Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

  ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

ДНКнын маалымат сактоо жөндөмү

ДНКнын маалымат сактоо жөндөмү

КОМПЬЮТЕР колдонгондор керектүү учурда пайдаланыш үчүн сакталышы керек болгон аябай көп өлчөмдөгү санарип маалымат жаратууда. Окумуштуулар ДНКнын укмуштуудай болгон маалымат сактоо жөндөмүн изилдеп, санарип маалымат сактагыч түзүлүштөрдү жасоо ыкмасын өзгөртүүгө үмүттөнүп жатышат.

Көңүл бурсаңар: Тирүү клеткадагы ДНК миллиарддаган биологиялык маалыматты камтыйт. Европа биоинформатикалык институтунда эмгектенген молекулярдык биолог Ник Голдман: «Биз аны [ДНКны] мамонттордун сөөгүнөн ала алабыз... жана ал жөнүндө көп нерсени биле алабыз»,— деген. Ошондой эле: «Ал аябагандай кичинекей, сыйымдуу жана сактоо үчүн көп нерсени талап кылбайт. Ошондуктан ага маалымат жүктөө, сактоо оңой»,— деп кошумчалаган. ДНК адамдар түзгөн санарип маалыматтарды сактай алабы? Изилдөөчүлөр сактай аларын айтышат.

Окумуштуулар ДНК менен коддолгон текст, сүрөттөр жана аудио файлдар сыяктуу санарип маалыматты синтездешкен. Алар сакталган маалыматтын кодун кийинчерээк 100 пайыз тактык менен чечмелей алышкан. Окумуштуулар ушу ыкманы колдонуу менен 1 эле грамм жасалма ДНКга 30 00 000 CDге баткан маалыматты жүктөсө жана 100дөгөн, атүгүл 1000деген жылдар бою сактаса боло турган күн келерине ишенишет. Балким, келечекте бул системанын жардамы менен дүйнө жүзүндөгү бардык санарип маалыматты сактоо мүмкүн болоттур. Ошондой эле «акыркы үлгүдөгү катуу дисктердин» ордун ДНК ээлеп калаттыр.

Кандай деп ойлойсуңар? ДНКнын маалымат сактоо жөндөмү өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?