Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү сөөк коюу каадасына кандай карашат?

Жахабанын Күбөлөрү сөөк коюу каадасына кандай карашат?

 Биздин сөөк коюу каадасына карата көз карашыбыз Ыйык Китепте жазылгандарга негизделет. Төмөндө алардын айрымдары келтирилди.

  •   Жакындарыбыз каза болгондо күйүт тартабыз. Иса пайгамбардын шакирттери жакынынан айрылганда күйүт тартышкан (Жакан 11:33—35, 38; Элчилер 8:2; 9:39). Андыктан сөөк коюу маалын той-тамаша кыла турган учур катары көрбөйбүз (Насаатчы 3:1, 4; 7:1—4). Биз өлгөнгө күйүт тартып жаткандарга көңүл айтып, жубатыш үчүн барабыз (Римдиктер 12:15).

  •   Өлгөндөр эч нерсе билбейт. Кандай чөйрөдө чоңойбойлу, маданиятыбыз кандай болбосун, адам өлгөндөн кийин жашай берет, тирүүлөргө таасирин тийгизе алат деген ишенимге байланышы бар үрп-адаттардын эч бирине карманбайбыз (Насаатчы 9:5, 6, 10). Ал үрп-адаттарга сөөк коюунун той-топурга айланып кетиши, аш өткөрүү, маркумга багыштап мал союу, жесирлик салты сыяктуу нерселер кирет. Биз Кудайдын: «Алардын арасынан... бөлүнгүлө... арам нерсеге жолобогула»,— деген буйругуна баш ийгендиктен ошондой каада-салттарга карманбайбыз (2 Корунттуктар 6:17).

  •   Өлгөн адамдардын тирилерине үмүт бар. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери жана өлүмдүн биротоло жок болору айтылат (Элчилер 24:15; Аян 21:4). Ушуну билгени Исанын алгачкы жолдоочуларына кайгыга батып кетпегенге жардам берген. Бизге да жардам берет (1 Тесалоникалыктар 4:13).

  •   Ыйык Китеп жөнөкөй болууга чакырат. (Накыл сөздөр 11:2). Биз сөөк коюу каадасын колубузда болгон нерселерибиз, коомдо ээлеген абалыбыз, байлыгыбыз менен мактанууга түзүлгөн оңтойлуу учур катары көрбөйбүз (1 Жакан 2:16). Ошондой эле ошол кааданы көңүл ачыш үчүн шаңдуу той-топурга айлантып ийбейбиз, маркумду асемделген, кымбат баалуу табытка салбайбыз, көзгө шак эле урунган кийимдерди кийбейбиз.

  •   Башкаларды биздин көз карашыбызга карманууга мажбурлабайбыз. Бул маселеге келгенде биз Ыйык Китептеги: «Ар бирибиз кылган иштерибиз үчүн Кудайдын алдында жооп беребиз»,— деген принципке жетектелебиз (Римдиктер 14:12). Бирок кимдир бирөө көз карашыбыз жөнүндө сураса, «жумшактык, терең урмат-сый менен жооп бергенге дайым даярбыз» (1 Петир 3:15).

Жахабанын Күбөлөрү сөөктү кантип узатат?

 Өткөрүлгөн жери. Маркумду жерге берүүдө эмне кылышты ар бир үй-бүлө өзү чечет. Алар сөөк узатуу каадасын Падышалык залында же үйлөрдө өткөрүүнү туура көрүшү мүмкүн.

 Эмнелерди кылышат? Маркумдун жакындарын сооротуш үчүн баяндама айтылат. Ыйык Китепте өлүм, өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө эмнелер жазылганы түшүндүрүлөт (Жакан 11:25; Римдиктер 5:12; 2 Петир 3:13). Баяндама учурунда маркумдун жакшы сапаттары, анын ишенимдүүлүк менен Кудайга кызмат кылганынан кандай үлгү алсак болору жөнүндө айтылат (2 Шемуел 1:17—27).

 Ыйык Жазмага негизделген ыр ырдалышы да мүмкүн (Колосалыктар 3:16). Аягында Кудайга кайрылып тиленебиз (Филипиликтер 4:6, 7).

 Акча чогултулабы? Биз маркумду жерге берүүдө кылынчу кызмат үчүн акы албайбыз. Жолугушууларда да акча чогултпайбыз (Матай 10:8).

 Кимдер катышат? Падышалык залында өткөрүлгөн сөөк коюу каадасына Жахабанын Күбөсү болбогон адамдар да келсе болот. Башка жолугушууларыбыздай эле, баары катыша алат.

Жахабанын Күбөлөрү башка динди туткан адамдар өткөргөн сөөк коюу каадасына катышабы?

 Катышар-катышпасын ар бир Жахабанын Күбөсү Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине жараша чечет (1 Тиметей 1:19). Бирок биз Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерге каршы келген диний каадаларга катышпайбыз (2 Корунттуктар 6:14—17).