Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Шайтан

Шайтан

Шайтан чын эле барбы?

«Бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар» (Аян 12:9).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Шайтан жок, ал жөн гана ар бир адамдын ичиндеги жамандык дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Шайтандын чын эле бар экени айтылат. Ал — Кудайга каршы чыккан периште. Ыйык Китепте Шайтан «бул дүйнөнүн башкаруучусу» делет (Жакан 12:31). Ал көздөгөнүн ишке ашыруу үчүн «ар кандай калпты» чыгарып, «жалган керемет-жышаандарды» көрсөтөт (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10).

Ыйык Китептен Кудай менен Шайтандын сүйлөшкөнүн окуй алабыз. Эгер Шайтан ар бир адамдын ичинде болгон жамандык дей турган болсок, анда Кудай ким менен сүйлөшкөн? Кудай өзүнүн ичинде болгон жамандык менен сүйлөшкөнбү? Мындай болушу мүмкүн эмес, анткени Кудайда эч кандай жамандык жок (Мыйзам 32:4; Аюп 2:1—6). Ырас, Шайтан чынында эле бар, ал жөн гана жамандык эмес.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Шайтан, жаман иштерди кылганын жашыргысы келген кылмышкерге окшоп, өзүнүн жок экенине ишендирип, жүзүн жашыргысы келет. Шайтандан коргонуш үчүн, биринчиден, анын чын эле бар экенин билишиңер керек.

 Шайтан каякта жашайт?

«Жер[ге]... кайгы, анткени Ибилис... катуу каары менен түштү» (Аян 12:12).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Шайтан жер астындагы тозокто жашайт деген ойдо. Башкалар болсо ал жаман адамдардын ичинде дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Шайтанды эч кимибиз көрө албайбыз. Ал көзгө көрүнбөгөн чөйрөдө жашайт. Бир убактарда Шайтан, башка ишенимдүү периштелердей эле, асманда жашаган (Аюп 1:6). Бирок кийин Кудай аны жана жин-перилерди асмандан жерге кууп жибергендиктен, Шайтан азыр жерде (Аян 12:12).

Бул анын белгилүү бир жерде жашай турганын билдиреби? Ыйык Китепте Пергам деген шаар «Шайтан жашаган жер» деп жазылган (Аян 2:13). Ал шаарда Шайтанга сыйынуу кеңири жайылгандыктан ошентип айтылган. Шайтан Жер планетасынын кайсы бир бурчунда эле жашабайт. Ыйык Китептен «жер жүзүндөгү бардык падышалыктардын» анын бийлиги астында экенин биле алабыз (Лука 4:5, 6).

Шайтандын адамга зыян келтириши же аны бийлеп алышы мүмкүнбү?

«Бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин билебиз» (1 Жакан 5:19).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Адамдардын көбү жер жүзүн адаштырган Шайтанга алданып, анын бийлиги астында жашап жатышат (2 Корунттуктар 11:14). Мындан адамзаттын дүйнөдөгү абалды эмне үчүн оңдой албай жатканын билүүгө болот.

Ыйык Китепте Шайтан менен анын жин-перилеринин адамдарды бийлеп алганы, кыйнаганы жөнүндөгү окуялар жазылган (Матай 12:22; 17:15—18; Марк 5:2—5).

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Шайтандан коркпой эле койгула. Бирок ал силерди алдап, бийлеп албашы үчүн, анын «айла-амалдарын» билип алышыңар зарыл (2 Корунттуктар 2:11). Ыйык Китептен Шайтандын адамдарды алдап, азгырыш үчүн кандай ыкмаларды колдонорун жана ага жем болуп калбаш үчүн эмне кылыш керектигин билесиңер.

Жин-перилер менен байланышы бар буюмдарыңар болсо, алардын баарынан арылышыңар абзел (Элчилер 19:19). Мындай буюмдарга тумарлар, жин-перилер менен байланышуу, төлгө салуу жөнүндөгү адабияттар, кинолор, ырлар, видеооюндар жана компьютердик программалар кирет.

Жакып пайгамбар: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деген (Жакып 4:7). Ыйык Китепте жазылгандарга кармансаңар, Шайтандын айла-амалдарына алданбайсыңар (Эфестиктер 6:11—18).