Мазмунун көрсөтүү

Ыйык китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык китеп адамды өзгөртө алат

Көп аял алган жана Жахабанын элине каршы болгон киши эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечкен? Элүүнчү күнчүлөрдүн чиркөөсүнүн диний жетекчисине көз карашын өзгөртүүгө эмне түрткү берген? Балачагы оор болгон аялга өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ болгонго жана Кудайга жакындаганга эмне жардам берген? Хэви-металга кызыккан жигит эмне үчүн Жахабанын Күбөсү болууну чечкен? Бул суроолорго жооп алыш үчүн алардын айткандарына назар салалы.

«Жакшы күйөө болуп калдым». РИГОБАР ЮЕТТО

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1941

  • ӨЛКӨСҮ: БЕНИН

  • МУРУН: КӨП АЯЛ АЛГАН, ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮНӨ КАРШЫ БОЛГОН

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН.

Мен Бениндеги Котону деген чоң шаардан болом. Католиктердин үй-бүлөсүндө чоңойгом, бирок дайыма эле чиркөөгө барчу эмесмин. Биз жашаган жерде көптөгөн католиктердин бир нече аялы бар болчу. Себеби ошол кезде мыйзамда буга жол берилчү. Менин да төрт аялым бар болчу.

1970-жылдары төңкөрүш болгондо, бул өлкөбүздүн оңолушуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнгөм. Ошон үчүн аны толугу менен колдоп, саясатка аралашып кеттим. Жахабанын Күбөлөрү саясатка кийлигишпегендиктен, төңкөрүшчүлөр аларды жактырышчу эмес. Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктагандардын арасында мен да бар болчумун. 1976-жылы Жахабанын Күбөсү болгон миссионерлерди өлкөдөн кууп чыгышканда, алар эч качан кайтып келбейт деп ойлогом.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Төңкөрүш 1990-жылы аяктады. Ошондон көп өтпөй Жахабанын Күбөсү болгон миссионерлер кайрадан келишти. Буга аябай таң калдым. Анан ушул кишилерди Кудай колдойт окшойт деп ойлоно баштадым. Ошол кезде башка жумушка орноштум. Ал жакта иштегендердин бири Жахабанын Күбөсү экен. Ал мага Кудай жөнүндө айта баштады. Ыйык Китептен анын адамдарды жакшы көрөрүн, адилеттүү Кудай экенин көрсөтүп берди (Мыйзам 32:4; 1 Жакан 4:8). Кудайдын ушул сапаттары мага аябай жакты. Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгим келип, Ыйык Китепти изилдегенге макул болдум.

Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына бара баштадым. Мени алардын бири-бирин чындап жакшы көргөнү, расага, бай-кедей деп бөлбөгөнү абдан таасирлентти. Жахабанын Күбөлөрү менен көбүрөөк мамилелешкен сайын, алардын Исанын чыныгы жолдоочулары экенине көзүм жете баштады (Жакан 13:35).

Эгер Жахабага кызмат кылгым келсе, католик чиркөөсүнөн чыгышым керектигин түшүндүм. Бул кадамды жасоо оңойго турган жок, анткени эл эмне дейт деп коркчумун. Бир топ убакыттан кийин Жахабанын жардамы менен кайратымды жыйнап, чиркөөдөн чыгып кеттим.

Мындан башка дагы бир чоң өзгөрүүнү жасашым керек болчу. Ыйык Китепти изилдеп жатып көп аял алган Кудайга жакпай турганын түшүндүм (Башталыш 2:18—24; Матай 19:4—6). Анын көз карашы боюнча, биринчи аялым менен гана жашашым керек экен. Ошондуктан никебизди мыйзам боюнча каттатып, калган аялдарымды кетирдим. Бирок алардын андан ары жан багып кетишине кам көрдүм. Убакыттын өтүшү менен мурунку аялдарымдын экөө Жахабанын Күбөсү болушту.

ПАЙДАСЫ.

Аялым католик бойдон калса да, менин Жахабага кызмат кылам деген чечимимди сыйлайт. Жакшы күйөө болуп калганымды экөөбүз тең сезип жатабыз.

Мен саясатка аралашып, элдин жашоосун жакшыртам деп ойлочумун. Бирок бул аракетимен эч майнап чыккан жок. Азыр адамзаттын көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы гана чечерин билем (Матай 6:9, 10). Бактылуу болгонго жардам бергени үчүн Жахабага миң мертебе ыраазымын!

«Өзгөрүш оңой болгон жок». АЛЕКС ЛИМОС СИЛВЕ

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1977

  • ӨЛКӨСҮ: БРАЗИЛИЯ

  • МУРУН: ЭЛҮҮНЧҮ КҮНЧҮЛӨРДҮН ЧИРКӨӨСҮНҮН ДИНИЙ ЖЕТЕКЧИСИ БОЛГОН

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН.

Мен Сан-Паулу штатындагы Иту шаарынын чет-жакасында чоңоюп өскөм. Ал жак кылмыштуулугу менен таанымал болчу.

Аябай зөөкүр болчумун, кыз-келиндер менен көп жүрчүмүн. Баңгизат да сатчумун. Бирок ушинте берсем, бир күнү же түрмөгө түшөрүмдү, же өлүп тынарымды түшүндүм. Ошон үчүн сатпай калдым. Кийинчерээк элүүнчү күнчүлөрдүн чиркөөсүнө бара баштадым. Анан убакыттын өтүшү менен диний жетекчи болдум.

Чиркөөдөгү кызматымдын аркасында элге жардам бере алам деп ойлочумун. Ошол максатта атүгүл радиодон диний темадагы программаларды алып бара баштадым. Ошентип өзүбүздүн жердегилерге белгилүү болуп калдым. Бирок кийинчерээк чиркөөдөгүлөрдүн ал жакка келгендерди ойлоп да койбой турганын, жадагалса Кудайдын көз карашын эске албай турганын түшүндүм. Алар элден акча жыйнаганды гана көздөшөт экен. Ошон үчүн чиркөөдөн кетип калдым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда алардын башка диндегилерден айырмаланып турарын дароо эле байкадым. Мени эки нерсе таасирлентти. Биринчиси, Жахабанын Күбөлөрү Кудайды жана жакындарыбызды сүйүшүбүз керек деп айтып эле койбой, муну иши менен көрсөтүшөт экен. Экинчиси, алар саясатка, согуш-жаңжалдарга аралашпайт экен (Ышая 2:4). Ушул эки нерседен улам чыныгы динди — түбөлүк өмүргө алып бара турган кууш жолду — тапканыма ынандым (Матай 7:13, 14).

Эгер Кудайга жаккым келсе, чоң өзгөрүүлөрдү кылышым керек экенин түшүндүм. Мисалы, үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бурушум, момун болушум керек болчу. Албетте, өзгөрүш оңой болгон жок. Ошентсе да Жахабанын жардамы менен өзгөрдүм. Бул аялыма аябай таасир этти. Ал Ыйык Китепти менден мурун изилдей баштаган болчу. Бирок менин өзгөргөнүмдү көрүп, батыраак ийгилик кыла баштады. Көп өтпөй экөөбүз тең Жахабанын Күбөсү болгубуз келерин түшүндүк. Ошентип, экөөбүз бир күндө чөмүлдүк.

ПАЙДАСЫ.

Жубайым экөөбүз үч балабызга Жахаба менен ынак болгонго жардам берип жатканыбызга аябай сүйүнөбүз. Үй-бүлөбүз ушунчалык бактылуу. Жахабага мени өзүнө жакындатып, Ыйык Китептеги чындыкты тапканга жардам бергени үчүн чексиз ыраазымын. Анын сөзүндө камтылган чындык адамды өзгөртө ала турган күчкө ээ. Буга менен жашоом далил.

«Азыр мурунку күнөөлөрүмдү ойлоп кыйналбай калдым». ВИКТОРИЯ ТОҢ

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1957

  • ӨЛКӨСҮ: АВСТРАЛИЯ

  • МУРУН: БАЛА ЧАГЫ ООР БОЛГОН

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН.

Мен Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Ньюкасл шаарында чоңойгом. Жети баланын улуусумун. Атам аракеч, зөөкүр киши эле. Апам да таш боор болчу. Ал мени көп сабап, көп кордочу. Мага: «Сен жаман кызсың. Ошон үчүн тозокко түшөсүң»,— деп айта берер эле. Ушундай сөздөрдү укканда аябай коркчумун.

Апам көк ала койдой кылып сабап салгандыктан, сабакты көп калтырчумун. 11 жашымда өкмөттөгүлөр мени ата-энемен алып, өздөрү кам көрө башташты. Кийинчерээк кечилдер үйүнө (монастырга) тапшырышты. Бирок 14 жашымда ал жактан качып кеттим. Үйгө баргым келбегендиктен Сиднейдин чет жагындагы Киңс-Кросс деген райондун көчөлөрүндө жашап жүрдүм.

Ал жактан баңгизат колдонуп, ичимдик ичип, порнография көрүп, сойкулук кыла баштадым. Бир жолу бир жагдайга кабылып, жүрөгүм түшүп калган. Бир түнкү клубдун ээсинин үйүндө жашап жүргөм. Күндөрдүн биринде аныкына эки киши келди. Ал мени уктай турган бөлмөгө кирип тур деп койду. Бирок алардын сүйлөшкөндөрү мага угулуп жатты. Клубдун ээси мени ал экөөнө сатканы жатыптыр. Алар мени жүк ташыган кеме менен Жапонияга жашыруун алып өтүп, барда иштетмек экен. Мен аябай коркуп, балкондон секирип түштүм да, качып жөнөдүм.

Анан Сиднейге келген бир кишиге жолугуп калдым. Анча-мынча акча береби деген үмүт менен ага баарын айтып бердим. Ал акча берген жок, бирок мени жашап жаткан жерине чакырып, душка түшүп, шам-шум этип ал деди. Ошентип, аны менен жашап калдым. Бир жылдан кийин баш коштук.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда мени ар кандай сезимдер чулгады. Мисалы, кыйналып жатканыбызга Шайтан күнөөлүү экенин билгенде аябай ачуулангам. Анткени өмүр бою эле кыйынчылыктарды Кудай жиберет деп угуп келгем. Ал эми Кудай адамдарды тозок отунда кыйнабай турганын билгенде кадимкидей жеңилдей түшкөм. Себеби бала кезимен эле ошондон аябай коркчумун.

Жахабанын Күбөлөрүнүн чечим чыгарарда дайыма Ыйык Китепте жазылгандарды эске аларын көргөндө ушунчалык таасирленгем. Алар ишенген нерселерине ылайык жашашат экен. Мүнөзүм бир топ оор болчу. Бирок эмне кылбайын, эмне дебейин, Жахабанын Күбөлөрү мени туура түшүнүп, урмат-сый менен мамиле кылышчу.

Өзүмдү эч нерсеге татыксыз сезе берчүмүн. Ушундай сезим менен күрөшүү баарынан да кыйын болду. Чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болгондон кийин да бир топ жыл бою өзүмдү жек көрүп жүрдүм. Мен Жахабаны аябай жакшы көрчүмүн, бирок анын мага окшогон немени жакшы көрөрүнө шектене берчүмүн.

Чөмүлгөнүмөн 15 жылдай өткөндөн кийин оюм түп-тамыры менен өзгөрдү. Бир жолу Падышалык залынан бир баяндамачы Жакып 1:23, 24тү түшүндүрүп берди. Ал аяттарда Кудайдын Сөзү күзгүгө салыштырылат. Ал күзгүдөн өзүбүздү Жахабанын көзү менен көрө алабыз. Мен өзүмө болгон көз карашым менен Жахабанын мага болгон көз карашы таптакыр башкача болсочу деп ойлоно баштадым. Адегенде бул жаңы ойду кабыл алуу кыйын болду. Анын мендей адамды жакшы көрүшү мүмкүн эмес деп ойлой бердим.

Бир нече күндөн кийин жашоомду өзгөрткөн бир аят окудум. Ал Ышая 1:18 болчу. Ал жерде Жахабанын: «Келгиле, ортобуздагы мамилени оңдойлу... Күнөөлөрүңөр ачык кызыл болсо, кардай агартылат»,— деген сөздөрү жазылган. Ошондо Жахаба мага: «Кел, Вики, ортобуздагы мамилени оңдойлу. Мен сени билем, күнөөлөрүңдү билем, жүрөгүңдү да билем. Мен сени жакшы көрөм»,— деп айткандай эле болду.

Ошол түнү кирпик какпай чыктым. Жахабанын мени сүйөрүнө дагы эле шектенип жаттым. Бирок Исанын куткаруу курмандыгы жөнүндө ойлоно баштадым. Анан Жахабанын мени сүйөрүн көп жолдор менен көрсөтүп, мага көптөн бери чыдап келатканын түшүндүм. Мен ага, мындайча айтканда: «Сен мени жакшы көрө албайсың. Сенин сүйүүң анчалык күчтүү эмес. Уулуңдун курмандыгы күнөөлөрүмдүн баарын жууй албайт»,— деп айтып жүрүптүрмүн. Кунду кайра Жахабаны көздөй ыргыткандай эле болуптурмун. Бирок, акыры, кундун канчалык баалуу белек экени жөнүндө ойлонгондун аркасында Жахабанын мени сүйөрүн сезе баштадым.

ПАЙДАСЫ.

Азыр мурунку күнөөлөрүмдү ойлоп кыйналбай калдым. Жан дүйнөм тынч, жашоом маңыздуу. Күйөөм менен болгон мамилем да жакшырды. Башынан меникиндей кыйынчылыктарды кечирип жаткандарга жардам берип жатканыма сүйүнөм. Өзүмдү Жахабага мурдагыдан да жакыныраак сезип калдым.

«Кудай тиленүүмө жооп бергенин түшүндүм». СЕРГЕЙ БОТАНКИН

  • ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1974

  • ӨЛКӨСҮ: ОРУСИЯ

  • МУРУН: ХЭВИ-МЕТАЛ МУЗЫКАСЫНА КЫЗЫКЧУ

ЧЫНЫГЫ КУДАЙДЫ ТААНЫГАНГА ЧЕЙИН.

Мен атактуу композитор Пётр Илъич Чайковскийдин киндик каны тамган Воткинск шаарында төрөлгөм. Биз жакыр турчубуз. Атам жакшы киши болчу, бирок көп ичер эле. Ошон үчүн үйүбүздөн уруш-талаш кетчү эмес.

Мектепте начар окучумун, ошондон улам басынып, чүнчүп кеткем. Түнт болчумун, эч кимге ишенбей калгам. Мектепте окуган өзүнчө эле азап болчу. Мисалы, башка учурда оңой эле түшүндүрө алган нерселерди доскага чыкканда айта албай калчумун. 8-классты бүткөндө, мүнөздөмөмө: «Оюн жакшы билдире албайт. Сөз байлыгы аз»,— деп жазышыптыр. Өзүм эле араң жүргөн жаным муну билгенде ого бетер чүнчүп кеттим. Эмне үчүн жашап жүрөм деп ойлоно баштадым.

Өспүрүм кезимде ичкиликке берилип кеттим. Башында ичкенден кийин көңүлүм кадимкидей көтөрүлүп калчу. Бирок көп ичип алганда абийирим жемелечү. Мага жашоом куру бекер өтүп жаткандай сезилчү. Ушунчалык көңүлүм чөккөндүктөн, кээде үйдөн бир нече күн чыкпай койчумун. Өмүрүмдү кыйсамбы деген да ойлор келген.

20 жаштарымда хэви-металга кызыгып кеттим. Ошондо бир аз да болсо жеңилдеп калгам. Ал музыка мага кадимкидей дем-күч бергендей сезилчү. Ошондой музыка уккандар менен көп жүрө турган болдум. Чачымды өстүрүп, кулагымды тештирип, өзүм суктанган музыканттардай кийине баштадым. Бара-бара орой сүйлөп, ачуулуу болуп кеттим. Үйдөгүлөр менен көп уруша турган болдум.

Хэви-металды уксам, жыргап кетем деп ойлогом. Бирок баары тескерисинче болду. Кулк-мүнөзүм өзгөрүп, такыр башкача киши болуп калдым. Кумир туткан музыканттар жөнүндө жаман нерселерди укканда өзүмдү бирөө сатып кеткендей сезчүмүн.

Өмүрүмдү кыйсамбы деп дагы ойлоно баштадым. Мунусунда чындап кыймакчы болдум. Бирок апамды ойлоп жаттым. Ал аны көтөрө алмак эмес. Мени ушул нерсе токтотту. Апам мени аябай жакшы көрчү. Мен үчүн көп нерсе кылган. Ошентип, жарга такалгандай эле болдум. Жашоодон кечип кетким келди, бирок ошол эле учурда өмүрүмдү кыя албай койдум.

Алаксыш үчүн орусча классикалык чыгармаларды окуй баштадым. Алардын биринде чиркөөдө кызмат кылган киши жөнүндө жазылыптыр. Ошону окугандан кийин Кудай үчүн жана башкалар үчүн бир нерсе кылгым келе баштады. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Кудайга жүрөгүмдөгүнүн баарын төгүп кайрылдым. Андан эмне үчүн жашап жатканымды түшүнгөнгө жардам беришин сурандым. Тиленип жатып ушунчалык жеңилдеп калганымды сездим. Андан да кызыктуусу, эки сааттан кийин эле үйүмө Жахабанын Күбөсү келип, Ыйык Китепти изилдөөнү сунуштады. Ошондо Кудай тиленүүмө жооп бергенин түшүндүм. Ошол күндөн тартып кубанычтуу, бактылуу жашоо башталды.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ.

Оңой болбосо да, хэви-металга байланыштуу нерсенин баарынан арылдым. Анткен менен ал музыканы көпкө чейин унута албай жүрдүм. Ошондой музыка коюлуп жаткан жерден өтүп калганда, дароо мурунку жашоом эсиме түшчү. Бирок андай жагымсыз убакты эстеп, Ыйык Китепти изилдегендин аркасында жакшы нерселерге толгон жүрөгүм менен акылымды булгагым келчү эмес. Ошон үчүн андай жерлерден атайлап каччумун. Мунуку кезим оюман кетпей жатканда Жахабадан жалындуу тиленер элем. Мунун аркасында «Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» сезчүмүн (Филипиликтер 4:7).

Ыйык Китепти изилдеп жатып Исанын жолдоочулары ишеними тууралуу башкаларга айтышы керектигин билдим (Матай 28:19, 20). Бирок мен эч качан анте албайм деп ойлогом. Анткен менен Ыйык Китептен жаңы нерселерди билген сайын, жүрөгүмө тынчтык орноп, кубанычым арта берди. Чындыкты дагы көптөр таанып-билиши керек экенин билдим. Ошондуктан коркуп жатканыма карабай, билгендеримди башкаларга айта баштадым. Таң калыштуусу, мунун аркасында өзүмдү ишенимдүүрөөк сезип калдым, ишенимим да бекемделди.

ПАЙДАСЫ.

Азыр жубайым менен бактылуу жашап жатам. Айрымдарга, анын ичинде апам менен карындашыма чындык жолуна түшкөнгө жардам бердим. Кудайга кызмат кылгандын жана башкаларга ал жөнүндө билгенге жардам бергендин аркасында жашоом чындап маңызга толду.