Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыз алуу чынында эле зарылбы?

Карыз алуу чынында эле зарылбы?

Карыз алуу чынында эле зарылбы?

«КОЛУҢДА жок акчаны коротпо». Бүгүнкү күндө карызга акча алуу көптөр үчүн көнүмүш адатка айлангандыктан, АКШнын мурунку президенти Томас Жефферсондун жогорудагы кеңешин эскирип калган деп айтууга болобу?

Көптөгөн өлкөлөрдө эмгек акы баалардан төмөн келет, ал эми инфляция чогулткан акчанын наркын түшүрөт. Ошондой эле экономикалык абал адамдын баалуулуктарга болгон көзкарашына таасир тийгизет. Ошентсе да чынчыл болуу маанилүү. Салык төлөөдө алдоо, карыз төлөөдөн качуу боло жүргөн нерсеге айлангандыктан, абийирди таза сактоо оңойго турбайт. Ошондуктан адамдар экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүүнүн жолун табууга умтулуп жаткан учурда күн сайын экономика жөнүндө көп талкууланары, гезит-журналдарда, телевизордо кантип акча тапса, аны кантип сактаса болоруна байланыштуу кеңештердин арбын болгону таң калыштуу эмес. Ошол эле учурда сен өзүңө да, үйбүлөңө да кантип кам көрүү керектигин ойлогонуң туура (1 Тиметейге 5:8).

Салыштырмалуу аз эле кишинин экономикалык абалы туруктуу болгондуктан, үйбүлөңдү кыйынчылыктардан коргоо үчүн эмне кылсаң болот? Алгач маанилүү бир нерсеге көңүл буралы.

Чоң карызга батуудан кач

Айрымдар эмне үчүн карыз алышат? Буга дайыма эле оору сыяктуу кыйын жагдайлар себеп боло бербейт. Кайсы бир буюмдарга ээ болуу каалоосу абдан күчтүү болушу мүмкүн. Анткен менен карыз алууну туура эмес деп айтууга болбойт. Алсак, батирге төлөгөнгө караганда, насыяга (кредитке) алынган үй үчүн төлөө жакшыраак болушу ыктымал же бул машине сатып алуу үчүн зарыл болушу мүмкүн. Албетте, үйбүлө башчысы үйдөгүлөрүнүн бактылуу болушун каалайт. Ал жакшы күйөө, жакшы ата болгусу келет. Ошондой эле ал үйбүлөсү эл катары, эч нерседен кем болбой жашашы керек деп ойлойттур.

Көңүлгө жаккан, бирок анча зарыл болбогон буюмду сатып алуу үчүн карызга акча алуу азгырыгы пайда болушу мүмкүн. Албетте, жаңы буюм сатып алуу баарына эле жагат. Кооз кийим, жаңы буткийим же жапжаңы машине кимге эле жакпасын? Же ким жакшыраак үйгө ээ болууну каалабасын? Бирок сак болуу керек. Бизнесмендер элге анча зарыл болбогон же сатып ала албай турган товарларды таңуулап, көп пайда көрүшөт.

Ошондой эле дайыма карыздарды төлөй берүү үйбүлөдөгү мамилелерди бузуп, чыр-чатакка, көңүл калууга алып келиши мүмкүн экенин эсиңден чыгарба. Драматург Генрик Ибсен: «Үйбүлөлүк жашоо насыя менен карызга негизделе баштады дегиче, өзүнүн эркиндигин, кызыгын жоготот»,— деп таамай айткан. Карызды өз убагында төлөбөгөн киши ишеничтен чыгып калышы ыктымал. Карызга алган акчаны үстөгү менен төлөөгө караганда коротуу оңой болгондуктан, көптөр сатып алган буюмдарынан өздөрү күткөндөй кубаныч албаганын байкашат.

Адатта, мамлекеттер үстү-үстүнө карыз ала берип, карыздын үстөгү көбөйөт. Бул боло жүргөн нерсеге айланса да, карызга белчесинен баткан өлкөлөрдү тууроонун зарылдыгы барбы? Чоң карыздар элди байытмак турсун, жакырчылыктын өсүшүнө, экономикалык туруксуздукка алып келет. Дания элинин макалында айтылгандай, «жеп алган нанга пул төлөш кыйын».

Бактыга жараша, акчаны эстүүлүк менен коротуу карыздын жүгүн кыйла жеңилдетет. Ошондуктан карызга батпаш үчүн атайын убакыт бөлүп, эмне сатып аларыңды кылдат пландаштыр. Атүгүл гиперинфляция болуп жаткан өлкөлөрдө да арзан баада жана керектүү нерселерди гана сатып алуу менен акчаны үнөмдөөгө болот. Ан үчүн чөнтөккө жараша жашоо, күтө билүү же бир нерселерден баш тартуу талап кылынат.

Өзүңдөн мындай деп сурап көр: «Карыз алсам, үйбүлөмдө кыйынчылыктар пайда болбойбу? Карызды төлөй албай калсам, кандай атка коном?» Кайрадан башкалардын ишенимине ээ болуу үчүн бир топ убакыт талап кылынышы мүмкүн. Буга байланыштуу колдонорлук, даанышман кеңештерди табууга болот. Ыйык Китептин сага жана үйбүлөңө карызга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере алар-албасын карап көрүүгө эмне үчүн болбосун?

Ыйык Китеп сага жардам бере алабы?

Баарынан маанилүүсү, Ыйык Китеп бизге Жахаба Кудайга толугу менен ишеним артууга жардам берет. Арийне, азыркы «оор күндөрдө» баарыбыз жардамга муктажбыз (2 Тиметейге 3:1). Ыйык Жазмада бизге мындай кеңеш берилет: «Дүнүйөкор болбогула, колуңарда болгонуна ыраазы болгула. Анткени Кудай Өзү: „Сени калтырбайм жана таштабайм“,— деп айткан. Ошондуктан биз: „Теңир менин жардамчым, ошондуктан мен коркпойм, адам мага эмне кыла алат?“ — деп, чечкиндүүлүк менен айта алабыз» (Эврейлерге 13:5, 6). Чынында эле, Камкор Кудайыбызга бекем ишеним өрчүтүү кандай гана маанилүү!

Ыйык Китепте ар бир адамдын кандай жашоо өткөрүшү керектиги айтылбаса да, анда эң сонун жетекчилик камтылган. Ыйса Машайак угуучуларын рухийликти биринчи орунга коюуга үндөп: «Рухий муктаждыктарын сезгендер бактылуу»,— деген (Матай 5:3, «ЖД»). Ошондой эле бизге: «Силерге буйруганыбыздай, тынч жашаганга аракет кылгыла, өз ишиңерди кылгыла, өз колуңар менен иштегиле, сырттагылардын алдында туура жашашыңар үчүн, эч нерсеге муктаж болбошуңар үчүн ушундай кылгыла»,— деген кеңеш берилет (1 Тесалоникалыктарга 4:11, 12). Тынч, бейкут жашоо өткөрүү үчүн чөнтөгүбүзгө жараша жашоо керек эмеспи?

Кудай Сөзү туура ой жүгүртүүгө жардам берет. Накыл сөздөр китебинин жазуучусу Кудайдан: «Мени бай да, жакыр да кылба, мени күндөлүк турмушта эң зарыл болгон нан менен камсыз кыл. Ашыра тоюп алып, Өзүңдөн баш тартпайын, „Теңир ким?“ деп айтпайын же жакырданып кетип, уурулук кылбайын, Кудайымдын атын курулай атабайын» — деп суранып, туура көзкарашты чагылдырган (Накыл сөздөр 30:8, 9). Ошондуктан кээде чектелүү каражат менен жашоого туура келсе, уялба. Өздөрүн башкалар менен салыштырган же байлык үчүн өтө эле тынчсызданган кишилердей болуп, бактыңдын материалдык нерселерден көзкаранды болушуна эч качан жол бербе (Матай 6:31—33).

Андан сырткары, Ыйык Китептин жардамы менен жакшы адаттарды өрчүтө аласың. Колуңда болгон нерсеге ыраазы болуп, сарамжалдуу болууга, бирок сараң болбоого үйрөн. Эгер жаш болсоң, чоңдор бир нече жыл бою иштеп тапкан нерселерге бат эле жетем деп ойлобо. Дүнүйөкордуктун кулу болуудан кач. Ыйык Китепте акчанын өзүнөн эмес, акчаны сүйүүдөн сак болуу керектиги мындайча эскертилет: «Баюуну каалагандар азгырылып, торго түшүшөт; кырсыкка жана өлүмгө дуушар кыла турган, көптөгөн акылсыз, зыяндуу кумарларга батышат. Анткени бүт жамандыктын тамыры — акча жандуулук. Акчага кызыгып, кээ бирөөлөр ишенимден четтеп, өздөрүн өздөрү көптөгөн азап-кайгыга салышты» (1 Тиметейге 6:9, 10). Чын эле керек болгон нерселер менен тек гана каалаган нерселердин айырмасын түшүнүү кандай гана маанилүү!

Бирок алган айлыгың өтө эле аз көрүнсөчү? Албетте, кайсы бир нерсени сатып ала албасаң, көңүлүң чөкпөй койбойт дечи. Ошентсе да анча зарыл эмес болгон буюмдар үчүн карызга баткандан көрө, алардан баш тартууга даяр бол. Анткени карыздар сен үчүн оор жүк болушу, атүгүл акча-каражатыңан кол жуудурушу ыктымал. Кылдат пландаштыр жана сарамжалдуу бол. Тажрыйбалуу досуң менен сүйлөшүүнүн аркасында көп пайдалуу кеңештерди алышың мүмкүн. Балким, кайсы бир кесипке үйрөнүү туура болоттур. Жагдай-шартың кандай болбосун, ыйык китептик принциптерге кармануу, рухийликти биринчи орунга коюу жана Жахабага толугу менен таянуу абдан маанилүү экенин эсиңден чыгарба (Филипиликтерге 4:11—13).

Ооба, карыз алуунун пайдасынан зыяны көп. Ошон үчүн: «Карызга батканың — тузакка түшкөнүң»,— деп бекеринен айтылган эмес. Карыздын түйшүгү үйбүлөлүк жашоого, денсоолукка, рухийликке зыян келтириши ыктымал. Карыз адамды ого бетер жакырдантышы мүмкүн. Накыл сөздөр 22:7-аятта мындай делет: «Бай адам кедейге үстөмдүк кылат, карыз болгон адам карыз бергендин кулу болуп калат». Ошондуктан кереги жок карыз алуудан кач. Элчи Пабылдын Ыйсанын жолдоочуларына берген кеңешинде камтылган принциптен биз да пайда ала алабыз. Ал: «Бири-бириңерди сүйгөндөн башка эч кимге эч нерсе менен карыз болбогула. Анткени жакынын сүйгөн адам мыйзамды аткарган болот»,— деген (Римдиктерге 13:8).

Сен жашап жаткан өлкөнүн экономикалык абалына карабай, Кудайдын жаңы дүйнөсүн ишенимдүүлүк менен күт. Жакында адамзат карыз берүүчү, карыз алуучу болуп бөлүнбөй калат. Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында эч ким жакыр болбойт. Себеби Жахабанын: «Ал жардам сурап кыйкырып жаткан жакырды жана жардам берүүчүсү жок эзилгенди куткарат. Кедей менен жакырга ырайым кылат, байкуш кедейлердин жанын куткарат»,— деген убадасы ишке ашат (Забур 71:12, 13). Ошондо жер тургундары эптеп күн көрүүнүн азабын тартышпайт, тескерисинче, «тынч турмушка ыракаттанышат» (Забур 36:11).

[19-беттеги сүрөт]

Painting by Gilbert Stuart. Courtesy Bowdoin College Museum of Art/Dictionary of American Portraits/Dover

[19-беттеги сүрөт]

Томас Жефферсон

[21-беттеги сүрөт]

Чоң карыздар үйбүлөнүн ыркын бузушу ыктымал