Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Келечек жөнүндөгү чындык

Келечек жөнүндөгү чындык

Келечегибиз кандай болот деп ойлонгон учуруңар болду беле? Ыйык Китепте жакында ар бир адамга таасир эте турган окуялар болору айтылат.

Иса «Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын» кантип биле аларыбызды түшүндүргөн (Лука 21:31). Ал башка нерселер менен бирге чоң согуштар, катуу жер титирөөлөр, ачарчылык, жугуштуу оорулар болорун айткан. Биз буга күбө болуудабыз (Лука 21:10—17).

Ыйык Китепте адамдардын башкаруусунун «акыркы күндөрүндө» жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү жаман адамдар көбөйөрү да айтылган. Ал тууралуу 2 Тиметей 3:1—5-аяттардан окуй аласыңар a. Көптөрдүн маанайы, иштери ушундай экенин көргөндө так эле Ыйык Китепте жазылгандай болуп жатканына кошуларыңар шексиз.

Бул эмнени билдирет? Кудайдын Падышалыгы жашоону жакшыртуу үчүн чоң өзгөрүүлөрдү кыла турган убак жакындап калды (Лука 21:36). Ыйык Китепте жазылгандай, Кудай жерге жана адамзатка байланыштуу жакшы нерселерди убадалаган. Алардын айрымдарына токтололу.

ЖАКШЫ БИЙЛИК

«Ага [Исага] бардык элдер, улуттар, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөр кызмат кылышы үчүн, ага бийлик, даңк, падышалык берилди. Анын бийлиги — кылымдан кылымга созула турган бийлик, падышалыгы — кыйратылбай турган падышалык» (ДАНИЕЛ 7:14).

Бул эмнени билдирет? Кудай орноткон бүткүл дүйнөлүк мыкты өкмөт башкарганда, жашоодон кубаныч аласыңар. Кудай анын Падышасы кылып Уулун дайындаган.

ЧЫҢ ДЕН СООЛУК

«Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт» (ЫШАЯ 33:24).

Бул эмнени билдирет? Оору-сыркоо деген эмне экенин билбей, түбөлүк жашайсыңар.

ТЫНЧТЫК ТОЛУГУ МЕНЕН ОРНОЙТ

«Ал жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (ЗАБУР 46:9).

Бул эмнени билдирет? Согуш да, анын айынан болгон азап-кайгы да жок болот.

ЖЕР БЕТИ ЖАКШЫ АДАМДАРГА ТОЛОТ

«Ыймансыз жок болот... Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат» (ЗАБУР 37:10, 11).

Бул эмнени билдирет? Жаман адамдар жок болуп, Кудайдын тилин алгысы келгендер гана калат.

БҮТ ЖЕР БЕТИ БЕЙИШКЕ АЙЛАНАТ

«Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет» (ЫШАЯ 65:21, 22).

Бул эмнени билдирет? Бүт жер жүзү кооз болот. Ошол убакта Кудай биздин: «Жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деген тиленүүбүзгө жооп берет (Матай 6:10).

a Ыйык Китептин онлайн түрүн www.dan124.com/ky сайтынан окуй аласыңар.