Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Үй-бүлөлүк жашооңор силер күткөндөй болбой калганда...

Үй-бүлөлүк жашооңор силер күткөндөй болбой калганда...

КӨЙГӨЙ

Баш кошконго чейин силерге экөөң тең бири-бириңерге бардык жагынан төп келгендей сезилчү. Бирок үй-бүлө кургандан кийин баары башкача болуп чыгат. Ошондон улам көңүлүңөр сууп, өзүңөрдү кишенделгендей сезип, бармагыңарды тиштеп отуруп каласыңар.

Бирок көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Сууп бараткан сезимдерди кайрадан жандандырууга болот. Келгиле, адегенде жубайлардын көңүл кайттыкка учурашына эмнелер себеп болушу мүмкүн экенин карап көрөлү.

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Турмуштун кыйынчылыктары. Турмуш түйшүктөрүнөн, балдарды чоңойтуудагы кыйынчылыктардан жана кайын журт менен болгон мамилелерден улам жубайлардын бири-бирине болгон сезимдери билинбей муздай башташы мүмкүн. Андан тышкары, күтүлбөгөн кыйынчылыктар болуп калганда, мисалы, акча тартыш болгондо же үйдөн кимдир бирөө өнөкөт ооруга чалдыгып, аны караш керек болуп калганда, жубайлардын оту күйүшпөй, ынтымагы ыдырай башташы ыктымал.

Мүнөзүңөрдүн айырмачылыктары. Сүйлөшүп жүргөн кезде кыз-жигит махабатка мас болуп, төп келбеген жактарына көп деле көңүл бурбай калышы мүмкүн. Бирок үй-бүлө кургандан кийин пикирлешүү, акчаны колдонуу, көйгөйлөрдү чечүү жагынан экөө таптакыр эки башка экенин түшүнүшөт. Башында алар анча маани бербеген ушул сыяктуу айырмачылыктар бара-бара көтөрө алгыс кыйынчылыкка айланат.

Ынактыгыңардын сууп баратышы. Көңүл ооруткан сөздөрдүн, иштердин жана чечилбей калган көйгөйлөрдүн айынан убакыттын өтүшү менен жубайлар сезимдерин ачык айтпай, бири-биринен алыстай башташы, андан да жаманы башка бирөө менен сырдашып, ынак боло башташы мүмкүн.

Куру кыялга жетеленүү. Айрымдар түбөлүккө бир болууну самаган адамымды таптым деген ой менен үй-бүлө курушат. Балкыткан мындай сезим канчалык жагымдуу болбосун, абдан кооптуу. Себеби алар кыйынчылыкка туш болгондо жубайы кыялындагыдай адам эмес экенин түшүнүп, жаңылып калдым деп ойлой башташат.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Жарыңардын жакшы жактарына көңүл топтогула. Ал үчүн жарыңардын үч жакшы сапатын жазгыла. Баракты жаныңарга ала жүргүлө. Балким, аны баш кошкон күнү түшкөн сүрөтүңөрдүн артына кыстарып коёттурсуңар же чөнтөк телефонуңарга жазып алаттырсыңар. Жубайыңар менен эмне үчүн баш кошконуңарды унутпаш үчүн ал сапаттарды эстеп коюп тургула. Анын жакшы жактарына көңүл топтосоңор, ынтымактуу жашап, силерге жакпаган жактарына анча маани бербей каласыңар. (Ыйык Китептеги принцип: Римдиктер 14:19.)

Чогуу болууга атайын убакыт бөлгүлө. Бирге түтүн булатканга чейин, балким, экөөңөр тең бир нерселерди чогуу кылганга убакыт бөлчүсүңөр. Сүйлөшүп жүргөн кезиңерде жолугар күндү күн санап күтүп, көрүшүп турганга убакыт тапчусуңар. Азыр деле ошондой иш-аракеттерди кылганга эмне үчүн болбосун? Жубайыңар менен убакыт өткөрүш үчүн, сүйлөшүп жүргөндөгүдөй эле, атайын бир күндөрдү белгилеп алгыла. Бул силерге бири-бириңер менен ынак болуп, турмуштун ысык-суугуна чыдаганга жардам берет. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 5:18.)

Ачык сүйлөшкүлө. Жубайыңардын кайсы бир сөзү же иши көңүлүңөрдү оорутса, балким, ага көз жумуп коёттурсуңар. Анте албасаңар, коркутуп унчукпай жүрө бербегиле. Анын ордуна, мүмкүн болушунча эртерээк, ошол эле күнү, жубайыңар менен ачык сүйлөшүп, ортодогу келишпестикти чечкенге аракет кылгыла. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 4:26.)

Жубайыңардын кайсы бир сөзү же иши көңүлүңөрдү оорутса, балким, ага көз жумуп коёттурсуңар

Жубайыңардын ниетинен шек санабагыла. Чынында, экөөңөр тең бири-бириңерди атайылап таарынтайын дебейсиңер. Бирок ойлонбой сүйлөп же туура эмес иш кылып, жарыңарды капа кылып алышыңар мүмкүн. Андайда аны атайылап кылбаганыңарга ынандырып, чын жүрөктөн кечирим сурагыла. Анан бири-бириңердин жүрөгүңөрдү оорутуп албаш үчүн өзүңөр да, жубайыңар да эмне кылсаңар болорун сүйлөшүп алгыла. Ошондой эле Ыйык Китептеги: «Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула... Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деген кеңешти колдонгула (Эфестиктер 4:32).

Баары жомоктогудай болот деп күтүп албагыла. Ыйык Китепте турмуш кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болору» ачык эле айтылат (1 Корунттуктар 7:28). Андыктан кыйынчылыктарга туш болгондо жаңылып калыптырмын деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Андан көрө, келишпестиктерди чечүүгө жана «бири-бириңерди айкөлдүк менен кечирүүгө» аракет кылгыла (Колосалыктар 3:13).