Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык

Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү чындык

Иса Машаяк жолдоочуларына Кудайдан: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүнү үйрөткөн (Матай 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы деген эмне? Учурда ал эмнелерди кылууда? Эмне үчүн ал жөнүндө тиленишибиз керек?

Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы

Лука 1:31—33: «Уул төрөйсүң, атын Иса коёсуң. Ал улуу болот, Эң Жогорку Кудайдын Уулу деп аталат. Жахаба Кудай ага атасы Дөөтүнүн тактысын берет. Ал Жакыптын үйүнө түбөлүккө Падыша болот, анын Падышалыгынын акыры болбойт».

Иса, негизинен, Падышалык жөнүндө кабар айткан

Матай 9:35: «Иса бардык шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырып, синагогаларда элди окутуп, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды таратып, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү».

Иса шакирттерине Падышалык башкара турган убак жакындап калганын билүүгө жардам бере турган белги тууралуу айткан

Матай 24:7: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот».

Исанын шакирттери Падышалык жөнүндө дүйнө жүзү боюнча жарыялоодо

Матай 24:14: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет».