Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Панамага саякат

Панамага саякат

ПАНАМА Атлантика менен Тынч океандарын бириктирип турган каналы менен белгилүү. Ошондой эле ал Түштүк жана Түндүк Американы байланыштырып тургандыктан ал жактагы элдерди да бириктирип турат деп айтууга болот. Панамада расасы, маданияты ар кандай адамдар жашашат. Калктын көпчүлүгүн европалыктар менен жергиликтүү элден чыккандар түзөт.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Панама алтын бакасы ургаачысын көргөндө өзүнө көңүл бурдуруш үчүн жана атаандашын коркутуш үчүн алдыңкы буттарын көтөрүп, кыймылдатат

1501-жылы испаниялык изилдөөчүлөр Панамага барып, ал жакта көптөгөн жергиликтүү элдер жашай турганын көрүшкөн. Ал элдердин айрымдары, мисалы, куна эли азыр деле бар. Куна элинин көбү Сан-Блас архипелагында жана Кариб деңизи тараптагы  Панама менен Колумбиянын чек арасынын жанындагы жерлерде жашашат. Алар аңчылык, дыйканчылык кылышат, жыгачтан оюлуп жасалган кайыктарына түшүп алып балык уулашат.

Куна элинин салты боюнча, эркек үйлөнгөндө аялынын үй-бүлөсү менен жашап, аларга кызмат кылат. Аялы кыз төрөсө гана, ал кайындарынан бөлүнүп, үй-бүлөсү менен өзүнчө түтүн булата алат.

Панамада Жахабанын Күбөлөрүнүн 300дөй жыйналышы бар. Жыйналыштар испан тилинен тышкары кытай, англис, гужарати, куна, креол (гаити), нгебере жана панама жаңдоо тилдеринде өткөрүлөт.