Мазмунун көрсөтүү

Пайгамбарлык деген эмне?

Пайгамбарлык деген эмне?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Пайгамбарлык деген Кудай айттырган кабар, жогорудан берилген аян дегенди билдирет. Ыйык Китепте пайгамбарлыктарды «Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдардын» айтышканы жазылган (2 Петир 1:20, 21). Демек, Кудайдын айткандарын башкаларга жеткирген адамдарды пайгамбарлар десе болот (Элчилер 3:18).

Кудай кабарын пайгамбарларга кантип билдирген?

 Ал муну ар кандай жолдор менен кылган.

  •   Өзү жазып берген. Ал Муса пайгамбарга Он осуятты таш лоокторго өзү жазып берген (Чыгуу 31:18).

  •   Периштелер аркылуу. Мисалы, Муса пайгамбарга Мисирдин фараонуна эмне деп айтышы керектигин периште аркылуу айттырган (Чыгуу 3:2—4, 10). Анын ар бир сөзүнүн аткарылышы маанилүү болгон учурларда периште аркылуу сөзмө-сөз жаздырчу. Бир жолу Муса пайгамбарга: «Бул сөздөрдү жазып ал, анткени сени менен жана Ысрайыл менен ушул сөздөрдүн негизинде келишим түзөм»,— деген (Чыгуу 34:27) a.

  •   Аян аркылуу. Аяндар пайгамбарларга кээде алар ойгоо кезинде эле берилчү (Ышая 1:1; Хабакук 1:1). Айрым аяндар чын эле болуп жаткандай сезилгендиктен, пайгамбарлар ошол окуяга аралашып жүргөндөй болушчу (Лука 9:28—36; Аян 1:10—17). Башка учурларда болсо пайгамбарлар аяндарды уйку-соонун ортосунда турганда көрүшчү (Элчилер 10:10, 11; 22:17—21). Аяндар ошондой эле түш аркылуу да берилчү (Даниел 7:1; Элчилер 16:9, 10).

  •   Оюна салчу. Кудай кабарын пайгамбарлардын оюна салчу. Ошон үчүн Ыйык Китепте: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган»,— делет (2 Тиметей 3:16). «Кудайдын рухунун жетеги менен» деген сөздөрдү «Кудайдын деми менен» деп да берсе болот. Кудай ыйык рухун, башкача айтканда, иш-аракет кылуучу күчүн колдонуп, өзүнүн ойлорун кызматчыларынын акылына салат. Аларды элге кантип жеткиришти пайгамбарлардын эркине коёт (2 Шемуел 23:1, 2).

Пайгамбарлар сөзсүз эле келечекте боло турган нерселерди айтышабы?

 Жок. Пайгамбарлыктарда сөзсүз эле келечекке байланыштуу нерселер айтылбайт. Анткен менен Кудайдан келген кабардын көбү, түз айтылбаса да, келечекке байланыштуу. Алсак, пайгамбарлар ысрайыл элине жаман жолунан кайтышы керектигин кайра-кайра эскерткен. Эгер алар эскертүүлөргө кулак кагышса, бата алышмак. Укпай коюшса, башына алаамат түшмөк (Жеремия 25:4—6). Кайсынысын тандаарынан алардын келечеги көз каранды болгон (Мыйзам 30:19, 20).

Келечекке байланышы жок пайгамбарлыктар

  •   Бир жолу ысрайылдыктар Кудайга жардам сурап кайрылышканда, ал пайгамбарын жиберип, анын буйруктарын аткарышпаганы үчүн, жардам бербей турганын айткан (Бийлер 6:6—10).

  •   Иса пайгамбар самариялык аял менен сүйлөшүп жатканда анын мурунку жашоосу жөнүндө айткан. Ага муну Кудай ачып берген. Келечек жөнүндө эч нерсе айтпаса да, аял Исаны пайгамбар деп кабыл алган (Жакан 4:17—19).

  •   Иса пайгамбарды сот алдына алып барышканда, душмандары анын бетин жаап, уруп-сабашкан. Анан: «Пайгамбар болсоң, айтчы, сени ким урду?» — деп мазакташкан. Алар анын келечекти эмес, аны ким урганын айтып беришин каалашкан (Лука 22:63, 64).

a Бир караганда, Кудай Муса пайгамбар менен бетме-бет сүйлөшкөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын Мыйзам келишимин Муса пайгамбарга периште аркылуу бергени жазылган (Элчилер 7:53; Галатиялыктар 3:19).