Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 3-МАЙ
КАЗАКСТАН

Казакстан өкмөтү дин тутуу эркиндигин тебелеп, Теймур Ахмедовду күнөөлүү деп тапты

Казакстан өкмөтү дин тутуу эркиндигин тебелеп, Теймур Ахмедовду күнөөлүү деп тапты

2017-жылдын 2-майында Астана шаардык соту Теймур Ахмедовду диний ишеними жөнүндө башкаларга айтканы үчүн эле беш жылга кесип жиберди. Теймур Ахмедов — Казакстан 1991-жылы эгемендүү мамлекет болгондон бери диний иштер менен алек болгону үчүн кылмышкер катары соттолгондордун биринчиси.

Эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүнө карабай, сот Ахмедов мырзаны тергөө камак жайынан үй камагына которуудан баш тарткан. 61 жаштагы Ахмедов мырзанын аялы, үч уулу бар. Учурда ден соолугу өтө начар.

Дин тутуу эркиндигине кепилдик берген мыйзамдын чегинде иш кылганы үчүн жазаланууда

Ахмедов мырзага каршы козголгон иш 2017-жылдын январь айында башталган. Казакстандын жашыруун милиция кызматкерлери, Улуттук коопсуздук комитети, аны Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 172(2)-беренесин бузду деген айып менен камаган. Улуттук коопсуздук комитети Ахмедов мырзага диний ишеними жөнүндө башкаларга айтып, «диний кастыкты козутту» деген айып койгон.

Сот Талгат Серлибаев Ахмедов мырзанын сөздөрү «диний талаш-тартыштардын чыгышына» жана «туткан дининин негизинде кайсы бир жарандар башкалардан жогору турат» деген ойдун жайылышына себеп болгон деген жыйынтык чыгарды. Мындан тышкары, сот ага «идеологиялык диний иштерди» жүргүзүүгө үч жылга тыюу салды. Мындайча айтканда, ага Кудайга сыйынууга тыюу салынды.

Жахабанын Күбөлөрүнүн сот иштерине байланыштуу башкы кеңешчиси Филип Брамли мындай дейт: «Бийликтегилер мыйзамды таптакыр туура эмес колдонуп жатышат. 2016-жылы бир нече киши эмнелерге ишенерин айтып беришин суранып Теймур Ахмедовду бир үйгө чакырышкан. Алар атүгүл анын үйүнө да келишкен. Теймур Ахмедов сүйлөшкөн сөздөрүнүн баары жаздырылып жатканын жана кийин ага каршы кылмыш ишин козгоо үчүн жалган далил катары колдонуларын билген эмес. Мындан бийликтегилердин тынчтыкта жүргүзүлүп жаткан диний иштерди токтотуу үчүн жана аларды кылмыш катары кароо үчүн баарына даяр экени айкын көрүнүп турат. Бул адилеттүүлүктүн ачыктан ачык бурмаланышы».

Ахмедов мырзанын үй-бүлөсү анын ден соолугуна сарсанаа болууда. Ал аневризма менен (рак болушу мүмкүн) ооруса да, бийликтегилер аны түрмөдөн үй камагына которууга байланыштуу өтүнүчтү четке кагышты жана ага зарыл медициналык жардам көрсөтүлгөн жок. Анын жактоочулары БУУнун себепсиз камоо маселеси боюнча иш алпарган тобуна, БУУнун дин тутуу эркиндиги боюнча атайын баяндамачысына, ошондой эле БУУнун тынчтыкта чогулуу жана пикирлешүү укугу боюнча атайын баяндамачысына доо арыз менен кайрылышты.

Казакстандагы дин тутуу эркиндиги корголобу?

Казакстандагы Жахабанын Күбөлөрү диний иштерин жүргүзүүдө көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бирок Ахмедов мырзанын адилетсиз түрдө кесилип кетиши алар үчүн күтүлбөгөн, төбө чачты тик тургузган иш болду. Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлдөрү эл аралык келишимдерде жазылган дин тутууга байланыштуу негизги укуктарды коргошун жана диний иштерди жүргүзүүгө бийликтегилер тоскоолдук кылбашын өтүнүп, Казакстандын бийлик өкүлдөрүнө доо арыз менен кайрылып жатышат.