыйык Китептен: „Уулум, менин мыйзамымды унутпа... ошондо жашаган күндөрүң менен өмүр сүргөн жылдарың узарып, тынчтыкка ээ болосуң“,— деген сөздөрдү окуп берди (Накыл сөздөр 3:1, 2). Мен узак өмүр сүрүп, тынч жашоону самап жүргөн элем. Ыйык Китептен: „Сүйүктүү бир туугандарым, бизге ушундай убадалар берилген соң, келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланып, Кудайдан коркуу менен ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели»,— деген сөздөрдү да окудум (2 Корунттуктар 7:1). Ошондон кийин баңгизатты таштап, жаман жолдошторума кошулбай, Кудайга кызмат кыла баштадым.

Баңгизат менен ичкиликти таштаганыма 17 жыл болду. Азыр ден соолугум чың, жакшынакай үй-бүлөм, досторум бар. Абийирим да таза. Мурун ичип алып көчөдө жатып калсам, азыр жылуу-жумшак төшөгүмө жатып, тынч уктайм».

Жек көрүү сезиминен арылдым

Башка улуттагы адамдарды жек көрүп келген бир киши мындай деп эскерет: «Өспүрүм курагымда кылмыштуулук көп болгон аймакта жашачубуз. Мен, өзгөчө, бир улутту жек көрчүмүн. Ошол улуттагы адамдарга көп жамандык кылдым.

Кийинчерээк Кудай жөнүндө билгим келе баштады. Бир күнү Ыйык Китепти изилдеген кишилер чогулган жерге барып калдым. Ал жерге ар кайсы улуттагы адамдар барат экен. Алардын арасынан мен жек көргөн улуттагы адамдарды да көрдүм. Бирок алардын баары мени жылуу тосуп алышты. Ар кайсы улуттан болгонуна карабай, баары бири-бирине жакшы мамиле кылып, жакшы пикирлешип жатышканын көрүп, аябай таң калдым. Ошондо Ыйык Китепте айтылгандай, „Кудайдын бет карама эмес экенин... андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын“ түшүндүм (Элчилер 10:34, 35).

Ошентип, жүрөгүмдү ууландырып келген жек көрүү сезиминен арылдым. Мурда мен жек көргөн улуттагы адамдардын айрымдары азыр менин эң жакын досторум. Кудай мага Ыйык Китеп аркылуу башка элдерди сүйгөнгө үйрөттү».

Башка улуттагы адамдарды сүйгөнгө үйрөндүм

Зөөкүр болбой калдым

Мурда кылмышкер болгон бир киши өткөн жашоосун эскерип мындай дейт: «Өспүрүм кезимде эле үч жолу түрмөгө отуруп чыккам. Эки жолу уурулук үчүн, бир жолу бир кишини сайып салганым үчүн отургам. Кийинчерээк төңкөрүш жасоону көздөгөн топко кошулуп, көп кишинин канын төктүм. Өлкөдөгү жаңжал басылгандан кийин, „рекеттердин“ башчысы болуп кеттим. Жанымда дайыма жан сакчыларым жүрчү. Мен жеткен зөөкүр киши болгондуктан, башкалар коркуп турушчу.

Мен азыр башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берем

Анан бир күнү Ыйык Китептен: „Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт“,— деген аяттарды окуп калдым (1 Корунттуктар 13:4, 5). Бул сөздөр жүрөгүмө жете түштү. Ошондон кийин башка жакка көчүп кетип, Ыйык Жазманы изилдеп, андагы кеңештерди колдоно баштадым.

Азыр баягы зөөкүрлүгүм жок. Туура жолго түшүп, башкаларга Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жүргөндүктөн, жашоом маңыздуу өтүп жатат».

Алланын Сөзү күчтүү

Жогоруда айтылган жана башка көп сандаган окуялар «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү» экенин тастыктап турат (Еврейлер 4:12). Андагы кеңештер ары жөнөкөй, ары пайдалуу.

Кандай гана кыйынчылыктарга туш болбогула, Ыйык Жазмадагы кеңештер силерге да жардам берет. «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот» (2 Тиметей 3:16, 17).

Ошондуктан, келгиле, Алла-таала жөнүндө Ыйык Жазмада эмне делгенин карап чыгалы.