Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы же чыңдайбы?

Жахабанын Күбөлөрү үй-бүлөлөрдү бузабы же чыңдайбы?

 Биз, Жахабанын Күбөлөрү, өзүбүздүн да, башкалардын да үй-бүлөсүн бекемдөөгө умтулабыз. Ошондой эле нике түзүлүшүн Кудай түзгөн деп ишенгендиктен үй-бүлө түйүнүнө олуттуу мамиле кылабыз (Башталыш 2:21—24; Эфестиктер 3:14, 15). Жаратканыбыздын Ыйык Китепке жаздырып койгон кеңештерин колдонуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар үй-бүлөсүн чыңдап, бактылуу жашашууда.

Жахабанын Күбөлөрүнүн үй-бүлөлөрү эмнеден улам бекем?

 Биз Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгонго аракет кылабыз, анткени ал кеңештер жакшы күйөө, жакшы зайып, жакшы ата-эне болгонго көмөк кылат (Накыл сөздөр 31:10—31; Эфестиктер 5:22—6:4; 1 Тиметей 5:8). Ыйык Китептеги акыл-насааттар атүгүл эки башка динди туткан үй-бүлөлөргө да бактылуу жашаганга өбөлгө түзөт (1 Петир 3:1, 2). Мисалы, жубайлары Жахабанын Күбөсү болгон, ал эми өздөрү Жахабанын Күбөсү болбогон адамдардын эмне дегенине көңүл бурсаңар:

  •   «Баш кошконубуздун алгачкы алты жылы жалаң эле уруш-талаш менен өттү. Бирок жубайым Ивети Жахабанын Күбөсү болгондон кийин, үй-бүлөлүк турмушубуз оңолду. Анткени Ивети мага жумшак мамиле кылып, чыдамдуураак болуп калды. Анын өзгөргөнүнүн аркасында үй-бүлөбүздү сактап калдык» (Клауир, Бразилия).

  •   «Күйөөм Чансэ Жахабанын Күбөлөрү менен изилдей баштаганда, каршы болгом. Анткени алар үй-бүлөлөрдү бузат деп ойлочумун. Бирок таптакыр андай болгон жок, тескерисинче, ошондон бери Ыйык Китептеги кеңештер нике түйүнүбүздү бекемдеп келатат» (Агнес, Замбия).

 Ыйык Китептеги даанышман кеңештерди колдонуу төмөнкү тармактарда да жардам берет:

Жубайлардын эки башка динди тутканы үй-бүлөдө келишпестиктерди жаратабы?

 Өкүнүчтүүсү, айрым учурларда ошондой болот. Мисалы, 1998-жылы Софрес деген компания тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, жубайлардын бири Жахабанын Күбөсү болууну чечкен 20 үй-бүлөнүн 1инде олуттуу көйгөйлөр пайда болгон.

 Иса Машаяк анын жолун жолдогондор үй-бүлөсү тарабынан кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экенин алдын ала айткан (Матай 10:32—36). Уилл Дюрант деген бир тарыхчы байыркы учурда Рим империясында жашаган «Машаяктын жолдоочуларына үй-бүлөлөрдү бузат деген айып тагышканын» белгилеген a. Бүгүнкү күндөгү Жахабанын Күбөлөрүн да ошентип айыпташат. Бирок чынында ошондойбу?

Адам укуктары боюнча Европа Соту

 Жахабанын Күбөлөрүнө үй-бүлөлөрдү бузат деген айып коюлуп, аларды сотко беришкенде, Адам укуктары боюнча Европа Соту чыр-чатактын чыгышына Жахабанын Күбөсү эмес үй-бүлө мүчөлөрүнүн «жакынынын дин тутууга, ага байланышкан иштерди кылууга болгон укугун кабыл алгысы жана урматтагысы келбегени» себеп болорун айткан. Андан ары сот: «Мындай көйгөй эки башка динди туткан үй-бүлөлөрдө сөзсүз туулат. Бул Жахабанын Күбөлөрүн да кыя өтпөйт»,— деп кошумчалаган b. Бирок Жахабанын Күбөлөрү, башкалар алардын диний көз карашын сыйлабаса да, Ыйык Китептеги: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деген кеңешти колдонууга умтулушат (Римдиктер 12:17, 18).

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү өз дининдегилер менен гана турмуш курушат?

 Биз, Ыйык Китептеги буйрукка ылайык, «Мырзабыздын жолдоочусу» болгон, тагыраак айтканда, диний ишенимибиз бирдей болгон адам менен гана баш кошобуз (1 Корунттуктар 7:39). Бул буйрук Кудайдын көрсөтмөсү болгондон тышкары, пайда да алып келет. Алсак, 2010-жылы чыккан бир журналда «бир динди туткан, диний көз караштары бирдей болгон, диний иштерди чогуу кылган түгөйлөр ынак мамиледе» болору айтылган c.

 Бирок Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештерин Жахабанын Күбөсү болбогон жубайларын таштоого эч убакта үндөбөйт. Анткени Ыйык Китепте: «Кайсы бир бир туугандын аялы ага ишенимдеш болбосо, бирок чогуу жашаганга макул болсо, анда ал аялын таштабасын. Күйөөсү ишенимдеш болбогон аял да, күйөөсү чогуу жашаганга макул болсо, аны таштабасын»,— деп айтылган (1 Корунттуктар 7:12, 13). Алар ушул көрсөтмөгө бек карманышат.

a Карагыла: «Caesar and Christ», 647-бет.

b Карагыла: «Москва ш. Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жамааты Орусия Федерациясына каршы» деген иш боюнча чыгарылган сот чечими, 26, 27-беттер, 111-абзац.

c Карагыла: «Journal of Marriage and Family», 72-том, № 4 (2010, август), 963-бет.