27-ЫР
Кудайдын уулдарынын даңкы ачык көрүнөт
-
1. Жакында ачык көрүнөт
Майлангандар даңкы.
Машаяк менен башкарат
Кудайдын уулдары.
КАЙЫРМА
Согушка алар аттанат
Жандап Машаякты.
Жеңишке алар жетишет,
Алышат сыйлыкты.
-
2. Жакында алар угушат
Соңку чакырыкты.
Мырзабыз Машаяк Иса
Чогултат аларды.
КАЙЫРМА
Согушка алар аттанат
Жандап Машаякты.
Жеңишке алар жетишет,
Алышат сыйлыкты.
КӨПҮРӨ
Рухий уулдар Иса менен
Кайгыны жок кылат.
Баш кошушат Козу менен
Салтанат курулат.
КАЙЫРМА
Согушка алар аттанат
Жандап Машаякты.
Жеңишке алар жетишет,
Алышат сыйлыкты.