Мазмунун көрсөтүү

Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому деген эмне?

Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому деген эмне?

 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания) — 1884-жылы Пенсильвания штатынын Мыйзамынын негизинде уюштурулган коммерциялык эмес бирикме. Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча жүргүзүп жаткан ишин, анын ичинде Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды басып чыгаруу ишин алга илгерилетүү үчүн ошол бирикмени колдонот.

 Бирикменин уставына ылайык, анын максаты — «диний иштерди жүргүзүү, билим берүү жана кайрымдуулук иштерин кылуу», баарынан маанилүүсү, «Иса Машаяк башкарган Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо жана окутуу». Ага атайын чакырылгандар гана мүчө боло алат жана алар канча каражат тартуу кылганына жараша тандалбайт. Бирикменин мүчөлөрү жана деректирлери Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешине көмөк көрсөтүшөт.

Юридикалык жактардын иш алпарышы

 Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунан (Пенсильвания) тышкары, Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай юридикалык жактарды колдонот. Алардын айрымдарынын аталышында «Watch Tower», «Watchtower» деген сөздөр же ошол сөздөрдүн котормосу камтылат.

 Мындай юридикалык жактар негизделгенден бери биз көп иштерди жүзөгө ашырып келатабыз. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

  •   Жазуу жана басып чыгаруу иши. Биз 700дөн ашуун тилде 220 миллионго жакын Ыйык Китеп, Ыйык Китепке негизделген 40 миллиардга жакын адабият басып чыгардык. Ал эми jw.org деп аталган веб-сайтыбыз адамдарга Ыйык Китепти 120дан ашуун тилде онлайн түрүндө акысыз окуганга жана «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген сыяктуу суроолорго жооп алууга шарт түзүүдө.

  •   Билим берүү иши. Биз Ыйык Китептин негизинде билим берген ар кандай мектептерди өткөрөбүз. Мисалга 1943-жылы ачылган Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебин алалы. Кыска убакыттын ичинде тынымсыз билим берилген ошол мектепти 8 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү бүтүргөн. Ал мектептен билим алгандар миссионер болуп кызмат кылууга дайындалышат же бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишибиздин алга илгерилешине салым кошушат. Ошондой эле миллиондогон адамдар, анын ичинде Жахабанын Күбөсү болбогондор да жума сайын өткөрүлгөн жыйналыш жолугушууларыбыздан билим алып жатышат. Андан тышкары, биз кат таанытуу курстарын уюштуруп, кат-сабаты жокторго окуганды жана жазганды үйрөткөн адабияттарды 110 тилде басып чыгарып келебиз.

  •   Кайрымдуулук иштери. Биз адамдардын айынан, мисалы, 1994-жылы Руандадагы геноцидден запкы тарткандарга же 2010-жылы Гаитинин таш-талканын чыгарган жер титирөө сыяктуу жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтөбүз.

 Биздин уюм колдонгон бирикмелер жана юридикалык жактар аркылуу зор иштер аткарылып жатса да, жүргүзүп жаткан ишибиз алардын биринен да көз каранды эмес. Иса Машаяктын ар бир жолдоочусу Кудайдын ага жакшы кабар айтуу жана шакирт даярдоо милдетин тапшырганын жакшы түшүнөт (Матай 24:14; 28:19, 20). Биз ишибизди Кудай колдоп жатканына жана мындан ары да алга илгерилей беришине жардам берет деп толук ишенебиз (1 Корунттуктар 3:6, 7).