Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Thomas Jackson/​Stone via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

2024-жылы жакшы нерсеге үмүттөнсөк болобу? Ыйык Китепте эмне делет?

2024-жылы жакшы нерсеге үмүттөнсөк болобу? Ыйык Китепте эмне делет?

 Көптөр 2024-жылы боло турган көйгөйлөрдөн качып кутула албайбыз деп ойлошот. Ошентсе да биз келечекке үмүттөнө алабыз. Кандайча?

Ыйык Китеп үмүт берет

 Ыйык Китепте Кудайдын чечилбечүдөй сезилген көйгөйлөрдү чечери жазылган. Жакында «Кудай [биздин көзүбүздөгү] бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4).

Ыйык Китеп азыр кантип жардам берет?

 Ыйык Китепте келечек жөнүндө жазылган убадалар бизге терс сезимдер менен күрөшкөнгө жана келечектен күдөр үзбөгөнгө көмөк кылат (Римдиктер 15:13). Андагы даанышман кеңештер азыр туш болушубуз мүмкүн болгон жокчулук, ооруу же адилетсиздик сыяктуу кыйынчылыктарды көтөргөнгө да жардам берет.

  •   Ыйык Китептеги үмүт бир кишиге жан дүйнө тынчтыгына ээ болгонго жана жөнөкөй жашаса да, бактылуу болгонго кандайча жардам бергенин билгиңер келеби? «Хуан Пабло Зерменьо. Жахабанын жардамы менен жашоом маңыздуу болуп калды» деген видеону көргүлө.

  •   Күнөө салмагын салганда, көңүлүбүз чөккөндө, санаага батканда же жакын адамыбыздан айрылганда Ыйык Китеп кандайча жардам берет? Жооп алыш үчүн «Ыйык Китеп жубатабы?» (ор.) деген макаланы окуп көргүлө.

  •   Мурун аскер кызматчысы болгон, өзүн «кабагы ачылбаган, таш боор» деп эсептеген деген аял Ыйык Китептен жаркын үмүт жөнүндө билген. Бул тууралуу «Куралымды таштадым» деген видеодон көргүлө.

 2024-жыл өзүңөр жана үй-бүлөңөр үчүн жакшы жыл боло алат. Бул өз колуңарда. Бул жагынан Ыйык Китеп кантип жардам берери жөнүндө көбүрөөк билгиле. Биз силерди Ыйык Китепти акысыз изилдеп көрүүгө чакырабыз. Андан Кудай силерге азыр да, келечекте да жан дүйнө тынчтыгын берерин биле аласыңар (Жеремия 29:11).