Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Жан жана рух деген эмне?

Жан жана рух деген эмне?

СЕНИН оюңча, «жан» жана «рух» деген сөздөр эмнени билдирет? Көптөр алар адамдын ичиндеги көзгө көрүнбөгөн жана ал өлгөндөн кийин денесинен бөлүнүп чыгып, андан ары жашай бере турган нерсени билдирет деп ойлошот. Мындай түшүнүк кеңири таралгандыктан, көп адамдар анын Ыйык Китепке негизделбегенин билгенде таң калышат. Анда, Кудайдын Сөзүнө ылайык, «жан» жана «рух» деген сөздөр эмнени билдирет?

ЖАН ДЕГЕН ЭМНЕ?

Адегенде «жан» деген сөзгө токтололу. Ыйык Китеп негизинен еврей жана грек тилдеринде жазылганы эсиңде чыгар. «Жан» деген сөз — еврей тилиндеги не́феш жана грек тилиндеги психи́ деген сөздөрдүн котормосу. Бул эки сөз Ыйык Жазмада 800дөн ашык жолу кезигет. Алар «Жаңы дүйнө котормосунун» бардык жеринде — аяттардын өзүндө же шилтемесинде — «жан» деп берилген. «Жан» деген сөздүн Ыйык Китепте кандай контекстте колдонулганын изилдеп көрсөң, анын 1) адамдарды, 2) жан-жаныбарларды, 3) адамдын же жан-жаныбарлардын өмүрүн билдирерин байкайсың. Кел, бул сөздүн ушул үч мааниде колдонулганын көрсөткөн айрым аяттарды карап көрөлү.

Адамдар. «Нухтун күндөрүндө... аз эле киши, тактап айтканда, сегиз эле жан суудан аман калган» (1 Петир 3:20). Бул жерде «жан» деген сөз адамдарды: Нухту, анын аялын, үч баласын жана үч келинин билдирери айкын көрүнүп турат. «Жан» деген сөздүн бир же көп адамдарга карата колдонуларын төмөнкү аяттардан да көрүүгө болот: Башталыш 46:18; Жашыя 11:11; Элчилер 27:37, Римдиктер 13:1.

Жан-жаныбарлар. Ыйык Китепте Адам атанын ар бир тирүү жанга ат койгону тууралуу мындай делет: «Жахаба Кудай топурактан ар кандай жапайы жаныбарларды, асманда учкан канаттууларды жаратып, аларды эмне деп атай турганын көрүш үчүн адамга алып келе баштады. Адам ар бир тирүү жанды эмне деп атаса, ал ошентип аталып калды» (Башталыш 2:19). Бул аяттан «жан» деген сөздүн жапайы жаныбарларга да, канаттууларга да карата колдонулары көрүнүүдө. Канаттуулар менен башка жан-жаныбарлардын Ыйык Китепте жан деп аталарын бул аяттар да тастыктап турат: Башталыш 9:10; Лебилер 11:46; Сандар 31:28.

Адамдын өмүрү. Айрым учурларда «жан» деген сөз адамдын өмүрүн билдирет. Жахаба Муса пайгамбарга: «Тур, Мисир жерине кайтып бар, анткени сенин жаныңды издегендердин баары өлдү»,— деген (Чыгуу 4:19). Муса пайгамбардын душмандары эмнени издешкен? Алар анын өмүрүн кыюуну көздөшкөн. Андан бир топ жыл мурун жашаган Рахил уулу Бенжеминди төрөп жатканда катуу кыйналып, өлүм алдында тургандыктан, Ыйык Китепте «жан берерде» деген сөздөр колдонулган (Башталыш 35:16—19). Рахил ошондо кайтыш болгон. Иса Машаяктын сөзүнө да көңүл бурсаң. Ал: «Мен жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын берет»,— деген (Жакан 10:11). Иса өзүнүн жанын, тактап айтканда, өмүрүн бүткүл адамзат үчүн берген. Бул аяттардагы «жан» деген сөз адамдын өмүрүн билдирип турат. Анын ушундай мааниде колдонулганын төмөнкү аяттар да тастыктоодо: 1 Падышалар 17:17—23; Матай 10:39; Жакан 15:13 жана Элчилер 20:10.

Ыйык Китепти изилдөөнү уланта берсең, анын эч бир жеринде жандын өлбөс же түбөлүктүү экени айтылбаганын көрөсүң. Тескерисинче, анда жандын өлөрү айтылат (Жезекиел 18:4, 20).

РУХ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Эми Ыйык Китепте «рух» деген сөз кандай мааниде колдонуларын карап көрөлү. Айрымдар «рух» менен «жан» бирдей мааниге ээ деп ойлошот. Бирок андай эмес. Ыйык Китептен ал сөздөрдүн эки башка нерсени билдирери көрүнүп турат. Алардын ортосунда кандай айырма бар?

«Рух» деген сөз — еврей тилиндеги ру́ах жана грек тилиндеги пне́вма деген сөздөрдүн котормосу. Ыйык Жазмада бул сөздөрдүн мааниси ачылып берилет. Алсак, Забур 104:29да: «Жүзүңдү жашырсаң, алардын тынчы кетет. Өмүр демин [ру́ах] алсаң, өлүшөт да, топуракка кайтышат»,— деп жазылган. Бул аяттан рухтун денени жандандырып турган нерсе экени көрүнүүдө. Себеби ансыз дене өлүк. Ошондуктан Ыйык Китепте ру́ах деген сөз «рух» деп эле эмес, «күч» же «өмүр деми», «өмүр күчү» деп да которулат. Мисалы, Нух пайгамбардын күндөрүндө болгон Топон суу жөнүндө Кудай: «Асман астындагы өмүр күчү [ру́ах] бар денелердин баарын жок кылыш үчүн жер бетине топон суу каптатам»,— деген (Башталыш 6:17, шилтеме; 7:15, 22). Демек, рух — бул жаратуулардын баарын тирүү кылган көзгө көрүнбөгөн күч, өмүрдүн учкуну.

Жан менен рух — эки башка нерсе. Радио иштеши үчүн электр тогу керек болгондой эле, дене рухсуз жашай албайт. Радиого батареяларды салсаң, алардагы электр тогу радиону, мындайча айтканда, «жандандырат». Батареясыз ал иштебейт. Токко сайма радио жөнүндө да ушуну айтууга болот. Анын сыңарындай, рух — бул денебизди жандандырган күч. Электр тогундай эле, рух эч нерсе сезе да, ой жүгүртө да албайт. Ал тирүү эмес. Бирок рух, башкача айтканда, өмүр деми болбосо, забурчу айткандай, денебиз «топуракка кайтат».

Адам өлгөндө эмне болору тууралуу Насаатчы 12:7де: «Топурак кайрадан жерге — мурунку жайына — кайтат, ал эми чыныгы Кудай берген өмүр деми кайрадан Ага кайтат»,— деп айтылат. Рух — өмүр деми — денеден чыкканда, дене өлүп, өзү жаралган жерге кайтат. Ал эми өмүр деми анын булагы болгон Кудайга кетет (Аюп 34:14, 15; Забур 36:9). Бул анын түзмө-түз мааниде асманга сапар тартарын билдирбейт. «Чыныгы Кудай берген өмүр деми кайрадан Ага кайтат»,— деген сөздөр өлгөн адамдын келечектеги жашоого болгон үмүтү толугу менен Жахаба Кудайдан көз каранды экенин көрсөтүп турат. Мындайча айтканда, анын өмүрү Кудайдын колунда. Себеби адам кайра жашай алышы үчүн, ага рухту — өмүр демин — Кудай гана кайрып бере алат.

Кудайдын «мүрзөлөрдө жаткандардын баарына» кайрадан жашоого мүмкүнчүлүк берерин билүү кандай гана сооротот! (Жакан 5:28, 29). Жахаба өлүм уйкусунда жаткандарга жаңы дене жана рух берип, аларды тирилтет. Ал убак кандай гана кубанычтуу болот!

«Жан» жана «рух» деген сөздөрдүн Ыйык Китепте кандай мааниде колдонулары жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепчени жана «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» (ор.) деген китептин 131—135 жана 139—144-беттерин кара.