Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Көп акча коротпош үчүн...

Көп акча коротпош үчүн...

Көп акча коротушубузга жарнамалардан тышкары, өзүбүздүн каалообуз, адаттарыбыз да себеп болот. Төмөндө акчаны туура сарптаганга жардам берген алты кеңеш каралат.

  1. Көрүнгөндүн баарын эле ала бербегиле. Дүкөндөрдү, базарларды кыдырганды, арзан бир нерселерди сатып алганды жакшы көрөсүңөрбү? Эгер ошондой болсо, көп нерсени сезимге жетеленип сатып алышыңар толук ыктымал. Андыктан сатып аларда шашпай: «Муну алганымдын аркасында зыян тартып калбаймынбы? Алгандан кийин жакшы колдонуу үчүн эмне талап кылынат?» — деп ойлонуп көргүлө. Мурда ойлонбой сатып алып, кийин өкүнүп калган учурларыңарды эстегиле. Бир нерсе алардан мурун баарын жакшылап таразалагыла.

  2. Көңүлдү көтөрүш үчүн эле сатып ала бербегиле. Сатып алган нерсе көңүлүңөрдү бир аз көтөрүшү мүмкүн. Бирок кайрадан маанайыңар чөккөндө, алаксыш үчүн бир нерсе сатып алууну мурдагыдан да көбүрөөк каалай баштайсыңар. Андыктан капа болуп турганда, бир нерсе сатып алгандын ордуна, досуңар менен сүйлөшкүлө же кыймыл-аракетти талап кылган нерселерди кылгыла, мисалы, сейилдеп келгениңер жакшы.

  3.   Көңүл ачыш үчүн эле кыдыра бербегиле. Ири соода борборлорунда кардарлардын көңүлү ачылып, өздөрүн жакшы сезе тургандай шарттар түзүлгөн. Андай борборлорго же Интернетке тек гана көңүл ачыш үчүн кирсеңер да, көргөндөрүңөрдү алгыңар келе башташы ыктымал. Себеби ал жактагылардын көбү адамды кызыктырып, өзүнө тарта тургандай кылып ойлонуштурулган. Ошондуктан дүкөнгө же базарга алам деп чечкен нерсеңерди алыш үчүн гана баргыла жана ошону гана алгыла.

  4. Досторду тандай билгиле. Досторуңардын жашоо мүнөзү, сүйлөгөн сөздөрү силерге таасир этпей койбойт. Эгер досторуңардан кем калбаш үчүн эле көп акча коротуп жатсаңар, акчага, дүнүйө-мүлккө өтө көп маани бербегендер менен достошконго аракет кылгыла.

  5. Кредиттик карталарды акылдуулук менен колдонгула. Кредиттик карталар эртеңки күндү ойлобой соода кылууга шарт түзүп коёт. Ай сайын кредиттик картаңардагы акчаны толуктап турганга аракет кылгыла. Кредиттик картаңардын пайыздык өлчөмүн, төлөмүн билип, арзанын табыш үчүн сунушталган кредиттик карталарды салыштырып көргүлө. Пайыздык өлчөмү, төлөмү жогору болгон, силерге керек эмес кызматты сунуштаган премиум карталарын алгандан сак болгула. Чоң суммадагы нерселерди насыяга алгандын ордуна, акча чогултуп, нак акчага алганыңар оң.

  6. Акчаңарды эсептеп тургула. Эсептеп турбасаңар, акчаңарды көп корото беришиңер мүмкүн. Ошондуктан дайыма акчаңардын эсебин чыгарып, жазып жүргүлө. Кирешеңерди жана мурдагы чыгымыңарды эске алып, бир айдын ичинде канча короторуңарды ойлонуштургула. Чыгымыңарды эсептеп, акчаңарды ойлонуштургандай жумшаган-жумшабаганыңарды текшерип көргүлө. Ишеничтүү досуңардан акча маселесине байланыштуу жакшы билбеген нерселериңерди сурап-билип алгыла.