Башталыш 29:1—35
29 Андан кийин Жакып чыгыштагы элдердин жерине жөнөдү+.
2 Ал жакка жетип, ал талаадан кудук көрдү. Анын жанында үч короо кой жатыптыр, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу+. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле+.
3 Малдын баары чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайра ордуна жылдырып, кудуктун оозун жаап коюшчу.
4 Жакып койчулардан: «Агайын-туугандар, каяктан болосуңар?» — деп сурады. Алар: «Харандан»+,— деп жооп беришти.
5 Ошондо ал: «Нахордун+ небереси Лабанды+ тааныйсыңарбы?» — деди. Алар: «Тааныйбыз»,— дешти.
6 «Ал жакшы эле жүрөбү?» — деп сурады Жакып+. Алар: «Жакшы эле жүрөт. Тигине кызы Рахил+ койлорун айдап келатат»+,— дешти.
7 Жакып аларга: «Али түш оой элек. Малды айдап келе турган маал да боло элек. Койлорду сугарып алып, кайра жайгыла»+,— деди.
8 Алар болсо: «Малдын баарын чогултуп, кудуктун оозундагы ташты жылдырмайынча, койлорду сугара албайбыз»,— дешти.
9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахил+ атасынын койлорун айдап келип калды. Ал атасынын коюн кайтарчу+.
10 Жакып Лабан таякесинин кызын, кой айдап келген Рахилди, көргөндө кудуктун жанына барып, оозундагы ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды+.
11 Анан Рахилди өөп+, катуу ыйлап жиберди+.
12 Ал Рахилге анын атасынын тууганы болорун+, Ребеканын уулу болорун айтты. Рахил болсо чуркап барып, атасына айтты+.
13 Лабан жээни Жакып жөнүндө укканда алдынан тосуп чыгыш үчүн чуркап жөнөдү+. Ал аны кучактап өөп, үйүнө алып барды+. Жакып ага башынан өткөндөрдүн баарын айтып берди.
14 Лабан ага: «Сен менин бир боорумсуң*»+,— деди. Жакып аныкында бир ай жашады.
15 Анан Лабан Жакыпка: «Сен мага тууган болгонуң үчүн+ эле бекер иштеп беришиң керекпи?+ Айтчы, акыңа эмне берейин?» — деди+.
16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты Лия+, кичүүсүнүкү Рахил болчу.
17 Лия сулуу эмес болчу*, ал эми Рахил+ мүчөсү келишкен, татынакай кыз эле+.
18 Жакып Рахилди сүйүп калгандыктан Лабанга: «Кенже кызыңыз Рахил үчүн сизге жети жыл иштеп берейин»+,— деди.
19 Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө, сага бергеним жакшы+. Меникинде жашай бер»,— деди.
20 Ошентип, Жакып Рахил үчүн жети жыл иштеди+. Бирок ага бир нече күн өткөндөй эле сезилди, анткени ал Рахилди жакшы көрчү+.
21 Анан Жакып Лабанга: «Кызматымдын мөөнөтү бүттү, аялыма жакындашым үчүн, эми аны мага бериңиз»,— деди+.
22 Ошондо Лабан ал жерде жашагандардын баарын чакырып, той өткөрдү+.
23 Кечинде болсо Жакыпка кызы Лияны, ал ага жакындашы үчүн, алып келди.
24 Лабан күңү Зилпаны Лияга күң кылып берди+.
25 Эртең менен Жакып жанында жаткан Лия экенин көрдү. Ошондо ал Лабанга: «Бул эмне кылганыңыз? Мен сизге Рахил үчүн иштеп бербедим беле? Мени эмнеге алдадыңыз?»+ — деди.
26 Лабан ага: «Бизде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.
27 Бул жуманы аягына чейин ушул аялың менен өткөр+. Андан кийин экинчисин да аласың, ал үчүн мага дагы жети жыл иштеп бересиң»+,— деди.
28 Жакып ошондой кылды: ал ошол жуманы аягына чейин ошол аялы менен өткөрдү. Анан Лабан ага кызы Рахилди аялдыкка берди.
29 Ошондой эле ал күңү Биланы+ Рахилге күң кылып берди.
30 Жакып Рахилге да жакындады. Ал Лияга караганда аны көбүрөөк сүйчү+. Ал Лабанга дагы жети жыл иштеп берди+.
31 Анын Лияны сүйбөгөнүн көрүп, Жахаба Лияга бала берди*+. Ал эми Рахилдин согончогу канаган жок+.
32 Лиянын боюна бүтүп, уул төрөп: «Жахаба менин бактысыз экенимди көрдү+, эми күйөөм мени жакшы көрөт» — деп, атын Рубейин* койду+.
33 Анын дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Анын мени сүйбөгөнүн көрүп*+, Жахаба мага муну да берди» — деп, атын Шымон* койду+.
34 Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Эми күйөөм мага байланат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим» — деп, атын Леби* койду+.
35 Лиянын дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Бул жолкусунда мен Жахабаны даңктайм» — деп, атын Жүйүт* койду+. Андан кийин төрөгөн жок.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «сөөгүм жана денемсиң».
^ Сөзмө-сөз: «көздөрүндө оту жок болчу».
^ Сөзмө-сөз: «анын жатынын ачты».
^ Мааниси: «Карачы, уул экен!»
^ Сөзмө-сөз: «угуп».
^ Мааниси: «угат».
^ Мааниси: «байланып калуу».
^ Мааниси: «даңкталган».