Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Эмне үчүн Исанын чыныгы жолдоочулары айкаш жыгачка сыйынышпайт?

Эмне үчүн Исанын чыныгы жолдоочулары айкаш жыгачка сыйынышпайт?

МИЛЛИОНДОГОН адамдар айкаш жыгачты (крестти) ыйык тутушат. «Британ энциклопедиясында» айкаш жыгач «христиан дининин негизги символу» деп айтылат. Бирок Исанын чыныгы жолдоочулары ага сыйынышпайт. Эмне үчүн?

Мунун негизги себеби Иса Машаяк айкаш жыгачта өлгөн эмес. «Айкаш жыгач» деп которулган ставро́с деген грек сөзү «учтуу түз жыгачты же устунду» билдирет. Бир эмгекте: «[Ставро́с] эч качан бири-бирине... айкалыштыра бекитилген эки устунду билдирген эмес... Грек тилинде жазылган [Жаңы Келишимдин] эч жеринде анын эки устундан турганы айтылбайт»,— делет («The Companion Bible»).

Иса кадалган устун жөнүндө айтылган айрым аяттарда кси́лон деген да грек сөзү колдонулат (Элчилер 5:30; 10:39; 13:29; Галатиялыктар 3:13; 1 Петир 2:24). Ал сөз «устун», «таяк же бак» деген маанини туюнтат.

Херман Фульда өзүнүн бир китебинде жазага тартылган адамдарды мурун эмне себептен көп учурда устунга кадашканын мындайча түшүндүрөт: «Кылмышкерлерди эл алдында жазалоо үчүн тандалган жерлердин баарында эле бак-дарактар боло берген эмес. Ошондуктан жерге жөнөкөй эле устунду орнотушчу. Анан ага жазага тартылган адамдын колун өйдө көтөрүп, байлап коюшчу же мык менен кагышчу. Көп учурда бутун да устунга байлап же кагып коюшчу».

Бирок Иса Машаяктын айкаш жыгачта өлбөгөнүнө эң күчтүү далилди Кудайдын Сөзүнөн табабыз. Элчи Пабыл: «Машаяк бизди сатып алып, Мыйзамдын каргышынан бошоткон, өзү болсо биздин ордубузга каргышка калган. Анткени: „Устунга кадалган ар бир адам — каргышка калган адам“,— деп жазылган»,— деген (Галатиялыктар 3:13). Пабыл Мыйзам 21:22, 23-аяттардан цитата келтирген. Ал жерде айкаш жыгач жөнүндө эмес, устун тууралуу айтылат. Ага «каргышка калган адам» кадалчу. Ошондуктан Кудайдын кызматчылары айкаш жыгачка кадалган Исанын сөлөкөттөрүн кооздук үчүн үйлөрүнө коюшпайт же тагышпайт.

Иса Машаяк өлгөндөн кийин 300 жылдай убакыт аралыгында аны жолдогондордун айкаш жыгачка сыйынышканы тууралуу эч кандай билдирүү жок. 4-кылымда Рим императору Константин христиан динин кабыл алып, айкаш жыгачты христианчылыктын символу катары жарыялаган. Ал муну кандай ниет менен кылбасын, айкаш жыгачтын Иса менен эч кандай байланышы жок. Аны мурун бутпарастар колдонушкан. Бир энциклопедияда: «Айкаш жыгач христиан дини негизделгенге чейин жашаган элдердин да, христиан динин тутпаган элдердин да маданиятында кездешет»,— деп айтылат («Католиктик жаңы энциклопедия»). Башка булактарда айкаш жыгачтын табият күчтөрүнө сыйынууга жана бутпарастардын адеп-ахлаксыздык менен коштолуучу каада-салттарына байланышы бар экени айтылат.

Анда эмне үчүн өзүн христиан деп эсептегендер бутпарастардан келген бул символду кабыл алышкан? Сыягы, ал элдерди «христин динине» тартуу үчүн. Кандай болбосун, бутпарастардан калган ар кандай символдорго сыйынуу Ыйык Китепте ачыктан-ачык айыпталат (2 Корунттуктар 6:14—18). Ошондой эле анда буркандарга табынуунун бардык түрүнө тыюу салынат (Чыгуу 20:4, 5; 1 Корунттуктар 10:14). Мына ушундай жүйөлүү себептерден улам Исанын чыныгы жолдоочулары айкаш жыгачка сыйынышпайт *.

^ 5-абз. Айкаш жыгач тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» (ор.) деген китептин 202—206-беттерин кара.