Мазмунун көрсөтүү

«Алтын эреже» деген эмне?

«Алтын эреже» деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ыйык Китепте «алтын эреже» деген сөз айкашы кездешпейт. Анткен менен көптөр аны Иса пайгамбар үйрөткөн эрежеге карата колдонушат. Ал тоодо айткан насаатында мындай деген: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга бардык жагынан ошондой мамиле кылгыла» (Мт. 7:12; Лк. 6:31).

 Алтын эреже эмнени билдирет?

 Алтын эреже башкалардан кандай мамилени күтсөк, аларга да ошондой мамиле кылууну билдирет. Мисалы, көптөр башкалардын аларды кадырлап-сыйлашын, боорукердик менен мамиле кылышын жана аларды жакшы көрүшүн каалашат. Демек, өздөрү да башкаларга «ошондой мамиле кылышы» керек (Лк. 6:31).

 Алтын эрежеге кармануунун кандай пайдасы бар?

 Алтын эреже бардык жагдайларда колдонорлук. Маселен, ал...

 Алтын эреже Ыйык Китептин Байыркы Келишим деп белгилүү болгон бөлүгүнүн өзөгүн түзөт. Иса пайгамбар ал эреже тууралуу: «Мыйзамдын да [Ыйык Китептин алгачкы 5 китеби], пайгамбарлар айткан сөздөрдүн да [пайгамбарлар жазган китептер] маңызы ушунда»,— деп айткан (Матай 7:12). Башкача айтканда, алтын эреженин пайдубалын Байыркы Келишимдеги «жакыныңды сүй» деген маанилүү осуят түзөт (Римдиктер 13:8—10).

 Алтын эреже жөн гана эсептешүүнү билдиреби?

 Жок. Алтын эрежеде, негизинен, башкаларга берүүгө басым жасалат. Иса пайгамбар алтын эрежени бекиткенде жалпы жонунан адамдарга кандай мамиле кылышыбыз керектигин эле эмес, атүгүл душмандарыбызга да ошондой мамиле кылышыбыз керектигин айткан (Лука 6:27—31, 35). Андыктан алтын эреже бизге бардык адамдарга жакшылык кылууга түрткү берет.

 Канткенде алтын эрежеге кармана алабыз?

  1.  1. Кыраакы болгула. Айланаңардагы адамдарга байкоо салгыла. Мисалы, кимдир бирөөнүн оор баштыкты араңдан-зорго көтөрүп келатканын көрүшүңөр, жакыныңардын ооруканага жатып калганын угушуңар же кесиптешиңердин кайгыга чөгүп турганын байкашыңар мүмкүн. Эгер башкалардын «кызыкчылыктарын ойлосоңор», аларга көңүл жубатарлык сөздөрдү айтасыңар же кандайдыр бир жакшылык кыласыңар (Филипиликтер 2:4).

  2.  2. Түшүнүктүү болгула. Өзүңөрдү башканын ордуна коюп көргүлө. Аныкындай жагдайга туш болсоңор, өзүңөрдү кандай сезет элеңер? (Римдиктер 12:15). Башкалардын сезимдерин түшүнгөнгө аракет кылсаңар, аларга жардам бергенге түрткү аласыңар.

  3.  3. Ылайыкташа билгиле. Ар бирибиз өзүнчө инсан экенибизди эсиңерден чыгарбагыла. Силер каалаган нерсе башкалар каалаган нерседен айырмаланышы мүмкүн. Ошондуктан бирөөгө бир нерсе кыларда ага эмне көбүрөөк жагымдуу болору жөнүндө ойлонгула (1 Корунттуктар 10:24).