Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕП АДАМДЫ ӨЗГӨРТӨ АЛАТ

Алар «кымбат баалуу... бермет» табышкан

Алар «кымбат баалуу... бермет» табышкан

 Иса Машаяк адамзаттын бардык көйгөйлөрүн Кудайдын Падышалыгы чечерин айткан (Матай 6:10). Матай 13:44—46-аяттарда Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындыктын канчалык баалуу экенин көрсөтүш үчүн эки мисал келтирген:

  •   Талаада иштеп жүрүп, күтпөгөн жерден жашырылган кенчти таап алган киши

  •   Жакшы бермет табыш үчүн жер кезип жүрүп, кымбат баалуу бермет таап алган соодагер

 Ал эки киши тең таап алган кенчке ээ болуш үчүн кубанган бойдон барып, колунда болгондун баарын сатышкан. Аларды Падышалыкты абдан баалагандыктан жана ал аркылуу келе турган баталарга ээ болгусу келгендиктен көп нерседен баш тарткан кишилерге салыштырууга болот (Лука 18:29, 30). Бул видеодон Исанын мисалындагы кишилерге окшош иш кылган эки кишинин окуясын көрө аласыңар.