Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоодон кечкиң келгенде...

Жашоодон кечкиң келгенде...

Жаштардын суроолору:

Жашоодон кечкиң келгенде...

Жыл сайын миллиондогон жаштар өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылышат. Натыйжада миңдеген жаш өмүрлөр кыйылат. Өспүрүмдөр арасында өзүн өзү өлтүрүү кеңири таралгандыктан, «Ойгонгула!» журналын басып чыгаргандар бул теманы талкуулоону зарыл деп табышты.

«ЖАШАГАНДАН көрө, өлгөнүм артык». Бул сөздөрдү ким айтты эле? Кудайга ишенбеген кишиби? Кудайдан баш тартып кеткен адамбы? Же Кудай таштап койгон кишиби? Булардын бири да эмес. Бул сөздөрдү Кудайга берилген Жунус көңүлү абдан чөгүп турганда айткан * (Жунус 4:3). Ыйык Китепте Жунустун өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылганы жөнүндө айтылбайт. Ошентсе да анын зээни кейигенде айткан сөздөрү кээде атүгүл Кудайдын кызматчыларынын да жандүйнөсү кыйналарын көрсөтүп турат (Забур 33:20).

Айрым жаштардын ушунчалык катуу көңүлү чөккөндүктөн, аларга андан аркы жашоонун маани-маңызы калбагандай туюлат. Алар өздөрүн 16 жашар Лорадай * сезиши мүмкүн. Ал мындай дейт: «Бир нече жылдан бери депрессиям кайра-кайра кайталанып, кыйнап келет. Ошон үчүн өзүмдү өлтүрүү жөнүндө көп ойлоном». Эгерде жашоодон кечкиси келгенин айткан бирөөнү билсең же өзүңө ошондой ойлор келсе, эмне кылсаң болот? Алгач, келгиле, андай ойлор эмне себептен келиши ыктымал экенин тереңирээк карап көрөлү.

Көңүл чөгөттүктүн кээ бир себептери

Адам эмне үчүн өз өмүрүн кыюуну каалашы мүмкүн? Мунун көптөгөн себептери бар. Алсак, биз өзгөчө «оор күндөрдө» жашап жатабыз жана көптөгөн өспүрүмдөргө турмуштун соккусуна, кысымына туруштук берүү кыйын (2 Тиметейге 3:1). Ошондой эле жеткилеңсиздиктен улам айрымдардын жүрөгүндө өздөрүнө, жашоого карата терс ой-сезимдер терең уялап алышы мүмкүн (Римдиктерге 7:22—24). Кээде буга катаал мамиле жасалышы да себеп болот. Айрым учурларда кайсы бир оорудан улам ошондой сезимдер келиши ыктымал. Белгилей кетчү жери, бир өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, өзүнө кол салгандардын 90 пайызынан көбүрөөгү психикалык оорунун кайсы бир түрүнөн азап чеккендер болгон *.

Албетте, эч ким азап-кайгыдан корголгон эмес. Чынында, Ыйык Китепте айтылгандай, «жаратылгандын бардыгы... чогуу онтоп, толгоо тарткан сыяктуу азап тартып жатат» (Римдиктерге 8:22). Кыйынчылыктар жаштарды да кыя өтпөйт. Аларды төмөндө келтирилген нерселер катуу жабыркатышы мүмкүн:

▪ Туугандан, достон айрылуу

▪ Үйбүлөдөгү чыр-чатактар

▪ Окуудагы жетишпегендиктер

▪ Сүйлөшкөн адам менен болгон мамиленин бузулушу

▪ Жаман мамиле (анын ичинде уруп-сабоо же зордуктоо)

Эртеби-кечпи, бардык эле жаштар жогоруда саналып өткөн нерселерди баштан өткөрүшөт. Бирок эмне үчүн айрымдар ушу сыяктуу кыйынчылыктарды башкаларга караганда оңой көтөрүп кетишет? Адистердин айтымында, күрөшкүсү келбей калган жаштар өздөрүн үмүтсүз, жардамсыз калгандай сезишет. Башкача айтканда, алар жагдайын өзгөртүү үчүн эч нерсе кыла албайм деп ойлоп, өздөрүн туңгуюкка камалгандай сезишет. Психотерапевт Кэтлин Маккой «Ойгонгула!» журналына берген маегинде мындай деген: «Көп учурда андай жаштар, чынында, өлгүсү келбейт. Алар тек гана жүрөктү өйүгөн, жагымсыз көңүл оорусунан арылууну каалашат».

Кыйынчылыктан чыгуу мүмкүн эмеспи?

Балким, сага кимдир бирөө «көңүл оорусунан арылууну каалап», өзүн өзү өлтүргүсү келип жатканын айтышы ыктымал. Андайда эмне кылсаң болот?

Эгер досуң катуу кыйналгандыктан өмүрүн кыюуну ойлоп жүрсө, аны жардам издөөгө үндө. Анан бул жөнүндө башкалардын билишин каалабаса да, жардам бере ала турган чоң кишиге айт. Аны менен болгон достугуңдан айрылып калам деп тынчсызданба. Бул жөнүндө билдирүү менен сен кыйын учурда колдоо көрсөткөн чыныгы дос экениңди далилдейсиң (Накыл сөздөр 17:17). Ошондой эле сен анын өмүрүн сактап калышың мүмкүн!

Бирок сага да өмүрдү кыюу жөнүндөгү ойлор келсе, эмне кылсаң болот? «Жардам изде,— деп үндөйт Кэтлин Маккой.— Жүрөгүңдөгүнү кимдир бирөөгө — ата-энеңе, тууганыңа, досуңа, мугалимиңе, диний кызматкерге — сага кам көргөн, айткандарыңа олуттуу карап, кунт коюп уга турган жана сезимдериңди жакындарыңа түшүндүрө алган бирөөгө айт».

Ичиңдегинин баарын ачык айтуу менен эч нерсе жоготпойсуң, тескерисинче, андан пайда гана табасың. Ыйык китептик бир мисалга токтолуп көрөлү. Бир жолу Аюб аттуу адил киши: «Жашоодон жададым»,— деп айткан. Бирок андан кийин: «Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм»,— деп кошумчалаган (Аюб 10:1). Аюбдун көңүлү аябай чөгүп турган жана ал жүрөгүндөгү кайгысы жөнүндө кимдир бирөө менен сүйлөшүү керектигин түшүнгөн. Сен да жетилген досуң менен ачык сүйлөшүп жеңилдей аласың.

Жандүйнөсү кыйналып турган Ыйсанын жолдоочулары кошумча жардамга — жыйналыш аксакалдарынын жардамына — ээ (Жакып 5:14, 15). Албетте, кыйынчылыктарың жөнүндө сүйлөшүүнүн өзү эле аларды чечпейт. Анткен менен аларды талкуулоо оюңду ирээтке келтирүүгө көмөк кылат жана сен ишенген кишинин жардамы менен жакшы чечимге келишиң мүмкүн.

Жагдай-шарт өзгөрөт

Көңүл чөгөттүккө кабылганда абал канчалык оор болуп көрүнбөсүн, убакыттын өтүшү менен жагдай-шарттын өзгөрөрүн унутпа. Башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн забурчу Дөөт мындай деп тиленген: «Үшкүрө берип, аябай чарчадым. Жаткан жеримди ар түнү көз жашым менен жууйм, төшөгүмдү көз жашка чылайм» (Забур 6:7). Бирок ал кийинчерээк: «Сен менин кайгымды шаттыкка айланттың»,— деп жазган (Забур 29:12).

Дөөт жашоодогу кыйынчылыктардын убактылуу эле экенин өз тажрыйбасынан билген. Кээ бир кыйынчылыктар чечилбечүдөй сезилиши ыктымал. Бирок чыдамдуу бол. Жагдай-шарт көп учурда жакшы жакка өзгөрөт. Айрым учурда кыйынчылыктар сен күтпөгөндөй жол менен чечилиши мүмкүн. Же аларды чечүүнүн мурда ойлобогон жолун байкашың ыктымал. Кандай болбосун, жүрөгүңдү өйүгөн көйгөйлөр дайыма эле ошол бойдон тура бербейт (2 Корунттуктарга 4:17).

Тиленүүнүн маанилүүлүгү

Баарынан маанилүүсү — Кудайга тиленүү аркылуу кайрылуу. Сен да Дөөткө окшоп: «Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил. Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр»,— деп тилене аласың (Забур 138:23, 24).

Тиленүү тек гана жеңилдик алуунун жолу эмес. Бул — жүрөгүңдөгүнү Ага төгүшүңдү каалаган асмандагы Атаң менен жылуу пикир алышуу (Забур 61:9). Кудай жөнүндөгү төмөнкү негизги чындыктарга көңүл бурсаң:

▪ Ал сенин эмне себептен азап тартып жатканыңды билет (Забур 102:14).

▪ Ал сени өзүңө караганда алда канча жакшы билет (1 Жакан 3:20).

▪ Ал сен үчүн кам көрөт (1 Петир 5:7).

▪ Жаңы дүйнөдө Кудай сенин «бардык көз жашыңды» аарчыйт (Аян 21:4).

Көйгөй денсоолукка байланыштуу болсо...

Жогоруда айтылып өткөндөй, өзүн өзү өлтүрүү жөнүндөгү ойлор көбүнчө кайсы бир оорунун айынан болот. Эгер сенде да ушундай болсо, жардам издөөдөн тартынба. Ыйса оорулуулардын дарыгердин жардамына муктаж экенин айткан (Матай 9:12). Бактыга жараша, көп ооруларды айыктырууга болот. Дарылануунун аркасында өзүңдү бир топ жакшы сезип калышың ыктымал.

Ыйык Китепте Кудайдын жаңы дүйнөсүндө «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпай» турган убак келери убадаланган (Ышайа 33:24). Ал маал келгиче, жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн колуңдан келгендин баарын жасай бер. Германияда жашаган Хайди да ошентүүдө. «Кээде депрессия жанга баткандыктан, өлүмдү эле ойлоп калчумун,— дейт ал.— Бирок азыр жалындуу тиленүүнүн жана дарылануунун аркасында өзүмдү кыйла жакшы сезип калдым». Сен да ушундай жеңилдик ала аласың! *

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Ушу сыяктуу сөздөрдү Ребека, Муса, Илияс жана Аюб айткан (Башталыш 25:22; 27:46; Сандар 11:15; 1 Падышалар 19:4; Аюб 3:21; 14:13).

^ 5-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 7-абз. Бирок көңүл бурарлык нерсе, психикалык ооруга чалдыккан жаштардын көбү өз өмүрүн кыюуга барбайт.

^ 33-абз. Көңүл чөгөттүк менен күрөшүү жөнүндө көбүрөөк маалыматты «Ойгонгула!» журналындагы «Депрессияга кабылган өспүрүмдөргө жардам» (8-сентябрь, 2001-жыл, ор.) жана «Эмоциялык кыйынчылыктарды кантип жеңүүгө болот?» (8-январь, 2004-жыл, ор.) деген катар макалалардан табууга болот.

[29-беттеги сүрөт/кутуча]

ОЙЛОНУП КӨР

▪ Өмүрүн кыюу менен адам кыйынчылыктарын чечпей эле, башкаларга артат деп айтышат. Бул чынбы?

▪ Жандүйнөң кыйналганда ким менен сүйлөшсөң болот?

Ата-энелер эске алчу нерселер

Айрым өлкөлөрдө жаштар арасында өз өмүрүн кыюу абдан кеңири таралды. Мисалы, Кошмо Штаттарда өзүн өзү өлтүрүү 15—25 жашка чейинки улан-кыздар арасында өлүмгө алып келген себептердин үчүнчүсү болуп эсептелет жана акыркы жыйырма жылдыкта 10—14 жашка чейинкилердин өз өмүрүн кыйышы эки эсеге көбөйгөн. Өзүн өзү өлтүрүүгө көбүнчө психикалык оору менен ооругандар, жакындары өзүн өлтүргөндөр жана мурда өз өмүрүн кыюуга аракет кылгандар барышат. Төмөндө улан-кыздардын өз өмүрүн кыюуну ойлоп жүргөнүн көрсөткөн айрым белгилер келтирилди:

▪ Үйбүлөсүнөн жана досторунан обочолонушу

▪ Тамактануусунун жана уйкусунун өзгөрүшү

▪ Мурун кубаныч тартуулаган иштерге кызыкпай калышы

▪ Кулк-мүнөзүнүн кескин өзгөрүшү

▪ Баңгизатты же спирт ичимдиктерин кыянат колдонушу

▪ Баалуу буюмдарын таратышы

▪ Өлүм жөнүндө көп айтышы же ага байланыштуу нерселерге өтө эле кызыгышы

Психотерапевт Кэтлин Маккой «Ойгонгула!» журналына берген маегинде ата-энелердин жогоруда саналып өткөн белгилерге көңүл бурбай коюшу алардын бирден-бир чоң катасы экенин айткан. «Эч ким өз баласы менен кандайдыр бир жаман нерсе болуп кетет деп ойлогусу келбейт,— дейт ал.— Ошон үчүн айрым ата-энелер көйгөйгө көз жумду мамиле кылышат. Алар өздөрүнө: „Бул убактылуу эле“, „Өтүп кетет“ же „Балам дайыма эле күчөтүп айта берет“,— дешет. Мындай ой жүгүртүү абдан кооптуу. Ошондуктан бардык белгилерге олуттуу көңүл буруу керек».

Уулуң же кызың депрессиянын олуттуу түрүнөн же башка психикалык оорунун айынан жапа чегип жатса, жардам издөөдөн тартынба. Эгерде балаңдын өз өмүрүн кыюуну ойлоп жатканын байкап калсаң, бул жөнүндө өзүнөн сурап көр. Өзүн өзү өлтүрүү жөнүндө бала менен сүйлөшүү аны ошого түртөт деген ой туура эмес. Тескерисинче, көптөгөн жаштар ата-энеси менен бул тууралуу сүйлөшкөндө жеңилдеп калышкан. Эгер өспүрүм өзүн өлтүрүүгө ниеттенип жүргөнүн айтса, ал муну кандайча ишке ашырууну ойлогонун, канчалык кылдат пландаштырганын билгиле. Анын планы канчалык кылдат ойлонуштурулган болсо, ошончолук тез иш-аракет кылуу зарыл *.

Депрессия өзү эле өтүп кетет деп ойлобогула. Өтүп кеткендей сезилсе да, бул көйгөйдүн чечилгенин билдирбейт. Айрым адистердин айтымында, мындай учур өтө коркунучтуу. Эмне үчүн? «Депрессиянын оор түрүнө кабылган өспүрүм алдан-күчтөн тайып, өзүнө кол салууга чамасы келбей калат,— дейт Кэтлин Маккой.— Ал эми депрессия өтүп кеткенде, ойлогонун ишке ашырууга өспүрүмдүн күчү жетиши ыктымал».

Көңүл чөгөттүктүн айынан өспүрүмдөрдүн өмүрүн кыюу жөнүндө ойлошу, чынында эле, өкүнүчтүү. Белгилерге көңүл буруп, иш-аракет кылуу менен ата-энелер жана башкалар көңүлү чөккөн жаштарды сооротуп, алар үчүн өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк боло алышат (1 Тесалоникалыктарга 5:14).

[Шилтеме]

^ 53-абз. Адистер үйдө өлүмгө учуратышы мүмкүн болгон дары-дармектердин же курал-жарактардын болушу балдарды өзүн өлтүрүү коркунучуна көбүрөөк дуушар кыларын да эскертет. Өзүн өзү өлтүрүүнүн алдын алуу боюнча Америка уюму курал-жаракты колдонууга карата мындай деп билдирет: «Үйүндө курал-жарагы барлардын көбү аны „өзүн коргоо“ үчүн сактайбыз дешсе да, андай үйлөрдө курал колдонуунун аркасында өлүмгө учураткан окуялардын 83 пайызы өзүн өзү өлтүрүүнүн айынан болот. Көп учурда мындай өлүмгө куралдын ээси болбогон адамдар дуушар болот».

[28-беттеги сүрөт]

Баарынан маанилүүсү — Кудайга тиленүү аркылуу кайрылуу