Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 18-АПРЕЛЬ
КАЗАКСТАН

Казакстандын президенти Теймур Ахмедовго мунапыс жарыялады

Казакстандын президенти Теймур Ахмедовго мунапыс жарыялады

2018-жылдын 2-апрелинде Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жалган айып менен камалган 61 жаштагы Теймур Ахмедовго мунапыс жарыялап, түрмөдөн бошотту. Ошондой эле ал толугу менен акталды. Теймур Ахмедов мунапыс жарыяланганын 4-апрелде билген. Ошол маалда ал хирургиялык операциядан кийин ооруканада дарыланып жаткан жана дагы деле камакта болчу. Азыр ал үй-бүлөсү менен кайра чогуу болгонуна сүйүнүп жатат. Андан сырткары, ага рак оорусу менен күрөшүш үчүн зарыл медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Адилетсиз түрдө камалышы

Жахабанын Күбөсү болгон Теймур Ахмедов башкаларга диний ишеними жөнүндө айтканы үчүн эле 2017-жылдын 18-январында камакка алынган. Ага чейин ал Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларына аябай кызыккандай көрүнгөн бир нече киши менен бир нече ай бою Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу сүйлөшкөн. Казакстандын жашыруун полиция кызматкерлери, Улуттук коопсуздук комитети менен чогуу иш алып барган ал кишилер Теймур Ахмедов менен сүйлөшкөн маектерин жашыруун видеокамерага жаздырышкан. Ошол жаздыруулардын негизинде Улуттук коопсуздук комитети Теймур Ахмедов «диний кастыкты козуткан» жана «туткан дининин негизинде кайсы бир жарандар башкалардан жогору турат» деген ойду жактап, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174(2)-беренесин бузган деген айып менен аны кармап кетишкен.

Камакка алынгандан кийин полиция кызматкерлери Теймур Ахмедовду суракка алып, үч ай тергөө камак жайында кармашкан. 2017-жылдын 2-майында сот аны беш жылга кесип жиберген жана үч жылга диний иштер менен алектенүүгө тыюу салган.

Теймур Ахмедовдун жактоочулары аны бошотууну өтүнүп, доо арыз менен көп жолу сотко кайрылышкан. Бирок соттор ал доо арыздардын бирин да канааттандырган эмес. Казакстандагы сот системасынан эч кандай натыйжа болбогондуктан, Теймур Ахмедов дин тутуу укугун коргош үчүн эл аралык уюмдардан жардам сураган. Ал БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобуна жана Адам укуктары боюнча комитетке доо арыз менен кайрылган.

Теймур Ахмедов «дин тутуу эркиндигине кепилдик берген мыйзамдын чегинде диний иштерин тынчтыкта жүргүзгөндүктөн», БУУнун Мыйзамсыз кармоо боюнча жумушчу тобу 2017-жылдын октябрында Казакстан өкмөтүн аны камакка алганы үчүн айыптап, аны токтоосуз түрдө бошотууга үндөгөн. 2018-жылдын январында Адам укуктары боюнча комитет Теймур Ахмедовдун шашылыш кайрылуусуна жооп кайтарган жана Казакстан өкмөтүн, ал зарыл медициналык жардам ала алышы үчүн, токтоосуз түрдө убактылуу чараларды көрүүгө чакырган. Ошондой эле Адам укуктары боюнча комитет Казакстан өкмөтүнө Теймур Ахмедовду биротоло камактан бошотууну жана соттун акыркы чечимине чейин эркиндикке чыгарууну сунуштаган.

Бошотулушу

Теймур Ахмедов жана анын жубайы Мафиза. (Мунапыс жарыялангандан кийин)

Камакта отурган маалда Теймур Ахмедовдун ден соолугу өтө начарлап кеткен. Ушул жылдын башында доктурлар ага жоон ичеги рагы деген диагноз коюшкан, ошол дарттан улам анын абалы кескин начарлай баштаган. Адам укуктары боюнча комитетинин убактылуу чараларга байланыштуу чечиминин жана башка эл аралык уюмдардын талаптарынын негизинде Казакстан бийлик өкүлдөрү Теймур Ахмедовду Нурсултан Назарбаевге расмий түрдө кайрылып, мунапыс жарыялашын өтүнүүгө чакырышкан.

Теймур Ахмедов ага мунапыс жарыялашын суранып 2018-жылдын 5-мартында президентке кайрылган жана тез өрчүп бараткан ракка каршы медициналык жардам алууга муктаж болгондуктан анын арызын тезинен карап беришин өтүнгөн. Ал ортодо түрмө башчылары Теймур Ахмедовду Алматыдагы ооруканага которушкан. Ал жерден ага 2018-жылдын 27-мартында хирургиялык операция жасалган.

Казакстан өкмөтү жарандарынын дин тутуу эркиндигин мындан да көбүрөөк сыйлаарын көрсөтөбү?

Теймур Ахмедов, жубайы Мафиза жана балдары бардык кыйынчылыктардын артта калганына абдан кубанып жатышат. Ошондой эле ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулуп, акталып чыкканы үчүн Казакстандын президенти Назарбаевге ыраазычылык билдиришет. Теймур Ахмедовго карата мыйзамсыз түрдө кылмыш иши козголгондон кийин анын банктагы эсеби өкмөткө өткөн. Мунун айынан Ахмедовдун жубайы ал түрмөдө отурган маалда акча жагынан аябай кыйналган.

Теймур Ахмедовго мунапыс жарыялангандан кийин дүйнө жүзүндөгү ишенимдештери Казакстандагы бийлик өкүлдөрү ал өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнө тынчтыкта жүргүзгөн диний иштерин аткарууга көбүрөөк эркиндик берет деп үмүттөнүүдө.