Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

24-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Сен рухий максаттарыңа жете аласың

Сен рухий максаттарыңа жете аласың

«Жакшылык кылып жатып багынбайлы, анткени алсырап эле калбасак, убагы келгенде оруп алабыз» (ГАЛ. 6:9).

84-ЫР: Эмгектен

БУЛ МАКАЛАДА a

1. Баарыбыз эле кандай кыйынчылыктарга туш болобуз?

 АЛДЫҢА кандайдыр бир рухий максат коюп, бирок ага жете албай кыйналган учуруң болду беле? b Эгер болсо, анда жалгыз эмессиң. Филипти мисалга алалы. Ал тез-тезден жана маңыздуу тиленейин деп максат койгон. Бирок тиленгенге убакыт таппай кыйналган. Ал эми Эриканын кабар айтуу жолугушуусуна кечикпей барайын деген максаты бар болчу. Бирок дээрлик ар бир жолугушууга кечигип барчу. Томаш болсо Ыйык Китепти толугу менен окуп чыкканга бир нече жолу аракет кылган. Ал: «Мага Ыйык Китепти окуган көп деле жакчу эмес. Үч жолу аракет кылгам. Үчөөндө тең Лебилер китебине барып токтоп калчумун»,— дейт.

2. Койгон максатыбызга али жете элек болсок, эмне үчүн көңүлүбүздү чөгөрбөшүбүз керек?

2 Учурда кайсы бир максатың бар болсо, бирок ага жете элек болсоң, анда көңүлүңдү чөгөрбө. Атүгүл жөнөкөй эле максатка жеткенге убакыт, анан чоң эмгек керек. Кайсы бир максатыңа умтулуп жатканыңдын өзү эле чоң олжо. Бул Жахаба менен болгон мамилеңди баалаарыңдан жана ага эң жакшысын бергиң келип жатканынан кабар берет. Жахаба болсо аракетиңди баалайт. Албетте, ал колуңдан келбеген нерсени талап кылбайт (Заб. 103:14; Мик. 6:8). Андыктан жагдайыңа жараша жете ала турган максат кой. Ага жетиш үчүн эмне кылсаң болот? Бир нече сунуш карап көрөлү.

КҮЧТҮҮ КААЛООНУН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Күчтүү каалоо сурап тилен (3—4-абзацтарды карагыла)

3. Күчтүү каалоо эмне үчүн маанилүү?

3 Рухий максаттарга умтулууда күчтүү каалоо чоң роль ойнойт. Ошондой каалоосу бар киши максатына жеткенге бүт күчүн жумшайт. Мындай каалоону кайыкты көздөгөн жерине жеткирген шамалга салыштырсак болот. Эгер шамал сого берсе, кайыкчы багыт алган жерине жетиши мүмкүн. Шамал катуу соксо, ал эртерээк жетиши ыктымал. Анын сыңарындай, каалообуз канчалык күч болсо, максаттарыбызга ошончолук эртерээк жетишибиз этимал. Эль-Сальвадордо жашаган Дэйвид: «Каалооң болсо, максатыңа жетиш үчүн эчтекеге карабай тырышып күч жумшайсың»,— дейт. Анда каалооң күч алып турушу үчүн, эмне кылсаң болот?

4. Эмне жөнүндө тиленсек болот? (Филипиликтер 2:13). (Сүрөттү да карагыла.)

4 Каалоо сурап тилен. Жахаба максатыңа жеткенге ыйык руху аркылуу түрткү бере алат. (Окугула: Филипиликтер 2:13.) Кээде кайсы бир нерсени кылыш керек болгондуктан, «кылам» деп максат коёбуз. Негизи, бул жакшы. Бирок аны каалабашыбыз деле мүмкүн. Угандадагы Норина деген ишенимдешибиз так ушундай болгон. Ал кимдир бирөөгө Ыйык Китепти изилдегенге жардам берем деп максат койгон. Бирок жакшы окута албайм деп ойлогондуктан, күчтүү каалоосу деле жок болчу. Ага эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жахабадан изилдөө өткөргөнгө болгон каалоомду өстүргөнгө жардам берчи деп күнүгө тилене баштадым. Анан ошого ылайык, жакшы окутуучу болгонго аракет кыла бердим. Бир нече айдан кийин каалоомдун күчтүүрөөк болуп калганын байкадым. Ошол эле жылы эки киши менен Ыйык Китепти изилдей баштадым».

5. Каалообуз күч алышы үчүн эмне жөнүндө ой жүгүртсөк болот?

5 Жахабанын сага эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрт (Заб. 143:5). Элчи Пабыл Жахабанын ага көрсөткөн чексиз ырайымы тууралуу ойлоно турган. Бул Пабылга кара жанын карч уруп кызмат кылганга түрткү берген (1 Кор. 15:9, 10; 1 Тим. 1:12—14). Анын сыңарындай, Жахабанын сен үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө көбүрөөк ойлонсоң, максаттарыңа жеткенге болгон каалооң ошончолук өсө берет (Заб. 116:12). Гондураста жашаган бир ишенимдешибизге пионер болом деген максатына жеткенге эмне жардам бергенин көрөлү. Ал мындай дейт: «Жахабанын мени канчалык жакшы көрөрү жөнүндө ойлондум. Мисалы, ал мени өзүнүн элине кошту, кам көрүп, коргоп келатат. Ошентип ой жүгүрткөндөн кийин Жахабага болгон сүйүүм артып, каалоом күч алды».

6. Каалообузду дагы эмне күчтөнтүшү мүмкүн?

6 Максатыңа жеткенде ала турган баталарыңа көңүл топто. Мурунураак кеп кылынган Эрикага кечикпейм деген максатына жеткенге эмне жардам берген? Ал мындай дейт: «Жолугушууга кечигип келген сайын, аябай көп нерседен кур калып жатканымды түшүндүм. Эртерээк келсем, бир туугандар менен учурашып, бир аз кобураша алам. Ошондой эле кызматымды жакшыртканга жана андан кубаныч алганга жардам берген кеңештерди уга алат экенмин». Эрика кечикпей өз убагында келгендин пайдаларына көңүл топтогондуктан максатына жете алган. Сен кандай баталарды алышың мүмкүн? Эгер максатың Ыйык Китепти окууга же тиленүүгө байланыштуу болсо, анда Жахаба менен болгон достугуң канчалык чыңдалары жөнүндө ойлон (Заб. 145:18, 19). Ал эми Кудайга жаккан сапаттарга тиешелүү болсо, башкалар менен болгон мамилең канчалык жакшырарына көңүл топто (Кол. 3:14). Кайсы бир максатыңа эмне үчүн жеткиң келип жатканын тизмелеп жазып көрбөйсүңбү? Анан ошол тизмени бат-баттан карап турсаң болот. Жанараак сөз кылынган Томаш: «Максатыңа жеткенге канчалык көп себеп болсо, багынбаганга ошончолук чечкиндүү болот экенсиң»,— дейт.

7. Хулио менен аялына максатына жеткенге эмне жардам берген?

7 Сени сүрөй тургандар менен достош (Накыл 13:20). Хулио менен анын аялы жарчылар аз жерге көчүп барып кызмат кылалы деп максат коюшкан. Аларга максатына жеткенге эмне жардам берген? Хулио мындай деп ой бөлүшөт: «Биз максатыбызга жеткенге үндөгөн бир туугандар менен дос болдук. Алар менен максатыбыз жөнүндө көп сүйлөшчүбүз. Көбү мурун биздики сыяктуу максаттарга жетишкен. Ошон үчүн жакшы кеңештерди бере алышты. Досторубуз: „Баары ойлогондой эле болуп жатабы?“ — деп сурап турушчу. Зарыл болгондо „багынбагыла“ деп үндөп турушчу».

КААЛООБУЗ СУУЙ БАШТАСА...

Максатыңа умтула бер (8-абзацты карагыла)

8. Максатыбызга каалообуз болгондо эле умтулсак, эмне болушу мүмкүн? (Сүрөттү да карагыла.)

8 Ачыгын айтканда, биз максатыма жетем деп күн сайын эле күйүп-жана бербейбиз. Бирок бул максатыбызга умтулбай эле койсок болот дегенди билдиреби? Жок. Жанагы мисалды улайлы. Шамал күчтүү болсо, кайыкты барчу жерине жеткирет. Бирок ал күндө эле бирдей сого бербейт. Кээде тынчып калат. Бул кайыкчы бир орунда тура бериши керектигин билдиреби? Андай деле эмес. Анткени кээ бир кайыктардын кыймылдаткычы, башкаларынын калагы болот. Кайыкчы ушуларды колдонуп, багыт алган жерин көздөй сүзүп кете бере алат. Биздин каалообуз да шамалга окшош. Кээде күчтүү болсо, кээде басаңдап калат. Айрым учурларда такыр эле өчүп калышы мүмкүн. Андыктан максатыбызга каалообуз болгондо эле умтулсак, анда ага эч качан жетпешибиз ыктымал. Кайыкчы бара турган жерине жетиш үчүн башка жолдорду тапкандай эле, биз да каалообуз жок болсо да, максатыбызга умтула бере алабыз. Ан үчүн өзүбүздү көп жагынан тыйганга туура келиши мүмкүн. Ошентсе да аракетибиздин берекети болот. Максатыбызды көздөй акырындап жыла бериш үчүн эмне кылсак болору жөнүндө сүйлөшөрдөн мурун бир суроого жооп алалы.

9. Каалабасак да, кайсы бир максатка умтула бергенибиз туура эмеспи? Түшүндүр.

9 Жахаба биздин ага өз эркибиз менен кубанып кызмат кылышыбызды каалайт (Заб. 100:2; 2 Кор. 9:7). Анда өзүбүзгө жакпаса да, рухий максаттарыбызга умтула беришибиз керекпи? Элчи Пабылдын үлгүсүн карап көрөлү. Ал: «Денемди сабап, кулга айландырып жатам»,— деген (1 Кор. 9:25—27). Пабыл Жахаба каалаган нерселерди кылгысы келбесе да, аларды кылганга өзүн мажбурлаган. Жахаба Пабылдын кызматына ыраазы болгонбу? Албетте. Ошон үчүн анын аракетине батасын берген (2 Тим. 4:7, 8).

10. Каалообуз жок болсо да, максатыбызга умтулганыбыздын кандай пайдалары бар?

10 Ошол сыяктуу эле, биздин да кээде максатыбызга умтулганга каалообуз жок болушу мүмкүн. Бирок аракет кыла берсек, бул Жахабага жагат. Себеби ал биздин дайыма эле кайсы бир ишти жакшы көргөндүктөн эмес, аны жакшы көргөндүктөн кылып жатканыбызды билет. Жахаба Пабылга батасын бергендей эле, бизге да батасын берет (Заб. 126:5). Муну сезгенде койгон максатыма жетем деген каалообуз жандана башташы мүмкүн. Польшалык Люцина деген ишенимдешибиз: «Кээде, айрыкча, чарчап калганда кабарга чыккым келбейт. Бирок кызматтан келгенден кийинки кубанычымды теңдешсиз белек деп айта алам»,— дейт. Анда каалообуз басаңдап калганда эмне кылсак болору тууралуу сүйлөшөлү.

11. Жахаба өзүн-өзү кармай билүү сапатын өрчүткөнгө кантип жардам бере алат?

11 Өзүмдү өзүм кармайын деп тилен. Өзүбүздү кармай билсек, сезимдерибизди жана иш-аракеттерибизди башкара алабыз. Өзүн-өзү кармай билүү дегенди укканда эле жаман иштен оолак болуу деген ой келет. Бирок бул сапат жакшы иш кылыш үчүн да зарыл. Айрыкча, кыла турган ишибиз оор болсо же каалообуз жок болуп жатса. Өзүн-өзү кармай билүү ыйык рухтун жемишине кирерин эсиңден чыгарба. Ошон үчүн Жахабадан бул маанилүү сапатты өрчүткөнгө жардам беришин сурап тилен (Лк. 11:13; Гал. 5:22, 23). Мурунураак сөз кылынган Дэйвид өздүк изилдөөсүн үзгүлтүккө учуратпай өткөргүсү келчү. Ага тиленүү кантип жардам бергени жөнүндө: «Жахабадан өзүмдү кармай билгенге көмөк кылчы деп тиленчүмүн. Анын аркасы менен жакшы күн тартип түзүп, ошого кармана алдым»,— дейт.

12. Насаатчы 11:4төгү принциптин рухий максаттарга кандай тиешеси бар?

12 Эң ылайыктуу учурду күтүп отура бербе. Азыркы заманда андай учур эч качан келбеши мүмкүн. Эгер күтүп отура берсек, максатыбыз максат боюнча эле калып калышы ыктымал. (Окугула: Насаатчы 11:4.) Дэниел деген ишенимдешибиз мындай дейт: «Эң эле ылайыктуу учур эч качан болбошу мүмкүн. Биз аны өзүбүз жаратышыбыз керек. Ан үчүн болгону эле башташ керек». Ал эми угандалык Пол деген бир тууганыбыз создуктура берүү эмне үчүн жаман экени тууралуу: «Кыйынчылыктарга карабай иш-аракет кыла баштасак, Жахаба сөзсүз батасын берет»,— дейт (Мал. 3:10).

13. Кичинекей максаттардан баштагандын эмнеси жакшы?

13 Аз-аздан башта. Максатыбыз кол жеткистей сезилгенде каалообуз өчө башташы мүмкүн. Эгер сенде да ушундай болуп жатса, анда чоң максатыңды бир нече майда максаттарга бөлүп көрбөйсүңбү. Мисалы, кайсы бир сапатты өрчүтөм деп максат койдуң дейли. Аны чагылдырганды аз-аздан баштап көр. Эгер максатың Ыйык Китепти толугу менен окуп чыгуу болсо, анда кыска эле убакыт окугандан баштап көрсөң болот. Макаланын башында айтылган Томашка Ыйык Китепти бир жылдын ичинде окуп бүтүү кыйынга турган. Ал: «Көрсө, мен Ыйык Китепти бат окуп бүтүшүм керек деп эле көп-көптөн окуй берчү экенмин. Ошон үчүн кайра дагы бир аракет кылып көрөйүн дедим. Мунусунда бир күндө бир бөлүмдөн бир нече эле аят окуп, ой жүгүртөйүн деп чечтим. Натыйжада окуган аябай жага баштады»,— дейт. Бара-бара ал окуганга узагыраак убакыт бөлө баштаган. Ошентип, Ыйык Китепти толугу менен окуп бүткөн c.

ОКШОШПОЙ КАЛСА, КАЙГЫРБА

14. Максатыңа жеткенге эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?

14 Каалообуз канчалык күчтүү болбосун, өзүбүздү канчалык кармабайлы, тилекке каршы, кээде максатыбызга жетиш кыйын болушу мүмкүн. Алсак, «күтүлбөгөн жагдайга кабылышбыз» ыктымал. Ошондо максатыбызга жумшай турган күчүбүз менен убактыбыз ошого кетип калат (Нас. 9:11). Же кайратыбызды качырган, күчүбүздү алган кыйынчылыкка туш болушубуз этимал (Накыл 24:10). Жеткилең эмес болгондуктан жаңылып-жазып алабыз. Бул дагы максатыбыздан алыстатып коюшу мүмкүн (Рим. 7:23). Же кээде чарчап калышыбыз ыктымал (Мт. 26:43). Ошондой учурларда алдыга кете бергенге эмне көмөк кылат?

15. Максатыңа жетиш кыйын болуп жатса, багынып беришиң керекпи? Түшүндүр. (Забур 145:14).

15 Тоскоолдуктар андан ары умтулбашың керектигин билдирбейт. Ыйык Китепте үстөккө-босток кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн экени айтылган. Бирок анда, өзгөчө, Жахабанын жардамы менен кайрадан бутка туруп, алдыга арыштай бере аларыбыз да айтылган. (Окугула: Забур 145:14.) Мурунураак сөз кылынган Филип ийгиликке жетүү деген эмне экенин минтип түшүндүрөт: «Мен канча жолу жыгылганыма эмес, кайрадан туруп алдыга кадам таштаганыма көңүл топтойм». Дэйвид болсо: «Мен кыйынчылыктарды, аракетимдин окшошпой калганын тоскоолдук катары көрбөйм. Тескерисинче, аларды Жахабаны канчалык жакшы көрөрүмдү далилдегенге мүмкүнчүлүк катары эсептейм»,— дейт. Ооба, канчалык кыйын болбосун, максатыңа жеткенге умтула берсең, Жахабага жаккың келерин далилдейсиң. Муну көргөндө Жахабанын абдан кубанары шексиз!

16. Максатыңа умтулууда туш болгон кыйынчылыктардан эмнелерди билсең болот?

16 Тоскоол болгон кыйынчылыктарыңды үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк катары көр. Ошол кыйынчылыктарга эмне себеп болгону жөнүндө: «Эмкиде ушул кайталанбашы үчүн, кайсы бир нерселерди өзгөртүшүм керек эмеспи?» — деп ойлон (Накыл 27:12). Бирок айрым учурларда дал ошол кыйынчылыктар койгон максатыбыз биз үчүн кол жеткис экенинен кабар бериши мүмкүн. Эгер сенин жагдайың да ушундай болуп жатса, максатыңа жете алар-албасыңды аныкташ үчүн, ал тууралуу дагы бир жолу ойлонуп көр d. Колуңан келбей турган максатка жете албаганың үчүн Жахаба сени эчтекеге жарабаган бирөө деп эсептебейт (2 Кор. 8:12).

17. Буга чейин эмнелерди кылганыбыз жөнүндө эмне үчүн эстеп жүрүшүбүз керек?

17 Ийгиликтериңди унутпа. Ыйык Китепте: «Кудай... эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— деп айтылат (Евр. 6:10). Сен да унутпашың керек. Мисалы, буга чейин Жахаба менен достук мамиле өрчүтүп, башкаларга ал жөнүндө айтып, чөмүлгөндүрсүң. Ушулар жөнүндө ой жүгүрт. Мурун рухий максаттарга умтулуп, аларга жеткениңдей эле, учурдагы максаттарыңа да умтула аласың (Флп. 3:16).

Сапардан рахат ал (18-абзацты карагыла)

18. Максатыбызга бет алып баратканда эмнени эске алышыбыз кажет? (Сүрөттү да карагыла.)

18 Кайыкчы көздөгөн жерине жетип, сүйүнгөндөй эле, Жахабанын жардамы менен сен да көздөгөн максатыңа жете аласың. Кайыкчылар сүзүп баратканда табияттын кооздугуна суктанарын да эсиңден чыгарба. Ошол сыяктуу эле, рухий максатыңа бет алып баратканда Жахабанын сага кантип жардам берип жатканын, батасын төгүп жатканын байкап, ошондон рахат ал (2 Кор. 4:7). Эгер багынбасаң, өзүң ойлогондон да чоң баталарды аласың (Гал. 6:9).

126-ЫР: Сергек, бекем, күчтүү бололу

a Биз рухий максаттарга умтулууга дайыма үндөлүп турабыз. Алдыбызга кандайдыр бир жакшы максат коюп, бирок ага жете албай жатсак, эмне кылсак болот? Бул макалада максаттарыбызга жеткенге жардам берген бир нече сунуш каралат.

b ТҮШҮНДҮРМӨ: Жахабага толук кандуу кызмат кылып, анын жүрөгүн кубантыш үчүн кызматыбыздын сапатын жакшыртканга бүт күчүбүздү жумшаганыбыз туура. Рухий максат өз ичине ушуга умтулууну камтыйт. Алсак, сен Кудайга жаккан сапаттарды өстүрөм же кызматымды кайсы бир жактан жакшыртам деп максат коюшуң мүмкүн. Аларга Ыйык Китепти окуу, өздүк изилдөө же кабар айтуу кириши ыктымал.

c «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» деген китептин 10, 11-беттериндеги 4-абзацты карагыла.

d Көбүрөөк билиш үчүн «Өзүңө талап коюуда эстүүлүк көрсөтүп, кубанычыңды сакта» деген макаланы карагыла («Күзөт мунарасы», 2008-ж., 15-июль).