Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

  ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кунт коюп угуш үчүн эмне кылыш керек?

Кунт коюп угуш үчүн эмне кылыш керек?

КӨЙГӨЙ

Жубайыңар: «Сен мени уккан жоксуң!» — деп нааразы болот. Силер болсо ичиңерден: «Угуп эле жатам го»,— деп ойлоносуңар. Бирок, чын-чынына келгенде, анын эмне деп жатканын укпашыңар мүмкүн. Ошонун айынан талаш-тартыш чыгат.

Мындай жагдайдан кача аласыңар. Бирок адегенде, угуп жатам деп ойлосоңор да, жарыңар айтып жаткан айрым маанилүү нерселерге эмне үчүн көңүл бурбай калышыңар мүмкүн экенин билип алышыңар зарыл.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Алаксуу же чарчоо, же экөө тең. Балдарыңар чуру-чуу түшүп, үйдүн ичи ызы-чуу, бөлмөнү жаңыртып телевизор да иштеп жатат, силер болсо жумушуңардагы бир көйгөйдү ойлонуп отурасыңар. Анан жарыңар кечинде келе турган коноктор жөнүндө бир нерселерди айта баштайт. Силер макул деп баш ийкейсиңер. Бирок анын эмне деп айткандарын чынында уктуңарбы? Балким, уккан жоксуңар.

Жаңылыш жыйынтык чыгаруу. Жубайыңардын айткан сөздөрүнүн артында бир нерсе жатат деп жаңылыш жыйынтык чыгарышыңар мүмкүн. Бирок чынында анын сөздөрүн ашыкча эле талдап жатышыңар ыктымал. Мисалы, өмүрлүк жарыңар силерге: «Бул жумада аябай көп иштедиң»,— деп айтты дейли. Анын сөздөрүн сын катары кабыл алып: «Буга мен күнөөлүүмүнбү?! Акчаны көп коротуп жатсаң, кошумча иштегенге туура келет да!» — деп бир тиесиңер. Дем алыш күндөрү чогуу эс алууну эле сунуш кылайын деп ойлогон жубайыңар болсо: «Мен сени күнөөлөгөн жокмун!» — деп кыйкырат.

Дароо эле көйгөйдү чечип кирүү. «Кээде жолдошума ички сезимдеримди айткым келет,— дейт Марси *.— Бирок Майк көйгөйдү кантип чечсе болорун айтып кирет. Мен анын көйгөйдү чечип беришин эмес, кандай сезимде болуп жатканымды эле билишин каалайм». Эмне үчүн мындай болот? Себеби Майк жубайы сүйлөп жатканда, көйгөйдү чечүүнү ойлоно берет. Ошондуктан Марсинин айрым сөздөрүн же айткандарынын баарын укпай калат.

Көйгөйдүн себеби эмнеде болбосун, кунт коюп угууга канткенде үйрөнө аласыңар?

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Бүт дитиңерди коюп уккула. Жубайыңар маанилүү бир нерсе жөнүндө сүйлөшөйүн деп жатат, бирок силер аны угууга даяр эмессиңер. Себеби азыр башка нерсени ойлонуп жатасыңар. Эгер ошондой болсо, угуп жаткандай түр көрсөтпөгүлө. Анын ордуна, мүмкүн болсо, кылып жаткан жумушуңарды токтото туруп, жубайыңарды көңүл коюп уккула же жумушуңарды бүткөнчө күтө турушун айтаттырсыңар. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 1:19.)

Сөзүн бөлбөгүлө. Өмүрлүк жарыңар сүйлөп жатканда, сөзүн бөлгөндөн же оюна кошулбай турганыңарды айткандан качкыла. Силерге да сүйлөгөнгө кезек келет. Ага чейин аны кунт коюп уккула. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 18:13.)

Суроо бергиле. Бул жубайыңардын эмнени айткысы келип жатканын жакшы түшүнгөнгө жардам берет. Жогоруда сөз кылынган Марси: «Мага Майктын суроо бергени жагат, себеби ошондо анын айтып жаткандарыма көңүл коюп жатканын билем»,— дейт.

Эмнени айткысы келгенине маани бергиле. Кыймыл-аракетине, көзүнө, үнүнүн тонуна көңүл бургула. «Жакшы» деген сөз айтылганына жараша «Жакшы эмес» дегенди билдириши мүмкүн. Жарыңар: «Сен мага эч качан жардам бербейсиң»,— дегенде, чынында: «Мага сен мени баалап-барктабагандай сезилет»,— деп айткысы келиши ыктымал. Андыктан сөздүн артында жаткан, айтылбаган ойду түшүнгөнгө аракет кылгыла. Болбосо эмнени айткысы келип жатканына эмес, айтылган сөзгө маани берип, талашып-тартышып кетишиңер этимал.

Акырына чейин уккула. Жубайыңардын айткандары жакпай жатса, көңүл бурбай койбогула же басып кетпегиле. Жарыңар силерге нааразычылыгын айтканда, эмне кылсаңар болот? Үйлөнгөнүнөн 60 жылдан көп убакыт өтүп калган Грегорий: «Аны акырына чейин уккула,— деп кеңеш берет.— Өмүрлүк жарыңардын сөздөрүнө маани бербей койбогула. Бул жетилгендикти талап кылат, бирок акыбети кайтпай койбойт». (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 18:15.)

Чындап көңүл бургула. Кунт коюп угуу жөн эле угуп коюуну билдирбейт, бул жарыңарды сүйөрүңөрдү көрсөтүүнүн жолу болуп саналат. Жубайыңардын айткандарына чындап кызыксаңар, аны угууга өзүңөрдү мажбурлабайсыңар, бул табигый эле нерсе болуп калат. Ошондой кылуу менен силер Ыйык Китептеги: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деген кеңешке ылайык иш кылган болосуңар (Филипиликтер 2:4).

^ абз. 9 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.