Мазмунун көрсөтүү

Ата-энелер балдарына канткенде туура жыныстык тарбия бере алышат?

Ата-энелер балдарына канткенде туура жыныстык тарбия бере алышат?

 Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Балдарга жыныстык тарбияны ким бериши керек? Ыйык Китепке ылайык, бул ата-эненин милдети. Көптөгөн ата-энелерге бул жагынан төмөндөгү кеңештер жардам берген. Келгиле, ошолорго токтололу.

  •   Бул темада сүйлөшүүдөн уялбагыла. Ыйык Китепте жыныстык мамиле жана жыныстык мүчөлөр тууралуу ачык жазылган. Байыркы учурда ысрайыл эли, Кудайдын талабы боюнча, «балдарына» ушундай нерселер тууралуу түшүнүк бериши керек болгон (Мыйзам 31:12; Лебилер 15:2, 16—19). Демек, ата-энелер балдарына жыныстык тарбия бериши керек. Бирок ал тууралуу сүйлөшкөндө балаңар жыныстык мамилени же жыныстык мүчөлөрдү кандайдыр бир жаман же уят нерсе катары көрүп калбагыдай туура, адептүү сөздөрдү колдонгула.

  •   Акырындык менен түшүндүргүлө. Балаңарга ушул теманы жыныстык жактан жетиле баштаган курагында биротоло бир отуруп, баарын түшүндүрүп берип койгондон көрө, кичине кезинен баштап эле түшүнгөнүнө жараша улам бир нерсени акырындык менен түшүндүрө бергениңер жакшы (1 Корунттуктар 13:11).

  •   Адеп-ахлак нормаларына карманууга үйрөткүлө. Албетте, мектепте балдарга жыныстык тарбия берилет. Анткен менен, Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык, ата-энелер балдарына жыныстык мамилелер жөнүндө эле айтып койбостон, ага байланыштуу адеп-ахлак нормаларын түшүндүргөнү да абзел (Накыл сөздөр 5:1—23).

  •   Балаңарды уга билгиле. Балаңар жыныстык мамилеге байланыштуу бир нерселерди сураганда, чочулап же дароо эле урушуп кирбегиле. Анын ордуна, «укканга даяр болуп», «сүйлөгөнгө... шашпагыла» (Жакып 1:19).

 Балаңарды бузуку кишилерден кантип коргосоңор болот?

Балдарыңарды бузуку кишилерге каршылык көрсөтүүгө үйрөткүлө

  •   Адегенде өзүңөр маалымат алгыла. Бузуку кишилер балдарды адатта кантип алдай турганы жөнүндө көбүрөөк билгиле (Накыл сөздөр 18:15; «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 1-томунун 32-бөлүмүн карагыла).

  •   Балаңардын ким менен, эмне кылып жатканына олуттуу көңүл бургула. Балаңарды бирөөгө калтыра турган болсоңор, ал кишинин чындап эле ишеничтүү экенине көзүңөр жеткидей болсун, ошондой эле баланы эч качан «өз эркине коюп» койбогула (Накыл сөздөр 29:15).

  •   Кимди укпаш керектигин үйрөткүлө. Балдар ата-энесинин тилин алышы керек (Колосалыктар 3:20). Бирок, эгер балаңарды чоң кишилердин баарына дайыма тил алышың керек деп үйрөтүп койсоңор, ал бузуку кишилердин оңой олжосу болуп калышы мүмкүн. Кудайга ишенген ата-энелер баласына: «Эгер кимдир бирөө сага Кудайга жакпай турган ишти кыл десе, эч качан аны укпа»,— деп айтса болот (Элчилер 5:29).

  •   Коргонуунун жөнөкөй жолдору. Балаңарга, эгер силер жанында жок болуп калып, ушундай жагдайга туш болуп кала турган болсо, эмне кылса болорун үйрөтүп койгула. Ошондой жагдайларды үйдөн сахналаштырып көрсөткүлө. Балаңарга: «Тийбеңиз мага! Айтам сизди!» — деп коркпой айтышы керектигин, анан дароо качып кетиши керектигин түшүндүргүлө. Балдар бат эле унутуп кала бергендиктен, ушул кеңештерди кайра-кайра эсине салып тургула (Мыйзам 6:7).