Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү Кудай жерди алты күндүн ичинде жараткан дегенге ишенеби?

Жахабанын Күбөлөрү Кудай жерди алты күндүн ичинде жараткан дегенге ишенеби?

 Биз бардыгын Кудай жараткан дегенге ишенебиз. Бирок Жер жана андагы жашоо ар бири 24 сааттан турган кадимки алты күндүн ичинде жаратылган дегенге (креационизмге) ишенбейбиз. Анткени мындай көз караш Ыйык Китепте жазылгандарга дал келбейт. Төмөндөгү эки мисалга токтололу:

  1.   Жаратуу күндөрүнүн узактыгы. Креационизмге ишенгендердин айрымдары Ыйык Китепте айтылган жаратуу күндөрү 24 сааттан турган кадимки алты күндү билдирет деп ишенишет. Бирок Ыйык Китептеги «күн» деген сөз бир топ узак убакытты да билдириши мүмкүн (Башталыш 2:4; Забур 90:4).

  2.   Жердин курагы. Креационизмге ишенгендердин айрымдары Жердин жаралганына бир нече эле миң жыл болду деп эсептешет. Бирок Ыйык Китепке ылайык, Жер жана Аалам Ыйык Китепте айтылган жаратуу күндөрү башталганга чейин эле бар болчу (Башталыш 1:1). Ошондуктан биз Жер миллиарддаган жылдар мурун пайда болгон деген пикирди жактаган илимий теорияны четке какпайбыз.

 Биздин бардыгын Кудай жараткан дегенге ишенгенибиз, илимди четке кагарыбызды билдирбейт. Биз Ыйык Китепте жазылгандар илимий фактыларга шайкеш келерине толук ишенебиз.