Кудайдан эмнени тилесем болот?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Ыйык Китепте: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз
»,— деп айтылат (1 Жакан 5:14). Демек, Кудайдан анын эркине туура келген нерсенин бардыгын тилесе болот. Ал эми жеке өзүбүз тууралуу тиленсек болобу? Ооба, анткени Ыйык Китепте: «[Кудайдын] алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө
»,— деп жазылган (Забур 62:8).
Кудайдан тилесе боло турган нерселер:
Ага болгон ишенимибизди арттырышын сурануу (Лука 17:5).
Туура иш кылыш үчүн Кудайдан ыйык рух суроо (Лука 11:13).
Кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, азгырыктарга туруштук берүүгө күч суроо (Филипиликтер 4:13).
Жүрөгүбүзгө тынчтык, жан-дүйнөбүзгө бейкуттук орношун суроо (Филипиликтер 4:6, 7).
Туура чечим чыгарыш үчүн акылмандык суроо (Жакып 1:5).
Күнүмдүк муктаждыктарыбызды канааттандырууга жардам беришин суроо (Матай 6:11).
Күнөөлөрүбүздү кечиришин суроо (Матай 6:12).