Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Римдиктер 12:12. «Үмүт менен кубангыла. Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула. Тиленгениңерди токтотпогула».

Римдиктер 12:12. «Үмүт менен кубангыла. Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула. Тиленгениңерди токтотпогула».

 «Үмүт менен кубангыла. Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула. Тиленгениңерди токтотпогула» (Римдиктер 12:12; «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Үмүт менен кубангыла, кыйынчылыкка туруштук бергиле, туруктуулук менен сыйынгыла» (Римдиктер 12:12; «Үмүт нуру» котормосу).

Римдиктер 12:12нин мааниси

 Бул аятта Пабыл Римдеги Исанын жолдоочуларын куугунтукка жана башка кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү бойдон калганга жардам берген 3 нерсени кылууга үндөгөн.

 «Үмүт менен кубангыла». Исанын жолдоочулары кереметтүү үмүткө ээ. Алардын айрымдары асманда, ал эми көпчүлүгү Бейишке айланган жер бетинде жашоого үмүттөнүшөт (Забур 37:29; Жакан 3:16; Аян 14:1—4; 21:3, 4). Бул үмүт өз ичине Кудайдын Падышалыгы a адамзатты азапка салган көйгөйлөрдүн баарын чечерин өз көзүбүз менен көрүүнү да камтыйт (Даниел 2:44; Матай 6:10). Кудайдын кызматчылары кыйынчылыктарга карабай кубанычын сактай алышат. Анткени алар үмүтүнүн сөзсүз ишке ашарына жана туруктуу бойдон калышса, Кудайдын ырайымына ээ болоруна бекем ишенишет (Матай 5:11, 12; Римдиктер 5:3—5).

 «Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула». Ыйык Китепте «туруктуу болуу» деп которулган грек тилиндеги этиш көп учурда «качып кетпестен ордунда калуу, туруштук берүү» деген маанини туюнтат. Исанын жолдоочулары «бул дүйнөгө b таандык болбогондуктан» куугунтукталарын билишет. Ошондуктан аларга туруктуулук керек (Жакан 15:18—20; 2 Тиметей 3:12). Исанын жолдоочусу кыйынчылыктарга карабай Кудайга туруктуулук менен кызмат кыла берсе, Жахабанын аны сыйлыксыз калтырбай турганына болгон ишеними бекемделе берет (Матай 24:13). Ал эми ошол ишеними ага кыйынчылыктарды чыдамкайлык, кубаныч менен көтөрүп кеткенге жардам берет (Колосалыктар 1:11).

 «Тиленгениңерди токтотпогула». Ишенимдүү бойдон калыш үчүн Исанын жолдоочулары үзгүлтүксүз тиленүүгө чакырылышат (Лука 11:9; 18:1). Алар дайыма Кудайдан жетекчилик издешет жана жашоосунун бардык тармагында ага таянышат (Колосалыктар 4:2; 1 Тесалоникалыктар 5:17). Алар Кудайдын буйруктарына баш ийгендиктен жана ага жагыш үчүн колунан келгендин баарын кылгандыктан, Кудай алардын тиленүүсүнө жооп береринен шектенишпейт (1 Жакан 3:22; 5:14). Ошондой эле үзгүлтүксүз тиленишсе, кандай гана кыйынчылык болбосун, Жахабанын аларга күч берерин билишет (Филипиликтер 4:13).

Римдиктер 12:12нин контексти

 Пабыл Римде жашаган Исанын жолдоочуларына жолдогон катын болжол менен б. з. 56-жылы жазган. Бул каттын 12-бөлүмүндө Кудайга жаккан сапаттарды кантип өрчүтсө болоруна, ишенимдештери жана башкалар менен кантип мамилелешиши керектигине жана куугунтукталганда тынчтыкты кантип сакташ керектигине байланыштуу кеңештерди берген (Римдиктер 12:9—21). Бул кеңештер Римдеги Исанын жолдоочуларына өз убагында берилген. Анткени ошондон көп өтпөй алар катуу куугунтукка дуушар болушкан.

 Бир нече жылдан кийин, б. з. 64-жылы, Рим шаары чоң өрттөн улам катуу зыянга учураган. Көптөрдүн айтымында, шаарды император Нерон өзү өрттөгөн. Рим тарыхчысы Тацит жазгандай, Нерон суудан кургак чыгыш үчүн күнөөнү Исанын жолдоочуларына оодарганга аракет кылган. Мунун айынан Исанын жолдоочулары катуу куугунтуктала башташкан. Пабылдын куугунтукту туруктуулук менен көтөрүп кетүүгө байланыштуу кеңеши аларга ошол кыйын кезеңде ишенимдүү бойдон калганга жардам берген (1 Тесалоникалыктар 5:15; 1 Петир 3:9). Бүгүнкү күндөгү Кудайдын кызматчылары алардан көп нерсеге үйрөнө алышат.

 Римдиктер китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.

a Кудайдын Падышалыгы — бул асмандагы өкмөт. Ал аны жерге байланыштуу эркин аткарыш үчүн орноткон. Ал тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген макаланы окуп көргүлө.

b Ыйык Китепте «дүйнө» деген сөз Кудай менен эч кандай мамилеси жок адамдарга карата айтылат.