Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чегилип тартылган скульптуралык сүрөт Ыйык Китептеги билдирүүнүн чындыгын тастыктап турат

Чегилип тартылган скульптуралык сүрөт Ыйык Китептеги билдирүүнүн чындыгын тастыктап турат

 Иероглиф түрүндөгү жазууларды камтыган ал скульптуралык сүрөт байыркы Египеттин Карнак аймагындагы Амон кудайынын ибадатканасынын кире беришине жакын жерде жайгашкан, бийиктиги 8 метр болгон дубалдан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анда Египеттин фараону Шишактын Египеттин түндүк-чыгышындагы элдерди, анын ичинде Жүйүт жерин жана Ысрайылдын он уруусу жайгашкан түндүк падышалыгын жеңгени сүрөттөлгөн.

Байланган туткундар чегилип тартылган Карнак аймагындагы скульптуралык сүрөт

 Ал скульптуралык сүрөттө Амон кудайы байланган 150дөн ашуун туткунду Шишактын a (же Шешонктун) алдына алып келип жатканы чагылдырылган. Туткундар багындырылган шаарлардын же элдердин өкүлү болгон. Ар бир туткундун денесинин капталына кайсы бир шаардын аты чегилип жазылган. Шаарлардын аттары дагы деле жакшы окулат жана алардын айрымдары Ыйык Китептин окурмандарына аябай эле тааныш. Аларга Бет-Шеан, Гибон, Мегидо, Шунем шаарлары кирет.

 Ыйык Китепте Египеттин фараонунун Жүйүт жерине жортуулга чыкканы тууралуу айтылган (1 Падышалар 14:25, 26). Ал тургай Шишактын кантип басып алганы жөнүндө так жазылган. Маселен, анда мындай делет: «Рехабамдын башкаруусунун бешинчи жылында Мисир падышасы Шишак Иерусалим менен согушуу үчүн чыкты. Ал 1 200 арабасы, 60 000 атчан жоокери менен келди. Аны менен кошо Мисирден сансыз... [элдер] келишти. Ал Жүйүт жериндеги чептүү шаарларды басып алып, акыры Иерусалимге келди» (2 Жылнаама 12:2—4).

 Карнак аймагындагы скульптуралык сүрөт Шишактын Ысрайыл жерине каршы аттанганын ырастаган жалгыз эле археологиялык табылга эмес. Ыйык Китепте айтылган Мегидо шаарынан табылган таш эстеликтин бир бөлүгүндө да «Шешонк» деген ысым жазылган.

 Ыйык Китепте Шишактын Жүйүт жерин кантип басып алганы жөнүндөгү билдирүүнүн так жазылганы аны жазууга катышкандардын чынчылдыгын далилдеп турат. Алар өз элинин жеңиштерин да, жеңилгенин да ачык жазышкан. Адатта, байыркы жазуучулардын арасынан мындай чынчылдыкты чанда эле кезиктирүүгө болот.

a «Шишак» деген ысымдын Ыйык Китептеги жазылышы еврейче айтылышына окшош.