Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

  ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса

Иса

Иса Кудайбы?

«Кудайды бир да адам көргөн эмес» (Жакан 1:18).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ:

Көптөр Исаны Кудай деп эсептешпейт. Бирок айрымдар Ыйык Китептеги кээ бир аяттарда анын Кудай менен бирдей экени айтылат дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Исанын Кудуреттүү Кудай же Кудайга тең экени айтылбайт. Анда анын Кудайдан төмөн турары так-даана жазылат. Мисалы, Исанын өзү жөнүндө: «Атам менден чоң»,— дегени айтылат (Жакан 14:28). Анда ошондой эле: «Кудайды бир да адам көргөн эмес»,— делет (Жакан 1:18). Исаны көп кишилер көргөндүктөн, ал Кудай болушу мүмкүн эмес.

Исанын алгачкы жолдоочулары аны Кудай деп айтышкан эмес. Инжилди жазгандардын бири болгон Жакан өзүнүн жазгандары тууралуу мындай деген: «Булар Исанын Кудайдын Уулу, Машаяк экенине ишенишиңер үчүн... жазылды» (Жакан 20:31) *.

 Ал качан төрөлгөн?

«Ошол аймакта талаада жашап, түнкүсүн малын күзөткөн койчулар бар эле» (Лука 2:8).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар Рождество деген майрамды 25-декабрда белгилешет. Анткени Иса ошол күнү төрөлгөн деп ойлошот. Дагы бирөөлөр болсо анын туулган күнүн январдын башында белгилешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Исанын кайсы күнү төрөлгөнү жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Анткен менен ал төрөлгөн убакта «талаада жашап, түнкүсүн малын күзөткөн койчулар бар» болгону жазылат (Лука 2:8). Койчулардын декабрда же январда түнкүсүн малын күзөтүп талаада жүрүшү мүмкүн эмес болчу. Эмне үчүн?

Иса төрөлгөн аймакта өзгөчө декабарь, январь айларында суук болот. Жылдын ошол мезгили тууралуу айтылып өткөн Ыйык Китептеги бир аятта: «Элдин баары... жамгыр жаап жаткандыктан, титиреп отурушту»,— делет (Эзра 10:9, 13; Жеремия 36:22). Ооба, ал мезгилде койчулар малын күзөтүп «талаада жашай» алышмак эмес.

Иса чын эле тирилди беле?

«Кудай аны тирилтип алды» (Элчилер 3:15).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар көзү өтүп кеткендердин, анын ичинде Исанын тирилиши мүмкүн эмес дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса шакирттерине өзүнүн «көп кордук көрүүгө жана өлтүрүлүп, үчүнчү күнү тирилүүгө тийиш экенин» айткан (Матай 16:21). Ыйык Китепте анын өлтүрүлүп, тирилтилгенден кийин 500дөн ашык кишиге көрүнгөнү айтылат (1 Корунттуктар 15:6). Ал күбөлөр Исанын тирилгенинен кымындай да шек санашкан эмес. Анын тирилгенине ишенгени үчүн атүгүл өлүүгө да даяр болушкан (Элчилер 7:51—60; 12:1, 2).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ыйык Китепте Исанын өлүмү жана тирилүүсү бардык адамдарга жер бетинде боло турган Бейиште жашоого жол ачканы айтылат (Забур 37:11, 29; Аян 21:3, 4). Иса Машаяктын жана анын Атасынын, Кудуреттүү Жахаба Кудайдын, адамзатка болгон сүйүүсүнүн аркасында бизге жер бетинде бактылуу болуп түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берилген (Жакан 3:16; Римдиктер 6:23).

^ абз. 7 Ыйык Китепте Кудайдын аялы бар деп айтылбайт. Кудай Исаны өзү жалгыз жараткандыктан жана Иса Кудайдыкына окшош сапаттарга ээ болгондуктан «Кудайдын Уулу» деп аталат.