Мазмунун көрсөтүү

Иса пайгамбардын жашоосу баяндалган Инжил качан жазылган?

Иса пайгамбардын жашоосу баяндалган Инжил качан жазылган?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Иса пайгамбардын жашоосун баяндап жазган элчи Жакан өзүнүн жазгандары тууралуу: «Мунун баарын өз көзү менен көргөн адам күбөлөндүрүп жатат. Анын күбөлөндүрүүсү чындык. Ал өзүнүн, силер да ишенип калышыңар үчүн, чындыкты айтып жатканын билет»,— деп жазган (Жакан 19:35).

 Матайдын, Марктын, Луканын жана Жакандын Инжилинде жазылгандарга ишенүүгө толук негиз бар. Анткени андагы окуялар ошол окуяларды көргөндөрдүн көзү өтө электе жазылган. Айрым билдирүүлөргө ылайык, мисалы, Матайдын Инжили Иса Машаяктын өлгөнүнөн сегиз эле жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда, болжол менен б.з. 41-жылы жазылган. Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулар Матайдын Инжилин андан кийинчерээк жазылган деп эсептешсе да, Грек Жазмаларына кирген бардык китептердин б.з. 1-кылымында жазылганына шектенишпейт.

 Эгерде Инжилде жазылган маалымат так болбосо, Иса пайгамбардын кылган кызматын, өлгөнүн, тирилгенин көргөндөр аны оңой эле байкашмак. Профессор Ф. Ф. Брус: «Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларынын кабар айтканынын күчтүү жагы эл өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уккан окуяларды айтканы болгон. Кабар айтканда алар „биз өз көзүбүз менен көргөн нерселерди айтып жатабыз“ деп эле айтпастан, „өзүңөр билгендей“ деп да айта алышкан»,— деп жазган (Элчилер 2:22).