Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыркы күндөр эмненин акыркы күндөрү?

Акыркы күндөр эмненин акыркы күндөрү?

Акыркы күндөр эмненин акыркы күндөрү?

«АКЫРКЫ... күндөр», «акыркы мезгил». Бул сөз айкаштары Ыйык Китептен мурунтан бери эле белгилүү (2 Тиметейге 3:1; Даниел 12:4). Мындан 2 500 жылдан ашуун убакыт мурун Даниел пайгамбар дүйнөлүк державалар жөнүндө жана алардын ортосундагы «акыркы мезгилге» чейин улана турган касташуу жөнүндө бир нече аян көргөн. Ага бул аяндардын мааниси акыркы күндөрдө ачылып берилери айтылган (Даниел 8:17, 19; 11:35, 40; 12:9). Ошондой эле Даниел пайгамбар мындай деп жазган: «Ошол падышачылыктардын убагында асмандагы Кудай түбөлүк кыйрабай турган бир падышачылыкты орнотот, ал падышачылык башка элге берилбейт. Ал бүт падышачылыктарды кыйратат, талкалайт, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

Ыйса Машайак өзүнүн катышуусун жана «дүйнөнүн акыры келип калганын кандай белгилер аркылуу билсе болору» жөнүндөгү суроого жооп берип жатканда, «акыры» деген сөздү колдонгон (Матай 24:3—42). Даниел пайгамбар да, Ыйса да бир нерсенин аягы жөнүндө — жер шарында жашап өткөн жана жашап жаткан адамдардын баарына таасир эте турган чоң өзгөрүү жөнүндө — айткан. Даниел пайгамбар жердеги бардык өкмөттөрдүн акыры тууралуу жазса, Ыйса «дүйнөнүн акыры» тууралуу айткан.

Бул силерди кызыктырышы керекпи? Албетте, бул баарын кызыктырышы керек. Анткени акыркы күндөр ар бир адамга таасир этүүдө. Бирок көптөр буга кайдыгер карайт. Ыйык Китепте алдын ала мындай деп айтылган: «Акыркы күндөрү өздөрүнүн дене кумарлары боюнча иш кылган шылдыңчылдар келерин билип койгула. Алар: „Анын келем деген убадасы кана? Ата-бабаларыбыздын деле көзү өтүп кетти, башында кандай болсо, азыр деле баары ошол бойдон“,— деп айтышат» (2 Петир 3:3, 4). Ооба, бүгүн кээ бирөөлөр мындай тарыхта мурун деле болуп келген, азыр да ошол кайталанууда, келечекте да эч нерсе өзгөрбөйт деген ойдо.

Биз чынында эле Ыйык Китепте акыркы күндөр деп аталган убакта жашап жатабызбы? Келгиле, мунун далилдерин карап көрөлү.